Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында жадыбал боюнча спорттун күрөш түрү 1-августта башталып, 7-августка чейин созулат. 1-3-августта грек-рим жана кыздар күрөшү өтсө, 4-августта эркин күрөш башталат.
Кыргызстандын атынан жалпы тогуз балбан намыс талашат. 1-августта алгачкылардан болуп 60 килограмм салмактагы грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков жана кыздар күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы килем үстүнө чыгат.
Ал эми айтылуу балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 3-августта күрөшөт.
Динара Акимова