ТАЖИКСТАН ПАМИРДЕН КАЧЫП КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРДЫ КАЙРА ООГАНСТАНГА ӨТКӨРҮП БЕРДИ

Тажикстан өткөн аптада Кичи Памирден качып келген этникалык кыргыздарды 17-18-июль күндөрү кайра Ооганстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Тажикстандын чек ара кызматынан билдиришти.

14-июлда Ооганстандагы согуштук кырдаалдан улам 347 памирлик кыргыз Тажикстандын аймагына качып өткөнү кабарланган. Мындан кийин Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги качкындарды Тажикстандан Кыргыз жерине алып келүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп БУУнун Качкындардын иштери боюнча тийиштүү башкармалыгына кайрылган эле. Ошондой эле качкындарды тоскоолдуксуз Кыргыз-Тажик чек арасына чейин алып өтүүгө жардамдашууну өтүнүп Тажикстандын ТИМине дагы нота жөнөткөн.

– Бул маселе Кыргыз президентинин көзөмөлүндө. Өлкөнүн жооптуу органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. ТИМ качкындарды алып келүү боюнча Тажик өкмөтү жана БУУнун башкармалыгы менен зарыл болгон иштерди жүргүзүп жатат,- деп билдирген ТИМ.

Бул арада өлкөдө качкындарды жайгаштырып, аларга шарт түзүүгө даярдыктар жүрүп жатканы да маалымдалган. Айтор, памирликтерди алып келүүнү көздөп жатышкан. Бирок Тажикстан памирлик кыргыздарды Кыргызстанга өткөрүп берүүнү эмес, кайра Ооганстанга кайтарып жиберүүнү туура тапты. Алардын коопсуздугу канчалык корголору бүдөмүк. Бул окуя дагы Тажикстан бийлигинин Кыргызга карата ниетин, көз карашын ачыктап бергендей болду.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан