БАҢГИЗАТ, УУРУЛУКТАН СУУРУЛУП ЧЫГЫП, ЫРЧЫ БОЛУУ КЫЯЛЫНА ЖЕТКЕН THE WEEKND

Заманбап музыка дүйнөсүндө The Weeknd каймана аттуу ырчы 2010-жылы пайда болгон. Бүгүнкү күндө ал популярдуу ырлардын автору, эң бай ырчылардын тизмесинде. Кичинекей кезинде мындай жашоого жетем деген ой ал үчүн жөн гана жомок болчу. Алдыда түрмө же баңгизаттын терс кесепеттери күтүп турган. Бирок ал оң жолго түштү, өзүнүн жомоктогудай жашоосун түзө алды. Жомокту реалдуулукка айланткан ырчы The Weeknd’дин жашоосуна саякатка чыктык.

Аты-жөнү:
Эйбел Макконен Тесфайе

Каймана аты: The Weeknd

Туулган жери: Канада, Торонто шаары

Туулган жылы: 1990-жыл, 16-февраль

Бою: 169 сантиметр

Кесиби: ырчы, музыкант

АЛЬБОМДОРУ

Kiss Land (2013)

• Beauty Behind the Madness (2015)

• Starboy (2016)

• After Hours (2020)

ЧОҢ ЭНЕ + НЕБЕРЕ

Канада, Торонто шаары. Шаардын Скарборо районундагы үйлөрдүн биринде чоң эне небересине Эфиопия мамлекети, анын эли, маданияты тууралуу божурап отурат. 1980-жылдары Эфиопиядан Канадага келип отурукташып калган үй-бүлөнүн эң кары адамы мекенине болгон сагынуусун небересине айтып берип кадимкидей жеңилдеп ала турган. Чоң энесинин жанында жүрүп кичинекей Эйбел эфиопиялыктардын эне тили болгон амхар тилин да үйрөнүп алган. Апасы керели кечке жумушта жүрүп, үйүнө бир аз чырм этип уктап алууга эле келчү. Атасынан дайын жок, ал Эйбел төрөлгөндөн кийин көп өтпөй үй-бүлөсүн таштап баса берген. Мындан улам Эйбелдин тарбиясы чоң энесинин колунда эле.

Булар жашаган Скарборо кедей адамдар жашаган район эле. Жумушсуздук, акчанын жетишсиздигинин айынан бул аймакта кылмыштуулук да жогору болчу. Чөйрөнүн мындай терс көрүнүштөрү Эйбелди да айланып өткөн жок. 11 жашында ал биринчи жолу баңгизатын татып көрдү, балдар менен уруш-талаштарга катышып, майда-чүйдө уурулук да кыла баштады. Чоң эненин небересине алы келбей калды...

КЫЯЛ + АРАКЕТ

17 жашында баңгизаттын оор түрлөрүнө өткөн Эйбел апасына да, чоң энесине да баш бербей мектепти таштап, үйүнөн да чыгып кеткен. Өзүнө окшош досторду жандаган жигиттин жүрөк түпкүрүндө ырчы болуу кыялы бар эле. Кээде “эмнеге Жастин Бибер жапжаш болуп туруп популярдуу боло алды?” деп ойлончу. Ырдын сөзүн жазып, ага музыка жаратканга аракет кылып көрдү. Ал эле эмес, топ түзүгө да аракет кылды. Бирок баарына каражат керек эле. Ыр жаздырмак турсун, тамак-ашка акча ашыра албай калышчу. Мындай жашоо болбосун түшүнгөн жигит күндүз дүкөнгө сатуучу, кечкисин клубга ырчы болуп жумушка орношот. Клубда иштеп жүргөн күндөрдүн биринде тагдыр аны продюсер Жереми Роуз менен жолуктурду. Продюсер көптөн бери жаңы R&B долбоорун чыгарууну ойлонуп жүргөн эле. Эйбел анын оюндагы адам болду.

МУЗЫКА + ИЙГИЛИК

Роуз экөө сүйлөшүп, Эйбел The Weekend каймана аты менен чыкмай болду. Бирок Канадада ушундай эле аталыштагы музыкалык топ бар эле. Алар менен келечекте ат талашып соттошуп кетпөө үчүн бир тамгасын алып салып, The Weeknd аттуу ырчы жаралды. Продюсер экөө удаасынан “What You Need”, “Loft Music” жана “The Morning” деген ырларды жаздырышты. Бирок көп өтпөй Жереми Роуз экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, өз-өзүнчө эле кетүүнү чечишкен. The Weeknd жогорудагы үч ырды YouTube`га жүктөйт. Ырлар көптөгөн кароолорго ээ болуп, аны өз баракчасында мактаган ырчылар пайда болгон. Алардын арасында белгилүү ырчы, рэпер Дрейк бар эле. Көп өтпөй музыкадагы жаңы дем деген макала The New York Times гезитинде жарык көргөн. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк жылдызга айланган The Weeknd музыка чөйрөсүндөгү “Грэмми” баштаган сыйлыктардын дээрлик көбүнө ээлик кылат.

ЖЕКЕ ЖАШОО + СҮЙҮҮ

Ырчынын жүрөгүнө чок салган сулуу тууралуу маалыматтар 2015-жылы чыккан. Кара тору жигит Coachella фестивалында америкалык супер модель Белла Хадид менен таанышып калат. Экөөнүн жылдызы келишип, модель “In The Night” клибине да тартылган. Жетелешип кыз-жигит болуп жүргөн түгөйлөрдүн мамилеси 1 жылга гана жеткен. 2017-жылы Эйбелдин актриса, ырчы Селена Гомес менен сүйүү мамиледе экени белгилүү болду. Бирок бул “союз” да бир нече айга гана жетти. Кызыгы, “адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң” болуп Эйбел Селенадан кетип, кайра Белла менен жарашып алат. Бул жолу да болгон жок. 1 жылга жетпей ар ким өз жолу менен кетти. Жакында эле рэпер, ырчы жигиттин атактуу актриса Анжелина Жоли менен кечки тамактанууда отурганы папараццичилердин “кылтагына” илинген. Бирок экөө эмне максатта жолукканы азырынча белгисиз. Балким...

THE WEEKND ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

  • Майкл Жексонду кумир тутуп, анын чыгармачылыгына көп таасирлене турганын айтат.
  • Эйбел кызуу кандуу мүнөзүнүн айынан ызы-чууга көп кабылат. Бир мисал, 2015-жылы полиция кызматкерлери менен мушташып кеткени үчүн кармалган. Сот жаза катары 50 саат коомдук жайларда иштөө чечимин чыгарган.
  • 2017-жылы “Forbes” журналынын эсептөөсү боюнча, эң көп каражат тапкан 30 жашка чейинки музыканттардын арасынан The Weeknd 1-орунду алган. Журнал ырчынын бир жылдык кирешесин 92 миллион доллар деп эсептеген.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akmanai
2021-07-26 10:41:23
Аябай кучтуу адам экен, бангизаттын оор турунон суурулуп чыгып, кыялына жетип, атактуулук менен кошо байлыкты да багындыра алыптыр
+3
Marni
2021-07-28 12:08:06
Мен сыйлаган, урматтаган ырчы.
+1
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан