КОНОР МАКГРЕГОРДУ МАЙЫШТЫРГАН ДАСТИН ПОРЬЕ

Бала кезинде көчөдөгү балдар менен мушташып жүргөн Дастин Порье бүгүнкү күндө ММА октагонунун эң негизги жана ийгиликтүү мушкерлеринин бири. Ал 2021-жылдын 11-июлунда өткөн беттеште каршылашы Конор Макрегорду техникалык нокаут менен жеңди. Учурда айланасына миллиондогон күйөрмандарды топтой алган америкалык мушкер Дастин Порьенин таржымалына токтолобуз.

Аты-жөнү
– Дастин Гленн Порье

Туулган жылы – 1989-жыл, 19-январь

Туулган жери – АКШ, Луизиана штаты

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 70 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 1 кызы бар

Амплуа – мушкер

Каймана аты – “Бриллиант”

КАРЬЕРАСЫН КӨЧӨ МУШТАШЫНАН БАШТАГАН

“Бриллиант” атыккан Дастин XVIII кылымда Канададан АКШнын түштүгүнө депортацияланган француздук Каджундардын субэтникалык тобунун өкүлү. Дастин 5 жашында ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, эки бир тууганы менен апасы Жери Фолли Чейсондун колунда чоңоёт. Дастин Жан-Клод Ван Дамм катышкан тасмаларга таасирленип, күрөш менен машыгат. 10 жашка чыкканда нагыз бейбашка айланат. Дастиндин апасынын айтымы боюнча, ал көчөдө жүргөн балдар менен себепсиз эле мушташа берген. Бир ирет өзүнөн 5 жаш улуу баланын тишин түшүрүп, жаагын талкалап, иш сотко чейин жеткенин эскерет. Дастин өз кварталындагы таанымал мушкерге айланат. Сабак окугусу келбеген тентек өспүрүм 15 жашында мектепти биротоло таштап, Макдоналдска жумушка орношот. Бош убактысында достору менен ичимдик ичип, чылым чеге баштайт. Дастин себебин ачык айтпаса, да убагында өспүрүмдөрдүн колониясында 1 жылдай отурганын жашырбайт. Ошол учурда Дастин 90 килограмм салмакта болгон. 18 жашында өзү жашаган аймактагы ММА (аралаш согуш искусствосу) залында машыга баштайт.

МУШКЕРДИ СҮЙҮКТҮҮСҮ УНААСЫ МЕНЕН БЕТТЕШТЕРГЕ ТАШЫГАН

Спорт менен машыгуу жаш спортчуга чымыр денеге гана ээ болууга жардам бербестен, энергиясын туура багытта пайдалануусуна жардам берет. Алгач Дастин майда беттештерге катыша баштайт, бирок тапкан каражаты жетишсиз болгондуктан курьер болуп да эмгектенет. Ошол учурда Дастиндин жанында 14 жашында мектептен таанышкан сүйлөшкөн кызы Жоли Леблан болот. Ал жигитин унаасы менен беттештерге жеткирип турган. 2009-жылы Дастин профессионалдык карьерасын баштайт. Ошол эле жылдын сентябрь айында 20 жашында сүйүктүүсү менен баш кошот.

UFC ОКТАГОНУНДАГЫ АЛГАЧКЫ БЕТТЕШ

Денеси татуировкага толгон мушкер алгач өзү жашаган аймакта, АКШнын түштүгүндөгү беттештерге катышат. Ал 2010-жылы WEC уюмунун көңүлүн өзүнө бурдуруп, ошол жылдын 18-августунда келишим түзүшөт. Мушкердин WEC`деги дебюттук беттеши Дэнни Кастильо менен өтүп, бирок ал жеңилүү ызасына туш болот. Көп узабай кайра беттешке чыгып, атаандашын 53 секунд ичинде техникалык нокаут менен жеңет. Орто жеңил салмактагы мушкердин UFC октагонунда алгачкы беттеши 2011-жылы Жоша Гриспи менен өтүп, аны упай айырмачылыгы менен жеңет. UFC “Корей зомбилери Порьеге каршы” деген атайын кече уюштурат. Жаш спортчу көрсөткөн жетишкендиктери менен “Бриллиант” аттуу каймана атка ээ болот. Сологой мушкер 2012-жылы American Top Team командасына кошулат.

Дастин Порьенин ийгиликтерин кыскача айта турган болсок, ал 12 жылдык спорттук карьерасында 35 жолу беттешке чыгып, 6 жолкусунда жеңилүү ызасын тартса, калгандарында жеңишке жеткен. 1 беттеш үзгүлтүккө учураган.

МАКГРЕГОРДУ НОКАУТКА УЧУРАТКАН АЛГАЧКЫ МУШКЕР

Октагондо каршылашын тез арада жеңүүгө шашкан Дастин 2014-жылы Конор Макгрегор менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан. Бирок 2021-жылдын 23-январында Абу-Дабиде өткөн UFC 257 беттешинде Конор Макгрегор менен кез келип, аны экинчи айлампада техникалык нокаут менен утат. Ошентип ал Макгрегорду нокаутка учураткан биринчи мушкер болуп калды. 2021-жылдын 11-июлунда Лас-Вегаста өткөн UFC 264 мелдешинин башкы беттешинде Дастин үчүнчү кармашын Конор Макгрегор менен өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңишке жетишет. Айрым маалыматтарга караганда, Макгрегор менен болгон үчүнчү беттеши үчүн ал 3 миллион доллардан ашык каражат алган.

БАЙЛЫГЫ 4 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН БААЛАНАТ

Мушкер 35 жашка чейин карьерасын улантууну пландап, кийин муктаж болбош үчүн азыр көбүрөөк акча табууга аракет кылып жаткан чагы. Анын эң негизги стимулу – үй-бүлөсү. Ал UFC`нин босогосун аттагандан кийин миллионер болгон. Анын байлыгы орто эсеп менен 2-4 миллион долларга чейин бааланат. 2018-жылдан тарта Дастин ар бир беттеши үчүн 250 миң доллар ала баштаган. Мушкердин жубайы Жолинин байлыгын ЖМКлар
1 миллион долларга баалашат. Жоли Леблан “The Good foundation” коммерциялык эмес уюмунун директору. Ачуу тамактарды жакшы көргөн мушкер АКШнын түштүк аймагындагы ашкана даамдарын баалайт. Дастин учурда жубайы жана кызы менен Луизианадагы үйүндө жашайт. Жол тандабастардын коллекциясына ээ. Алардын арасында баасы 311 миң долларды түзгөн Rolls Royse Ghost Series сыяктуу унаалар бар.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2021-07-26 10:42:28
Дастин Порье мүнөзү да жакшы, тартиптүү мушкер экен. Муну Хабиб Нурмагомедовдун Порьеге жан тартканынан билсек болот.
0
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан