АКШда жашап-иштеп, спорттук карьерасын өнүктүрүп келе жаткан кыргыз мушкери, Cage Fighting Fury Championship (CFFC) уюмунун чемпиону Зулкарнайн Камчыбеков 16-сентябрда биринчи жолу чемпиондук наамын коргойт. Анын атаандашы америкалык мушкер Блэйк Смит болмокчу. Мушкерлер жеңил салмак ченинде октагонго чыгат.
Эске салсак, Камчыбеков ушул жылдын 2-апрелинде Филадельфия шаарында өткөн CFFC 95 турниринде америкалык Жесси Смитти 2-раундда техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курду тагынган.
Динара Акимова