Кыргызда таланттуу жигиттер көп. Алардын катарын каарманым Бексултан Алимбеков толуктайт. Ал чыгармачылыгын Түркияда улантып келе жатат. Жакында эле Түркияда өткөн эл аралык фестивалда кыргыз ырчылары 20 мамлекеттин ичинен биринчиликти алышты. Кыргызстандын атынан Азиз Батыров, анын шакирттеринен түзүлгөн “Ынтымак” тобу жана Бексултан Алимбеков чыгышты. Ушул фестиваль жана Бексултан Алимбековдун чыгармачылыгы, өзү тууралуу кенен маек курдук.
Аты-жөнү – Бексултан Алимбеков
Туулган жылы – 1995-жыл, 14-сентябрь
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Суу району
Билими – Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок
Репертуарындагы ырлары – "Аядыңбы?", "Ырдайм жаштыкта", "Ак кайың", "Ата Журтум", "Ыйыгым" жана башка
– Бексултан, жеңиш кут болсун! Алгач жакында Түркияда өткөн эл аралык фестиваль тууралуу айтып берсеңиз.
– Чоң рахмат. 16-20-июлда Түркиянын Ялова шаарында “24-Түрк урууларынын маданий салтанаты” аталышындагы эл аралык фестиваль болуп өттү. Бул фестиваль 1997-жылдан баштап өткөрүлүп келет. Иш-чарада биздин өлкөдөн маданияттын мыкты кызматкери Азиз Батыров, анын шакирттеринен түзүлгөн “Ынтымак” тобу, мен жана Анталия шаарынан кыргыз энелерибиз коштоп, жалпы 16 киши өлкө намысын коргодук. Мен устатым Жамиля Муратованын “Ак кайың”, “Ырдайм жаштыкта”, “Ата Журтум” аттуу чыгармаларын ырдадым. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты. Жыйынтыгында биринчиликти багындырдык.
– Сонун! Дагы көп жеңиштер болсун! Үнүңүз чындыгында сонун экен. Өзүңүз кандай баа бересиз?
– Жогорку бааңыз үчүн чоң рахмат. Антип үнүмө баа берип көргөн эмесмин. Негизги максатым – элди кубандыруу, өзгөчө темаларды ыр аркылуу жеткирип, аларды ойлондуруу, эстетикалык ырахат алуу. Түркияга келгениме 4 жыл болду. Менин тембримди, үнүмдүн кооздугун баалаган түрк музыканттары болду. Менимче, үнүмдүн өзгөчөлүгү тембримде болсо керек, үнүм коңур. Үнүмдү кыргыздар эмес, түрктөр баалашты.
– Жандуу ырдоо оорчулук жаратпайт экен да?
– Ооба, жандуу ырдайм. Бир жолу тойдо ырдасам бир аксакал “фонограмма менен ырдап койдуң” дейт. Буга бир жагынан ардансам, экинчи жагынан сыймыктандым. Жандуу аткарганым фонограммадай жаңырып чыкканына кубандым. – Учурда канча ырыңыз бар?
– Калың элге жарыяланып ырдалып жүргөн 6 ырым бар. Эң сонун кайрыктары менен канат кагууга даярданып жаткан 3 чыгармам турат. Мындан тышкары Жамиля Муратованын обонуна таандык “Ата Журтум” деген ырга Түркияда клип тартканы жатабыз. Буюрса, алдыда элиме тартуулайм.
– Түркияга барып калганыңыз тууралуу айтып бериңизчи.
– Түркияга чыгармачылыгыма өзгөчө түстөрдү кошуу, өзгөчө идеяларды табуу үчүн келгем. Эки элдин музыкалык аспаптарынын коштоосунда жаңы чыгармаларды жаратып, эки тилде ырдап, музыка чөйрөсүндө жаңыланууларды киргизейин деген жакшы тилектерим бар. Экинчи максатым – саякаттоо болду.
80 миллион калкы бар өлкөнүн жарандары, маданияты менен жакындан таанышууну кааладым. Өзүмдү багуу үчүн учурда мейманканада иштейм. Бул жакта апам, эжем болуп турабыз. Чет өлкөдө жашап, иштеп, чыгармачылыкты кошо алып кетүү, чындыгында, оор. Демөөрчүм жок. Тапкан каражатымдын көп бөлүгүн чыгармачылыгыма коротом.
– Чет өлкөдө жашоого тез эле көндүңүзбү?
– Чет мамлекетке чыгып жатканымда өзүмдү психологиялык жактан даярдагам. Эч бир жаран үчүн башка жерге көнүү оңой болбойт. Кудай берген ырыскыны терип жеген да түйшүктү талап кылат. Канчасы келип, чыдабай кайра кетишти. Бирок адам бир нерсени кааласа, аны эч ким токтото албайт. Мен да ырчылыгымды токтоткон жокмун. Ар кандай иш-чараларга, жакшылыктарга барып ырдап жүрөм.
– Түркиядагы концерттерде кандай өзгөчөлүктөр бар экен?
– Бул жакта ар бир концертте профессионалдуу үн режиссёру отурат. Үндөрдүн таралышы, акустикага маани берилип, музыканын, ырчынын үнүнүн тунук чыгышына бардык шарттар түзүлүп берилет. Өзүбүздү угуу үчүн дагы мониторлор коюлат. Ушундай жетиштүү техникалык каражаттар бар болсо, эмнеге фонограмма менен ырдашыбыз керек? Анан да, сөзсүз түрдө эстрадалык ансамблдер коштоп, ырчы жандуу музыканын коштоосунда жандуу ырдайт. Мына ушундай көрүнүш биздин өлкөдө да кеңири тараса деп тилейм.
– Жамиля Муратова устатым деп калдыңыз...
– Ооба, Жамиля эженин жеке мектебинен сырттан сабак алгам. 2017-жылы “Ырдайм жаштыкта” ырын бирге иштеп чыктык. Үнүмдү таптап, көп жакшы кеңештерин айтып келет. Жамиля эженин башка педагогдордон айырмачылыгы – энелик мээримин төгө алганында. Ал даңк-дүңк ырларга эмес, кылым бою жашай турган ырларга маани берет, кыргыз музыкасын жогорку деңгээлге көтөргүсү келген, жаштарга жардам берген бийик инсан. Ушундай легендарлуу композиторго терең таазим этем.
– Мектепти бүткөндөн кийин окууңуз кандай уланды?
– Мектепти бүткөндөн кийин тарых факультетине тапшыргам. Бирок ал жакта мен үчүн башка планетага түшүп калгандай кыйынчылык болду. Жан дүйнөм музыканы каалап туруп алды. Анан 2013-жылы Бишкекке келип, Канат Култаевдин шоу-бизнес долбоорунда окудум. 2014-жылы “Манас” университетине кабыл алындым. Азыр колумдан келишинче кыргыз мекендештерибиздин руханий азык алышына салым кошуп, ансыз да толгон маселелерден элди алаксытайын деп аракет кылып жүрөм. Элиме болгон кызматым бүтпөсүн. Чет мамлекетте жүрсөң, патриоттук ырларды ырдап калат экенсиң. Башка өлкөнүн кооздугу көз жоосун алып турса да өз айылыңдын чаң баскан жолун, ысык нанын, тамак-ашын сагынасың. Баары бир өз жериң өзгөчө бийикте турат экен.– Талант кан аркылуу берилет дешет. Сизге кимден өтүптүр?
– Мен таенемдин тарбиясын алгам. Таенем Эл агартуунун отличниги. Тилекке каршы, 2012-жылы андан айрылып калдык. Таенемдин үнү тунук, ырга шыктуу эле. Ал кайсы жакка барбасын мени жетелеп алчу. Барган жеринде ырдаганын көрчүмүн. Анын таланты аз да болсо мага өткөн көрүнөт. Таенем көзү өтөр алдында “сен сахнага чыгышың керек” деген керээзин айткан. Андан кийин “эмне гана болбосун мен бардык күчүмдү, өмүрүмдү кыргыз сахнасы үчүн арнайм” деген бир жыйынтыкка келдим. Ошол кишинин берген тарбиясы менен чыгармачылык көркөм дүйнөм калыптанып, өз чыгармачылыгымды сахнада көрсөтүп жаткан учурум.
– Сизге ыңгайсыз болбосо, ата-энеңиз тууралуу сурасам...
– Улуулар тагдыр деп коёт. Мен “бул тагдыр” деп тагдырга шылтаганды кабыл ала элекмин. Тагдырды өзүбүз жаратабыз. Атам менен апам эки ажырым жолго түшкөндө мен үч жарым жашта болгон экенмин. Таенем менен таятамдын колунда чоңойдум. Апам “баламды өгөй атага кор кылгым келбейт” деп кийин турмушка чыккан жок. Ошондуктан мен миң жакшы болсом да аздык кылат. Апам өз өмүрүн мен үчүн садага чапкан. Апам үчүн эмне кылсам да аз.
– Жеке жашоодо абал кандай?
– Абал тынч. Мен үчүн сүйүү деген ушунчалык ыйык, маанилүү сезим, ага колумду тийгизгенден да корком. Ичимде гана жашатканга аракет кылам. Жеке жашоомдо азыр чыгармачылык, элиме болгон сүйүү гана жашап турат.
– Сизден дагы да жалаң жакшы жаңылыктарды күтөбүз. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
Перизат Музуратбекова