Нурмат Садыров, ырчы: “АТАМ МЕНЕН АПАМДЫН ОРТОСУНДАГЫ КӨПҮРӨМҮН”

Сөзмөр, шайыр, анан шоу-бизнесте көз күйдүргөн бойдок Нурмат Садыров апта каарманы болду. Ал атасы менен болгон мамилеси, унута албай жүргөн табышмактуу кыз, жашоого болгон көз карашы тууралуу ой бөлүштү. Менимче, маек сиз үчүн да кызыктуу болот.

– Салам, Нурмат, акыркы жаңылыгың атаңды элдин алдына алып чыгып тааныштырганың болду, окуя кандай болду?

– Саламатсызбы? Чынын айтканда, талкуу болуп кетти. Атам менен апамды жайлоодон кезиктирип, баракчама видео чыгарган элем, көбү жакшы ойлорун жазышты. Жашоодо жаңылбаган адам жок, мен атамдын каталарын оңдогонго аракет кылып жатам. Атам башка үй-бүлөсү менен жашайт, ал никеден карындашым бар. Биз беш бир тууганбыз, кенжеси менмин. Атам менен апамдын ортосунда мен көпүрөмүн. Башка бир туугандарымдын да атам менен мамилеси жакшы, бирок мен көп барып турам. Атам Токтогулга көптөн бери бара элек эле, чогуу бара жатып ата-бала болуп аябай чечилишип сүйлөштүк. Мен үй-бүлөдө көп ачылып сүйлөшө бербейт окшойм, достор менен көбүрөөк сырдашам. Атама ачылып кеттим.

– Ата-энеңдин кимисине көбүрөөк окшойсуң?

– Экөөнүн тең жакшы жактарын алсам керек. Атам жаш кезинде бою узун, сулууча келген, мөлтүрөгөн жигит экен мага окшогон. Мөлтүрөгөн деп алыпмын го өзүмдү (күлүп). Апам мээримдүү, сабырдуу адам, апамдын сабырын алсам болмок экен, мен чыйпылыктап кетем.

– Ата-эне эки башка жолго түшкөндө бала үчүн кыйын болсо керек...

– Кыйын күндөр өткөн. Агаларым борборго кетип, үйдө 8-класстагы мен, атам, апам үчөөбүз калдык. Үчөөбүз калган үчүн да уруш чыгып кеткен деп койбоюнбу (күлүп). Атам башка үй-бүлөгө кеткенде апам экөөбүз айылдан шаарга Памирден качып келгендей келгенбиз (күлүп). Апам экөөбүз көчмөн жашоону көп көрдүк. Кыйын күндөр болду, бирок ошол күндөр болгонуна ыраазы болом. Ал күндөр ак-караны тааныганга, турмушту билгенге сабак болду. Чыйралдым. Мындай тагдыр бизге эле таандык эмес да, көптөрдүн башына келет. Эң башкысы, ата-энем экөө тең аман, азыр баары жакшы.

– Ушул суроону мага бербей эле койсо деген журналисттин суроосу барбы?

– “Өзүң тууралуу негативдүү комментарийлерди окуп ошолорго жооп бер” деп чакырып калышат, ошол жакпайт.

– Мен “качан үйлөнөсүң?” деген суроодон тажады го деп ойлодум эле...

– Ал суроону элдин баары берет (күлүп). Эми сүйбөй, күйбөй койгон эмесмин. Убагында чоң сезимдер болгон. Ушул теманы жөн эле коёлубу (күлүп)? Жүрөктөгү нерсени эч кимге ачыктагым келбейт. Убакыт шаштырып жатат, ансайын калдаңдап шашып жатам. 30 жашка чыкканда үйүм, унаам, атак-даңкым, баары болгондо 11-классты бүткөн жапжаш кызды алып, аны өзүм каалагандай тарбиялап алам деп ойлочу элем. 30га чыктым. Андай эмес болуп чыкты. Антип үйлөнгүм келбей калганын түшүндүм. Жүрөк каалашы керек экен, менден кичүүбү, улуубу, бою узунбу, кыскабы, акпы, карабы, айтор, ал жүрөк менен өлчөнө турган нерсе экен. 30 жашка чыкканда ушуну түшүндүм. Негизи бала катуу токтолуп калды, мурун тамашалап, күлүп, шайыр жүрчү элем (күлүп). “Кара курсак кампайып тойгон менен, корком, корком, жан дүйнөң ач калууда” деген ыр саптарын айтып өзүнчө эле. Болочоктогу жубайым, кайда жүрөсүң, ай, жолукчу мага тезирээк деп койбоюнбу (күлүп). Досторумдун балдарын көргөндө эзилип кетем, ошол күнү үйлөнгүм келип кетет.

– Нурмат, сенин жамактатып жиберген өнөрүң бар деп уккан элем...

– Тар чөйрөдө достор менен айтышка да түшүп жиберем. Чоң айтышка чыгуу үчүн көп китеп окуп, башка бир дүйнөгө сүңгүш керек. Аракет кылсам, балким, чыкмак...

– Дүйнөлүк аренага чыгуу планыңда болду беле?

– Жок, болгон эмес. Ырчыларыбыз англисче же орусча ырдап сынакка барып жүрүшөт. Сыймыктанам. Бирок мага кыргыздын нукура кайрыктары бар ырлар жагат. Дүйнөнү англисче, испанча ырдап таң калтыра албайсың, бирок кыргыздын кайрыктары менен таң калтыра аласың деп ойлойм. Кыргыздын обондору сакталып калса дейм. Илгертен кыргыз кайгыны, кубанычты, өлүмдү күү менен эле түшүндүрүп койчу экен. Эми күү түшүнгөн ким бар? Тойлордо күү менен эт тартылат, бирок ал күү эмне деп жатат эч ким билбейт. Мен кыргыздын кайрыктары бар обондорду тараткым келет.

– Той деп калдык, ырчылардын кирешеси той эмеспи, бирок байкашымча, быйыл гастролго көп чыктың...

– Элде той болуп турганына эмне жетсин?.. Быйыл жерибизди кыдырып гастролдодум. Антсең “акчаң түгөндүбү, гастролдоп калыпсың” деп жазышты, тойдо ырдасаң “эл кыдырып эл артисти болбойбу, той артисти болуп жүрө бербей” дешет (күлүп). Чынын айтканда, гастролдосоң акча деле түшпөйт, жол азабы, менеджерге, алып баруучуга, тигиге-буга акча төлөйсүң. Бирок гастролдун “кайфы” башка. Мисалы, мен өзүм концертимди алып барып, эл менен сүйлөшүп, тамашалашып, ырдап кадимкидей бугум чыгып калат. Куудулдугум кармап кетет. Тойдо болсо эл тамак жейт же бийлеп жаткан болот, жакшы байланыш болбой калат. Бир окуяны айтайын, Орусиядагы мекендештерге гастролго барып калдык. Бир шаардан экинчи шаарга учмакпыз, рейске кечигип калдык. Башка шаарга барып, андан ары дагы учканга туура келди. Екатеринбург шаарындагы мекендештер саат 20:00дө боло турган концертти кетпей, саат түнкү 02:00гө чейин күтүп отурушуптур. Жүрөгүм толкуду, ыйлагым келип кетти. Кичине балдар жүрдү, кыргыздын үнүнө суусагандар бар экен, 80 жаштагы апа батасын берип кетти. Гастролдун бул ырахатын эч нерсе менен салыштыра албайсың.

– Бир күндө канча тойго ырдагансың? Сенин рекордуң...

– Рекордбу (күлүп)? Бир күндө 12 тойго катышкан учур болгон. Акыркысына беш бармак тартып жаткан учурда барып жетишип калгам. Бир күндө Бишкектеги, Кара-Балтадагы, Балыкчыдагы тойго жетишип ырдаган рекордум да бар.

– Азамат жигит экенсиң, кыздар, илип кетпесеңер болбойт мындай жигитти...

МАЙДА-ЧҮЙДӨ СУРООЛОР

– “Экини алсаң, бирөө бекер” деген жарнамага кызыгасыңбы?

“Бир кызга үйлөнсөң, экинчиси белекке” деген акция болсо катуу кызыкмакмын (күлүп).

– Эгерде “убакыт машинасы” менен мурунку кылымга барып калсаң, заманбап жашоодогу эмнени ала кетмексиң?

– Сизди (күлүп). Телефонумду. Андагы жазышууларымды көрүшсө эл такыр чалкасынан кетпесин. Сиз калдыңыз.

– Адамдын эң сексуалдуу жери?

– Көзү. “Көзүңдөн билип турам” дешет го.

– Тааныштарыңдан мультфильмдин персонажына окшош ким бар?

– Бар, таарынат, айтпай эле коёюнчу.

– Сахнада ырдын сабын унутуп койгон учуруң болду беле?

– Тойдо ырдап жүрүп, жай ырларымдын сөзүн унутуп калган учурларым болгон, анда биринчи куплеттин сөзүн экинчи куплетке чаптап абалдан чыгып кеткем.

– Элдин көңүлүн буруш үчүн уяла турган кандай жоруктарга баргансың?

– “Няшка” деген ырымды жөн эле койбой деп уялам. Күйөрмандарымды бир калыпта жүрүп үйрөтүп алгам да, тиги ырдан улам бир аз кысынам.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Нурмат Садыров: "Алгачкы сүйүүм жубайым болот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adi010891
2021-07-28 19:03:36
Беттиндеги гримди жууп кетирип койсон эле молтуробой каласын
0
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан