“Тумар” радиосунун ди-джейлери түз эфирде 30 саат сүйлөп, Орто Азия боюнча рекорд коюшту! 30 саат бою ди-джейлер Азамат Эркинбаев, Элиза Кененбаева, Лейла Рахимова элдин маанайларын көтөрүштү. Саат сайын мейманга жылдыздар келишип, колдоо көрсөтүп жатышты. Акциянын тушоосун Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова кести. Таң атпай гезитибиздин президенти Шаиста Шатманова да барып, куттуктап кайтты. Ошондой эле Мирбек Атабеков, Омар, Урмат Усенов, Неля, Бактыгүл Бадыева, “Non-stop” тобу, атүгүл алыстан ырчы Согдиана да конокко келди.
30 сааттык эфир убагында көптөгөн оюндар ойнотулуп, белектер таратылып жатты. Акциянын башкы өнөктөшү Beeline байланыш түйүнү тарабынан оюндун жеңүүчүлөрүнө белектер ыйгарылды. Андан сырткары жылдыздар виртуалдуу түрдө бирдик чогултушту. Канча бирдик топтолгонун туура тапкан акыркы оюнчунун телефонуна “Тумардын” өнөктөшү 3000ден ашык бирдик салып берди.
Ди-джейлер чарчап, уйкулары келип турса да, угармандарга сыр билгизишкен жок.
Ооба, “Тумар” радиосу бул рекордду өздөрүнүн сүйүктүү угармандарына арнады. Ди-джейлер: “Бул дагы чек эмес. Кийинки жылы дүйнөлүк рекорд койгонго аракет кылабыз”,- деп cөз беришти.