КИКБОКС, ТАЙ БОКС, САМБО ОЛИМПИАДАЛЫК СПОРТТУН КАТАРЫН ТОЛУКТАДЫ

Эл аралык олимпиадалык комитет спорттун 6 түрүн тааныды. 20-июль күнү комитеттин кезектеги сессиясында самбо, чирлидинг, лакросс, айсшток, кикбокс жана тай бокс спорттун олимпиадалык түрү деп кабыл алынды. Эл аралык олимпиадалык комитеттин чечимине ылайык, аталган федерациялар географиялык статусуна жана катышуучулардын талаптарына жооп берет.

Бирок бул кабыл алуу аталган спорттун түрлөрү дароо Олимпиада оюндарынын түрлөрүнө кошулду дегенди туюндурбайт. Алсак, топ менен ойнолчу хоккей 2004-жылы эле спорттун олимпиадалык түрү деп кабыл алынган, бирок иш жүзүндө азыркыга чейин оюндардын катарына кошула элек.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан