– Түндүктү көтөрүү талабы менен көптөгөн кайрылуулар болду деп жатасыз. Комплекс ачылгандан бери өткөн 8 жылдын ичинде коом тарабынан мындай талаптарды уга элекмин. Түндүк жерде жаткан эмес, бийиктиги жарым метрден кем эмес мраморго орнотулган. Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсү түбөлүктүү үй, ал эми түндүк бул үйдүн чатыры. Эң негизгиси, Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүктүн айынан элибизде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экендигинен шек санайм. Сиздин сөзүңүз боюнча түндүк ырыгытылган эмес. Мына сиз ансыз деле ачык эле калп айтып жатасыз. Мүрзөдөн алынган түндүк комплекстин жанындагы жерге ыргытылган,- деп билдирген Аскар Айтматов түндүктүн жерде жаткан сүрөтүн жарыялаган.
Эскерте кетсек, буга чейин “Ата-Бейиттеги” түндүктү белгисиз бирөөлөр ордунан алып салышканы тууралуу маалымат тараган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түндүк атайын алынганын, аны мурдагыдан бийигирээк кылып орнотуу пландалып жатканын билдирген. Муну “түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу үчүн” деп түшүндүргөн эле.
Жолдубек Качкынбаев