“ЖЕТЕКЧИМДИН СӨЗҮНӨ ИШЕНИП, 5 ЖЫЛ БЕЙКҮНӨӨ ТҮРМӨДӨ ОТУРДУМ”

Акыйкаттык издеп, өз укугун коргоо үчүн жүгүрүп жүргөндөрдү көп кездештирүүгө болот. Алардын бири Мелисбек Турсуниязов мындан 33 жыл мурун бейкүнөө 5 жылга эркинен ажыратылганын айтат. Арадан кыйла убакыт өтсө да, “киши өлтүргөн” деген атын жокко чыгаруу максатында акыйкаттык издеген жаран биздин редакцияга кайрылып, башынан өткөргөн тагдырын баяндап берди.

“МИЛИЦИЯГА КАРА КУУРАЙ ТЕРИП ЖҮРӨТ ДЕП БИЛДИРИШТИ”

– Мен 1962-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулгам. 1981-жылы аскерге барып эки жыл кызмат өтөгөм. 1986-87-жылдары Фрунзедеги милициянын мектебинде окуп, аны аяктагандан кийин Жумгалдын Миң-Куш айылына участковый болуп ишке орноштум. Ал жерде жакшы иштеп жүрдүм. 1988-жылдын 28-августунда бизге “куралчан 6-7 бала силерге тиешелүү аймакта кара куурай жыйнап жүрөт” деген маалымат келип түштү. Биз жетекчиликке кабарлап, 4 кызматкер талаага барып, аларды кечки 22:00гө чейин күтүп отурдук. Бир кезде алардын унаасы көрүнгөндө жолун тоссок бизди унаасы менен сүзө тургансып качырышты. Артынан кууп жөнөдүк. Бир-эки жолу алдына чыктык, бирок алар бизди сүзүп кетишти. Мен 1-2 жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгардым. Жетекчиликке “башка милиция кызматкерлери жолдон тосуп чыгышсын” деп кабар бердик. Арал деген айылга келгенде алар жаңы салынып жаткан жолго түшүштү. Жол толук бүтө элек болгондуктан бир кезде машинасын таштап качышты. Мен эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, артынан чуркап бара жатканымда алдымдан 2 караанды көрдүм. Бирөө мен жете электе оңго кайрылып чөптүн арасына кирип кетти. Түз баратканына жетип кармап жыгылдым.

“ШЕКТҮҮНҮ АТЫП ӨЛТҮРҮПСҮҢ ДЕШТИ”

– Артымдан кесиптештерим келгенден кийин чөптү аралап кеткенин карасак, көмкөрөсүнөн жаткан экен. Эмне жаракат алганын билген эмеспиз, дароо эле “Тез жардам” чакырып, ооруканага жөнөттүк. Жарым саат өтпөй анын каза болгонун уктук. Болгон жетекчилердин баары келип “атып өлтүрүптүрсүңөр” дешти. Мен ким атышы мүмкүн деп таң калдым. Мен эч кимди аткан эмесмин. Жанымдагылардын бирөө да асманга бир ирет ок чыгарган. Ошол аймакта жашаган бир күбө бир нече жолу ок атылганын угуптур. Бирок ким атканы белгисиз болуп калды. Ошол боюнча кызматкерлердин баары наркологиялык жана башка текшерүүлөрдөн өттүк. Эртеси жумушка келгенде прокурор мурунку күнү жанымда болгон сержант балага “сен атыптырсың” деди. Төртөөбүздө тең Макаров тапанчасы бар болчу. Ага кошумча катары бир сержантка автомат алып бергем, бирок ичинде огу жок болчу. Мен ал сержантты коргоп чыгып, анда ок жок экендигин далилдедим. Эртеси “сен атыптырсың” деп мени камашты.

“ЖАШТЫК КЫЛЫП ЖЕТЕКЧИМДИН СӨЗҮНӨ ИШЕНДИМ”

– Ишти териштирүү үчүн мени камакка алышты. Кармалган баңги балдарга атайын шарт түзүп, менин көзүмчө качырышты. Аларга издөө салымыш болушту да, ишти жабышты. Мени биринчи күнү камакка алганда жетекчим Сүймөналы Курманов “Мелис, моюнуңа ала бер, мен сени камырдан кыл сууругандай сууруп алам, коркпо” деди. Мен “жасабаган ишти кантип моюнума алам?” десем, ал “чуркап бара жатып бутум чуңкурга кирип кетип, мылтыктан ок чыккан, ошол тийген болуш керек деп айт” деди. Мен жаш болгондуктан анын сөзүн айттым, мага “этиятсыздыктан өлтүрүү” деген күнөө тагылды. Ишти териштирген прокурор таанышым болгон үчүн келип, “жогору жактан 1 милицияга күнөөнү оодарып, ишти жапкыла деген буйрук келди” деп ачык айтты. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун төшүнөн кирип, далысынан чыгып кеткен октун калдыктары бизге тиешелүү тапанчанын огу эместиги белгилүү болду. Андан сырткары тергөөчү айрым далил буюмдарды экспертизага жөнөтпөй, туура эмес иш жүргүзгөн. Кыскасы, мени отургузууну максат кылышкан. Негизи баңгилердин бири мени атам деп өз кишисин атып алган.

“БАҢГИЛЕРДЕН БИЛДИРҮҮ КЕЛДИ”

– Соттун өкүмү чыга электе 5-октябрда мени жумуштан бошотушту. Ошол жылдын 6-декабрында “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ошол кездеги 178-берене менен 5 жылга кесилдим. Ар жерде камакта отурдум. Акыры мени Орусиянын Свердлов облусуна алып барышты. Ал жерден 13-колонияга бөлүп кетишти. Кылмышкерлер менин милиция экенимди ошол учурда билишти. Болбосо мени жолдон эле өлтүрүп коюшмак. Алар үчүн милицияны өлтүрүп түрмөгө отуруу сыймык болуп саналат. Түрмөдөн бир киши “Мелис деген сенсиңби?” деди. Ал мени четке чыгарып алып, баңгилердин “сенин күнөөсүз экениңди билебиз, эгер адилеттикке жеткиң келсе унчукпай жет. Биздин изибизге түшө турган болсоң көзүңдү тазалоого мажбурбуз” деген сөзүн жеткирди. Мен алгач түшүнгөн жокмун. Түрмөдө отургандар мага баарын түшүндүрүп беришти. Арыздана турган болсом үй-бүлөмө чейин зыяны тийип каларын билдим. Жанагы “сени камырдан кыл сууругандай чыгарып алам” деген жетекчим кумга сиңип кеткен суудай жок болду. Адам болгондуктан андан үмүттөнгөм.

“КИЙИН ЖЕТЕКЧИМЕ ЖОЛУКСАМ...”

– Түрмөдөн 1993-жылы чыктым. Бирок өзүмдү актоого ашыккан жокмун. Анткени, жогоруда айткандай, баңгилерден эскертүү бар эле. Түрмөгө отурганга чейин үч балалуу болгом. Үйүм жок болгондуктан бир туугандарым Бишкектен үй алып берип, учурда ошол үйдө жашап келем. Туруктуу жумушум жок болгондуктан түрдүү жумуштарда жалданып иштеп келе жатам. Түрмөгө отурганымды уккандан кийин жумушка алышпайт. “Баягы киши өлтүргөн сен белең? Кантип өлтүрүп алдың эле?” деп киши өлтүргүч көрүшөт. Элден четтеп калдым. 2012-жылы досум Күмүшбек Ыбыкеевдин демилгеси менен ишти кайра козготтук. Ал менин жактоочум болду. Себеби акталышым керек болду. Киши өлтүргүч деген атымды жууш үчүн кеминде 1 ай болсо да ИИМде иштешим керек эле. Баягы жетекчиме барып жолуксам “билбейм, көп убакыт өтүп кетти” деп моюнга албай койду. 5-6 жыл мурун ал кишинин да көзү өтүп кетти.

“АКТАЛДЫМ, БИРОК УКУГУМ ТЕБЕЛЕНҮҮДӨ”

– 2012-жылдан 2019-жылга чейин Нарын райондук сотунан тарта Жогорку Сотко чейин толугу менен акталдым. Бирок ИИМге жумушка кайра орношо албай калдым. Алар арадан 28 жыл өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошотуу боюнча буйрук жокко чыгарылбайт деп айтышты. Негизи мындай мыйзам жок. Акталгандан кийин дароо мурунку ордума иштешим керек эле. Же жашым өтүп кетсе ошол жылдарды эсептеп мени пенсияга чыгарышы керек болчу. Моралдык зыянды да өндүрө албай жатам. Бизде өлкөдө акыйкаттык жок, соттор бийликтин буйругун аткарышат. Же болбосо буларга чоң акча бериш керек. Президенттерге чейин кайрылдым, бирөө да кабыл алган жок.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Taalaibek.
2021-07-26 17:13:38
Биз корбой жээ укпагандан кийин эч нерсе айта албайт экенбиз да. Чын калпын бир Аллах билет. Баардык нерсени бир Аллахтан гана сура.
+2
Jamalym
2021-07-30 03:14:32
Taalaibek.,сенсиребей сиз деп сылык кайралсаныз.
+4
Gulina90
2021-07-26 20:34:03
Ар Бир иш учун Аллах алдында жооп берер Кун келет.
+7
Altyn10076
2021-07-28 08:45:03
Мент деген баары бир мент
+2
Isikkolumkeremet
2021-07-28 10:54:10
Бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей кээ бир акмак мент болумуштврдын айынан кобу жапа чегип атышат.окунучтуусу ушундай бузулган коомдо коруп билип аралашып жашап жатабыз.кайдигер болдук...таба эмес.тобо дейли.
+6
Jamalym
2021-07-30 03:15:29
Чындыкты суйлогон адам болсо мумкун ошентип кутулушкан окшойт бул байкеден кесиптештери же жетекчиси.
+2
Kona8631
2021-07-31 17:20:47
Бул бийлике баланыз чыгышы керек..хайп аркылуу чечкенди жакшы корот бироо
+1
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан