Эрлан Андашев, ырчы: “ЖУБАЙЫМА АЛТЫН, БРИЛЛИАНТ БЕЛЕК КЫЛЫП ТУРАМ”

“Жаным, жаным”, “Кечир мени”, “Эркелетейин”, “Ооба, билем”, “Уяласың го”... Айтор, баары хит. Эрлан Андашевдин алыскы АКШда минтип хит артынан хит жаратып, чыгармачылыкта кызуу эмгектенип жатканына жубайы Перизат Копобаеванын да салымы чоң болсо керек. Алыстан кыргыз элине салам жолдогон түгөйлөр биздин “Жан шерик” рубрикабызда конокто.

– Арыбаңыз, Эрлан мырза! Чыгармачылыкта тынымсыз эмгектенип жатасыз. Учурда кандай жаңылыктар бар?

– Буюрса, жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп жатабыз. Жакында Чикаго шаарында тартылган клибибизге күбө болосуздар.

– Саламатсызбы, Перизат айым? Кичинекей жакшыбы?

– Саламатчылык. Баары жакшы, Кудайга шүгүр. Кичинекейибиздин кылыктары чыгып, акырындан чоңоюп жатабыз.

– Маегибиз “Жан шерик” рубрикасынын алкагында болгондуктан, үй-бүлө курууга жеткен мамиле кандайча башталды, ошондон баштасак.

Эрлан: – Анда 7-класс болчумун. Мектептин биринчи кабатында алдыңкы окуучулардын сүрөтү ардак тактага илинип калчу. Ошол жерден сүрөттөрдү карап жатып, арасынан бир кызга көзүм түштү. Менде бир башкача сезимдер орун алды. Атын да билчү эмесмин. Дос баламдан “бул кайсы кыз?” деп сурасам “Перизат деген кыз” деди. Менден бир класска кичүү экен. Өтүп баратканда көргөн сайын мени ага жабыштырмай башталды. Балалыкта ушундай нерселер болот эмеспи. Анан сүйүү күнүндө ушундай бир толкунданып жатып кат жазгам. Кудай жалгап жакшы жооп келди.

Перизат: – Биз Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте чогуу окуганбыз. 6-7-класстан бери таанышпыз. Эрлан белек берип сүйүүсүн билдирип жүрчү. Улуттук консерваторияда 5-курста окуп жүргөндө баш кошуу сунушун киргизген. Мен окуумду бүтүрүп алайын десем, “окууңду бүтүрөсүң, баш кошо берели” деди. Эрлан “мен сага кооз сөздөрдү айтып, убадаларды бербейм. Жакшы күйөө болом. Жакшы жашайбыз” деп убадасын берген.

– Мамилеңиздер узак убакытка созулуптур, эсиңизде калган кызыктуу окуялар болсо керек...

Э.: – Мектепте окуп жүргөндө оркестр сабагына такыр барчу эмесмин. Себеби Перизат биринчи катарда комузда отурчу. Мен баянда отурчумун. Агайыбыздын мүнөзү өтө катаал болчу. Перизаттын көзүнчө кыйкырып урушуп салбасын деп сабакка барбай койчумун.

– Жолдошуңуздун кайсы мүнөзү сизди өмүрлүк жары болууга макул кылды эле?

П.: – Мага Эрландын айтканынан кайтпаган өжөрлүгү, жөнөкөйлүгү, адилеттүүлүгү жаккан.

– А сиз кайсы сапатын жактырдыңыз эле?

Э.: – Перизат экөөбүздүн максатыбыз бир чыкты. Жоопкерчиликтүүлүгүн, жашоого болгон көз карашын жактыргам.

– Бирге түтүн булатканыңыздарга 11 жыл болуптур. Бул убакыт ичинде кыйынчылыктар да болбой койбосо керек. Андан кантип өттүңүздөр?

П.: – Кыйынчылык күндөрдө Эрлан экөөбүз бири-бирибизди колдоо менен, түшүнүү, сабырдуулук менен жеңип келе жатабыз, буюрса.

– Ынтымакка жарака кетирбей бактылуу жашоо үчүн эмне кылуу жетиштүү экен?

Э.: – Үй-бүлөдө ынтымак болуш үчүн ишеним болушу шарт. Эч качан алдабаш керек, тескерисинче, кандай болсо ошондой айтып акылдашып турушу шарт. Катачылыкты сезип, укканды билип, көк бет болбош керек. Ар бир адам жаңылышат. Туура эмес кылсаң, аны моюнга алуу кажет. Чындык, ишеним болуп турса эле баары жакшы болот. Бизде деле түшүнбөстүктөр болот. Андай учурда сабырдуулук, кечиримдүүлүк, сүйлөшүү жолу менен ар дайым жакшы жыйынтыкка келебиз.

П.: – Ооба, биз бири-бирибиздин оюбузду угуп түшүнгөнгө аракет кылабыз.

– Жубайлар арасында кызганыч болушу керекпи?

Э.: – Албетте, болуш керек. Бирок болбогон нерселерге эмес. Бизде мурда кызганычтын айынан түшүнбөстүктөр болуп калбаса, азыр Кудайга шүгүр, бири-бирибизге кызганууга жол бербейбиз.

– Айырмачылыгы чоң эки өлкө үй-бүлөлүк жашоого кандай таасир этти?

Э.: – Кыргызстанда иштебей деле жүрө бересиң го. Бул жактан антип иштебей жүрө албайсың. Алгач биз Нью-Йорк шаарына келдик. Көнүшкөнчө эки айдай иштеген жокпуз. Анан эртең менен кетип, кечинде келген стабилдүү жашоого көндүк. Кара жумуштарда да иштеп көрдүк. Жашоо кандай экенин билдик, жашоого болгон көз караштар өзгөрдү. Ошонун пайдасы менен акыл калчап калдыкпы же жаш курагыбызга жарашабы, айтор, мурда көп нерсени ойлонбой кылып алчубуз. Азыр бир нерсе кыларда ойлонуп, өлчөп анан кылабыз.

П.: – АКШга келгенде көп эле жакшы тажрыйба алдык. Бул жакта туугандар, ата-эне жок, экөөбүз бири-бирибизге көнүшүп, колдоо көрсөтүп, таянып калдык. Кичинебизден музыка чөйрөсүндө жүрсөк, бул жакка келгенде ар кандай жумушта иштеп, жашоого бышып көп эле тараптан өстүк.

– Үй-бүлө күтүү жаатында жаштарга кандай кеңеш бере аласыздар?

Э.: – Жашоону укмуш түшүнүп калдым дебейм. Бирок эркек болобу, кыз болобу, турмуш куруу алдында жакшылап ойлонуп көрүшү шарт. Өзүн кыйнабаш керек, үй-бүлөнү алып кете аларына көзү жетсе анда башка кеп. Айла жок үйлөнөм деген күмөн болбошу керек. Эң негизгиси, кыз да, эркек да жоопкерчиликти сезиши зарыл. Ансыз үй-бүлө курулбайт. Жоопкерчиликтин артынан жакшы жашоо курулат.

– Бала тарбиялоодо атайын эрежелерди колдоносузбу?

П.: – Азыр балдар менен үйдөмүн. Ар бир эле ата-эне баласына жакшы тарбия берсем дейт. Биз деле балдарыбызга жакшы тарбия берүүнүн үстүндө иштеп келе жатабыз. Эң негизги принциптерим – бул балдарды өз алдынчалыкка, өзүнө тың болууга жана тазалыкка үйрөтүү. Калганын акырындык менен беребиз деп ойлойм.

– Аялзаты көңүл бурууну жакшы көрөт эмеспи. Жубайыңызга кандай белектерди берип турасыз?

Э.: – Ар дайым белек бергенге аракет кылам. Жакын адамым болгондон кийин эч нерсени аягым келбейт. Колумдан келишинче алтынбы, бриллиантпы же башка жашоого керектүү нерсенин баарын белек кылганды жакшы көрөм.

– Үй-бүлөнүн кирешесин ким кармайт, ким сарамжалдуу?

Э.: – Бул жакта акчаларды дайыма картада кармайбыз. Экөөбүз тең сарамжалдуубуз. Бир нерсе аларда акылдашып, бири-бирибизге айтып коёбуз. Тамак-ашты унчукпай эле ала беребиз.

П.: – Эми тамак-аш, үйгө керектүү нерселерди мен алсам, башка нерселерди Эрлан алат.

– Перизат айымдын колу бошобой турганда тамак жасай саласызбы?

Э.: – Негизи жумуртканы аябай жакшы кууруйм. Кээ бир учурларда жумуртка кууруп жеп коём (күлүп). Бирок көпчүлүгүн Перизат өзү эле жасайт.

П.: – Эрлан трак айдайт да, жумушу менен көбүнчө жолдо жүрүп калат. Үйгө келгенде майда-барат жумуштарга аралашпайт. Болгону балабыз төрөлгөндөн кийин мен тыңыганча жардам берип, кол кабыш кылды.

– Маегиңиздерге рахмат. Бактыңыздар бөксөрбөсүн!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ayzhan12
2021-07-26 09:13:40
Бактылуу болгула. Сиздин жубайыңыз бриллиантка татыктуу. Анткени сиздин жубайыңыз абдан жылдыздуу, сулуу жүздүү жубай. Сиздей ачык жүздүү, келбетүү жубайлар көп болсун. Кээде шаардын көчөлөрүндө өзүнүн сырткы көрүнүшү жана сулуулугу менен көңүлдү өзүнө бурган аялдарды кезиктиресиң. Өзгөчө чачтары мыкты жасалган, жарашыктуу кийинген. Бир көргөндө эсинде өчпөс из калтырат. Мындайлар бизде көп болсун.
+3
manatova
2021-07-26 09:28:53
Бактылуу болуңуздар! Ден соолук каалайм. Ушинтип аялды сыйлаш керек. Бар болуңуздар
+4
Alfiya
2021-07-26 10:51:11
Ушул бала тузук чыкты
+5
Margana93
2021-07-26 10:56:49
Бактылуу болгула
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-07-26 11:03:03
Өзү эркектер жакшы сөзүн аябай колдоп турса аялдар баарын бергенге даярбыз
+5
KaGaH
2021-07-26 14:26:51
Жакшы бирок апаңа алып бербеген нерсени, аялыңа алып бербе
-9
Marni
2021-07-28 12:06:46
KaGaH, а эмнеге?
0
Mubarak
2021-08-01 00:11:06
Аябай жакшы уй було екен аялына кылган мамилеси жакты
0
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан