26-ИЮЛДАН 1-АВГУСТКА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Кырдаал жашоодогу калыптанган эреже, тартипти өзгөртүүнү талап кылат. Болуп жаткан окуялар тууралуу анализдеп, кайсы багытта иш кылып, эмнелерди өзгөртүү керектигин аныктап алууңуз керек. Жумушта бирөөлөр ишинин жарымын сизге жүктөгүсү келет, макул болбоңуз. Кыймылсыз мүлк сатуу жана сатып алуу ийгиликтүү жүрөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада киреше да кирет, чыгаша да чыгат. Баары бир акчанын эсебин жүргүзүү керек. Урушуп жүргөндөр өз кемчиликтерин түшүнүп, ынтымакка келишет. Жумушта бирге иштешкендер менен өз ара иш тартиби, маяна, кемчиликтер тууралуу сүйлөшкөндө этият болуңуз. Айткандарыңыз жетекчиликке жетип, кысымга кабылууңуз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Үйдө аткаруучу милдеттериңиз көбөйүп, эс алууга убакыт болбойт. Ага карабай иштерди жоопкерчилик менен аягына чыгарасыз. Балдардын жаш курагына туура келбеген нерселер менен алаксуусуна уруксат бербеңиз, болбосо өздөрүнө зыян келтирип алышат. Башка жакта жашаган тааныштардан кызыктуу сунуштарды угасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада көп нерселер өзүңүздүн чечимден, аракеттен көз каранды болот. Эч кимге аброюңузга шек келтирүүгө мүмкүнчүлүк бербеңиз. Өзүңүзгө жаңы имидж түзүңүз. Иште ашыкча иштегениңиз үчүн айлык акча кошуп беришет же сыйлык ыйгарышат. Бирөөлөрдөн тааныштарыңыз тууралуу сырларды угасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)

Өзгөртүүгө болбогон каталар үчүн сарсанаа болбой жаңы жеңиштерге умтулууңуз керек. Чөйрөңүздү идея, кеңеш ала турган активдүү, ишкер, жаратман адамдар менен толуктаңыз. Уюштуруучулук жөндөмүңүз иште же туугандарга керектелет жана бааланат. Ден соолукту чыңдоого убакыт келгенин унутпаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жашоого олуттуу көз карашыңыз, өзүңүздү туура алып жүрүүңүз менен максаттарга жете алганыңыз кубантат. Эми көбүрөөк пайда алып келе турган жаңы иш издеңиз же кызматтан көтөрүлүүгө аракет кылыңыз. Сүйүктүүңүз менен мамиленин жогорку деңгээлге чыгышына эмне себеп болуп жатканы аныкталат. Аллергия жаратуучу тамак-аштан абайлаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Идея, пландарды ишке ашырууга кол суна алган керектүү адамдарды издейсиз. Жумушта ката кетирсеңиз аны башкага шылтабай моюнга алуу керек. Марттык кылып үйдөгүлөрдү кубантып, айткандарын аткарасыз. Төлөп калбоо үчүн бирөөдөн убактылуу колдонууга алган буюмду сындырып же жоготуп алуудан сак болуңуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада сизди жаңылыктар, окуялар таң калтырат. Алардын ичинде акча, документке байланыштуусу болот. Коммерция менен алектенгендерде күтүлбөгөн жерден көбүрөөк киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Керексиз буюм жана ашыкча достордон кутулууну ойлоносуз. Жумушта жетекчиликтин жөнү жок кийлигишүүсү маанайыңызды убактылуу бузат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта сезимдерди билдирүүгө, баш кошууга сунуш киргизүүгө, жаңы нерселерди өздөштүрүүгө ылайыктуу. Стресске кабылбоого аракет кылыңыз, болбосо кан басым көтөрүлөт же эски оору козголот. Бир жакка барууну пландасаңыз акчаңыз жетишеби, керектүү документтериңиз ордундабы, текшериңиз. Соода кылууда алданып калбаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Белгилүү себептерден улам жумуштан суранууга туура келиши мүмкүн. Жакыныңыз же таанышыңыздын жеке жашоосуна көз салып, ал адам менен көп нерселерди талкуулайсыз. Үйдөгүлөрдүн биринин чет өлкөдөн иштеп келүүсү боюнча маселесин чечүүңүздөр мүмкүн. Алыстан келген белекке ээ болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Маанилүү ишиңиз жардам бермек болгон таанышыңыздын убадасына турбагандыгынан бүтпөй калышы мүмкүн. Башка ишеничтүү адамга кайрылыңыз. Чакырган жерге белек көтөрүп барууңуз күтүлүүдө. Диета кармап организмди тазалоого киришсеңиз жакшы. Бойдоктор сөз айткан адамынан оң жооп угушат.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Турак жай, үй-бүлө же мураска тиешелүү маселелер менен салык органына же юридикалык мекемеге барууңуз мүмкүн. Үйдөгүлөр менен пикникке чыгууңуз ыктымал. Иштеги жышыруун кастар чыдамыңызды түгөтүп, алардын биринен кутулуу жолун ойлоп табасыз. Социалдык желе аркылуу таанышкандар реалдуу жолугушууну белгилешет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан