ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРДИН ЧЕКТЕН ЧЫГУУСУ ЖАНА ӨЗҮМ БИЛЕМДИГИ!

КӨЧӨНҮ МЫЙЗАМСЫЗ ТОСУП АЛГАН

Евразия остеопатиялык медицина институтунун коллективине Арча-Бешик конушунун Садырбаев көчөсүндөгү 286-үй ээси менен жакшы коңшу болуу бакыты буюрган жок. Аталган даректе “Арча-Бешик” коомдук фондунун председатели, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер (2020) Бактыбек Чойбеков жашайт.

2021-жылдын 15-июлунда жалпы колдонуучулар пайдалануучу территорияда, башкача айтканда, көчөнүн башына Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен мыйзамсыз түрдө шлагбаум орнотулду. Анын аялы Евразия остеопатиялык медицина институтунун врачтарынан унааларынын номерин талап кылып жатат, анткени ал орнотулган камерага карап өзү шлагбаумду ачышы керек экен.

Мындай жагдайда такси, “Тез жардам”, өрт өчүрүүчүлөрдүн машинасын чакырууга мүмкүн эмес! Институттун имаратындагы сигнализация иштеп кетсе да күзөт бюросунун ыкчам реакция кылуучу отряды өтө албайт.

Институттун клиникасына шлагбаумдун орнотула тургандыгы боюнча маалымдабай койгону мыйзамга туура келбейт.

Коңшу шаардык кызматтарга кандайдыр бир таасир этүү менен жеке кызыкчылыгы үчүн институттун клиникасына өтүүчү жалгыз жолду тосуп койду.

Эми биздин кардарлар клиниканын территориясына кире албайт. Кардарлар болсо баса албаган балдар, майып балдар, ДЦП менен ооруган балдар, психика-сүйлөөсү артта калган балдар (ЗПРР), аутизм менен ооруган балдар (РАС), бут-кол, бел омурткалардын дарты жана башка оорулар менен ооруган чоңдор.

АЙ САЙЫН БИР ИРЕТ ООРУКЧАНДАРДЫ БЕКЕР ДАРЫЛАЙБЫЗ

Евразия остеопатиялык медицина институту ай сайын 1 ирет оорулуу чоң адамдарды институттун клиникасында жана жаш балдарды Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасында (№3) бекер кабыл алып, кайрымдуулук дарылоону жүргүзүп келет (пандемияга чейин). Жыл сайын январь айында чет элдик остеопаттын жетекчилиги астында 40-60 баланы бекер көрүп, текшерип, кеңештерин беришет. Ошондой эле жыл сайын август айында айылдарга барып 200-250 адамды бекер текшерүүдөн өткөрүп, кеңештерин берет.

Клиниканын администрациясы дайыма коомдук тартипке көз салат, кардарлардын машинасын токтотуучу жай институттун территориясында жайгашкан.

Кысым көрсөтүүчүлөр биринчи жылы болуп жаткан жок. Бийликке келем деген адамдын кылганы ушул болсо, бийликке келгенде эмнелерди көрсөтөт болду экен деген ой келбей койбойт.

Эмне үчүн 2-3 метр бийик забор менен курчалган үйдө жашап жаткандар башка адамдардан коркушат?

Евразия остеопатиялык медицина институтунун администрациясы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан