ЛЮСТРАЦИЯ – БИЙЛИКТИ ТАЗАЛОО

Мезгил үнү

Акыркы күндөрү турмушубузга "люстрация" деген сөз аралашты. Ооба, анын эмне түшүнүк экенинен көбүнүн эле кабары бар, бирок бейтааныш сөздү аягына чейин түшүнө электер да толтура. Демек, акыркы учурда кызуу талкууну жараткан акаевчил жана бакиевчил кишилерден бийликти тазалоо иши жөнүндө сөз кылабыз.

ЛЮСТРАЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Люстрация – латынча “lustratio” – “курмандыкка чалуу менен тазалануу ыкмасы” дегенди билдирет. Мындайча айтканда, кесиптик, партиялык, диний жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап, белгилүү адамдардын укугу чектелет. Бирок “тазалануу” көбүнчө саясат талаасында өкүм сүрүп келет. СССР учурунда Никита Хрущёв “люстрациянын атасы” деген лакап атка конгон. Анткени ал өзүнө чейинки жол башчы Сталинди катуу сынга алып, жан-жөкөрлөрүн бийликтен четтеткен. “Тазаланууну” баштаган Никита Хрущёв көп өтпөй өзү дагы люстрацияга кабылган. Ошентип, ал партиялык жана мамлекеттик кызматтан баш тартууга аргасыз болгон.
Адатта люстрация бийликке революциялык жол менен келгендер тарабынан ага чейинки саясий душмандарына каршы пайдаланылат. Же, тескерисинче, бийликке коркунуч жараткан адамдарды “тазалай” башташат. Тарыхты барактай, эң белгилүү мисал катары 1920-1930-жылдардагы советтик люстрацияны көрсөтсөк болот. Анда Төрөкул Айтматов жана Касым Тыныстанов өңдүү кыргыздын чыгаан уулдары дагы коммунисттик идеологиянын айынан курмандыкка чалынган.

“ЖЕЛМОГУЗДАРГА ЖАРЫЯЛАНГАН АҢЧЫЛЫК”
Люстрация калың эл арасында “желмогуздарга жарыяланган аңчылык” деген түшүнүктө да тараган. Акыркы жыйырма жылдын ичинде “тазалоо” ыкмасы кайсы өлкөлөрдө кандай жол менен ишке ашканына саресеп салалы.

  • Чехия. 1991-жылы “Коммунисттик режимдин мыйзамсыздыгы жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, бийлик тарабынан 140 миң киши куугунтукка алынган. Анын катарында көбүнчө коммунисттик режим менен тыгыз иш алып барган атайын кызматтын кишилери 5 жылга чейин маанилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган.
  • Польша. 1997-жылы “Люстрация тууралуу” мыйзам кабыл алынган. Мамлекеттик кызматка орношкусу же депутат болгусу келген адам эл алдында, эгерде ага чейин коммунисттик идеяны таратуу менен алектенген атайын кызмат менен иштешсе, аны моюнуна алып, кечирим сурашы зарыл болгон. 2004-жылы польшалык парламенттин төрагасы Юзеф Олексы 1970-жылы чалгындоочулар менен кызматташып жүргөндүгү люстрациялык сот тарабынан аныкталып чыккан. Аны жашырып койгондугу үчүн жаңжал менен кызматынан куулган.
  • Украина. 2008-жылы украиналык юристтер коомдук “Люстрация” уюмун түзүшкөн. Алар 2009-жылы август айында өзүнүн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, ага ылайык "дээрлик ар бир экинчи украиналык мамлекеттик кызматкер КГБ менен кызматташкан" деген аныктама берген.

ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА “ТАЗАЛАНУУ” БАШТАЛАБЫ?
Бизде президент Роза Отунбаеванын кеңешчиси Топчубек Тургуналиев “Люстрация жөнүндө” мыйзамды киргизүү зарылдыгын алгачкылардан болуп жарыялады. Ал эле эмес, жакында “Элдик люстрация кыймылы” деген уюм негизделди. Кыймылдын мүчөлөрү апрель төңкөрүшүнөн кийин бир канча жолу өкмөткө кайрылышып, бир жактуу жооп ала албай келишет. Алар бийликти паракорчулардан, Кыргызстандын жерин саткандардан жана үй-бүлөлүк башкарууну орнотууга салым кошкондордон тазалоо керек деп эсептешет. Эгерде президент Роза Отунбаева бул мыйзамды кабыл алуу жөнүндө декретти чыгарбаса, анда алар бул маселе боюнча элдик референдум өткөрүү үчүн 300 миң колду чогулта башташат. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Акаев, Бакиев жана башкалардан турган 1-топтогулар өмүрүнүн аягына чейин аткаруучу бийлик кызматына келбеши керек. Ал эми алардын айтканын аткарып жүргөндөрдү 5-10 жылга дейре мамлекеттик кызматта иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу керек.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
“Тазалануу” жөнүндө кептер быйылкы жылдын майынан баштап кеңири айтылганына карабай, ал көрүнүш карапайым калкка сары майдай жакканы менен, бийлик төбөлдөрү бүгүнкүгө чейин көрмөксөнгө салып келишет. Албетте, акаевчил жана бакиевчил же баягы эле аткаминерлерден тажагандар чекеден табылат. "Алардын баарын кызматтан шыпырып салып, бийликти тазалап, жаңы адамдарды алып келсек жакшы болот. Эмне, ошолор эле калыптырбы, ордуна иштечүлөр көп” дегендер да бар. “Минтип кайсы бир режимде иштегенсиң деп куугунтуктаган жарабайт, арасында өз ишин мыкты билген адистер да жүрөт” дегендер да жок эмес. Алсак, ошол эле азыркы президент Роза Отунбаева эки экс-президенттин тушунда министрликке чейин көтөрүлгөн. Кечээ эле шайлоодон жеңип чыккан беш лидерди мисал кылсак, алардын төртөө эки бийлик тушунда министрден баштап өкмөт башчылык кызматка чейин көтөрүлүшкөн. Бир гана Өмүрбек Текебаев бир да жолу өкмөттүн курамында креслодо чалкалап, кызматтык орунду ээлебептир. “Ата Мекендин” башчысы Жогорку Кеңештин айланасынан чыкпай 19 жылдан бери элдин таламын талашып, депутаттык менен гана убара болуп жүрүптүр.
“Тазалануу” идеясы ишке ашпас утопия болушу ыктымал. Бул мыйзамды кабыл алдырбоого жан үрөгөндөр болору анык. Анткени бийлик шыбагасынан кур жалак калчулар ого эле көп. Эң маанилүүсү, мындай мыйзам белгилүү топтун кызыкчылыгы үчүн иштеген "куугунтуктоо куралына” эле айланып кетпесе болгону.

Эльвира Караева
politika@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

“ТАЗАЛАНУУ” БОЮНЧА МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНСА,
“КАРА ТИЗМЕГЕ” КИМДИ КИРГИЗЕСИЗ?

Азимбек Бекназаров,
54 жашта, вице-премьер-министр:
– Бизди кара күнгө алып келген эки президентти киргизем. Экөө жетиштүү, куйруктарын кошуп отурсак, туура эмес. Бул мыйзам кимдир бирөөнү жазалоо эмес, элге каршы саясат жүргүзбөсүн жана сабак болсун деген максатта кабыл алынышы керек.

Зинагүл Бегимбаева,
62 жашта, пенсионер:
– Бардыгы ошол заманда иштеген болсо да, алардын күнөөсү жок. “Кара тизмеге” киргендер бийликтин буйругун аткарышкан, өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн эмес да. Мен мындай мыйзамдын кабыл алынышын колдобойм.

Бермет Молдокулова,
28 жашта, музыкант:
– Биринчи кезекте Курманбек Бакиевди киргизмекмин. Акаевди деле айтайын десем, бирок ал кеткенде аянтта эч ким курман болгон эмес. Андан сырткары Бакиевдин учурунда иштеген Мадумаров жана Кулов сыяктууларды тизмеге киргизмекмин.

Талант Намазбеков,
36 жашта, куруучу:
– Кимисин айтарымды билбейм. Бирок бул мыйзам шайлоого чейин кабыл алынышы керек болчу. Анан “Ата Журт” жеңип алгандан кийин алардын кызматта иштөөгө укугу бар. Кудай бердиби, буюрганын кабыл алыш керек да.

Жылдыз Эсентур кызы,
20 жашта, студент:
– “Кара тизмеге” кимди кошорумду айта албайт экенмин. Бирок, тескерисинче, кызматтан алынбаш керек дегендерге Өмүрбек Текебаев менен Феликс Куловду айтар элем. Анткени алар бийликти беш колдой билишип, саясатта такшалып бүтүшкөн.

Гүлнур Абдубали кызы,
18 жашта, студент:
– Мурун иштеген деп эле Жантөрө Сатыбалдиев, Камчыбек Ташиев өңдүү кадрларды кызматтан алуу туура эмес деп ойлойм. Анткени айлык акысы аз болгон мамлекеттик жумушка булардан башка эч ким келбейт. “Кара тизмеге” эч кимди киргизбейм.

Табылды Акеров,
43 жашта, саясат таануучу:
– 6-7-апрелге жоопкерлерди, президент бийлигин бекемдеген сотторду, бир кезде оппозицияга жумуртка ыргыттырган акимдерди кошмокмун. Түндүк-түштүк деп элди бөлгөн саясатчыларды да тазалоо муктаждыгы чыгууда.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
maradona
2010-11-06 14:39:30
Мен Акаевдин озун эмес уйбулоосун Бакиевдин баласын баш кылып бир туугандарын дагы анан азыркылардан Ф.Кулов м.н Байсаловду корсотоор элем.
0
janchar
2010-11-06 17:21:38
Мен бул макалага кооп коментарий жазгым келди.ССР убактан баштайын.
1.ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ 21 жыл 1-секратар болуп турган.21жыл ичинде ондогон лидерлердин козун тазалаган.Анын ичинде Исхак Разаковду Росияга куугунтуктап.жадагалса соогун дагы мекенине алып келдиртпей койг
0
janchar
2010-11-06 17:48:00
2.Аскар Акаев-15жыл ичинде ондогон лидерлердин козун тазалаган.Анын ичинен Эн корунуктуулорун атап кетейин.
Насридин Исанов Коп суммадагы акчанын изин билип калган учун (жол кырсыгы деп олтурулгон.)
Бекмамат Осмонов.Завод Фабрикалар сатылып талкаланганга.озбек унив
0
janchar
2010-11-06 18:31:28
3.Курманбек Бакиев 5жыл ичинде жуздогон адамдарды олтурткон.Бакиев-Кулов тандеминде
Баяман Эркинбаев
Рысбек Акматбаев
Тынычбек Акматбаев
Раатбек Санатбаев анан кийинки жылдары
Дооронбек Садырбаев
Медет Садыркулов
Санжар Кыдыралиев
Руслан Шаб
0
janchar
2010-11-06 18:32:30
Убактылуу окмоттукун убагы келшенде жазам
0
supernurgazy
2010-11-06 19:07:23
Бакиев үчүн өлүм жазасын бериш керек! Таластыктардын ташбороонуна алып өлтүрүш керек! Анан Акылбек Жапаровду да тишин кагыш керек, саясатка кайра сасып келип алыптыр да!
0
antislav
2010-11-08 15:58:16
Ушул бети жок Бекназаровду киргизиш керек.Момоюп алып баардык балээнин астынан чыгат.Аксы окуясы да ушунунун айынан болгон.
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан