БИР БҮРКҮМ. БАҢГИЗАТ ТАШЫГАН ТОП КАРМАЛДЫ...

  • Бишкек – Кара-Балта жолун жаңылоо ишин 2022-жылдын күз айларында бүтүрүү пландалып жатканы айтылды.
  • 30-июлдан тарта Ош шаарында эттин баасы арзандай турганын шаардык мэрия билдирди.
  • Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө коронавирус илдети жайылгандан бери 6 бала аталган оорудан каза тапкан.
  • “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 150 жүк ташуучу вагон, 3 тепловоз сатып алары айтылды.
  • Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жетекчиси Нуруйпа Муканова 27-июлда Бишкекте ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
  • Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: Өлкөдө шекердин баасы 7 айда 8 сомго кымбаттады.
  • Бишкек административдик соту Ош шаардык кеңешине кайра шайлоонун жыйынтыгында "Биздин Кыргызстан" партиясын тизмеден четтеткен БШКнын чечимин жокко чыгарды.
  • Ысык-Көлдө 18 жаштагы жигитти аквапарктын түтүкчөсү соруп кетип, жигит каза тапты.
  • Октябрь окуясы боюнча кылмышка шектелип тергөө абагында отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов 26-июлдан тарта ачкачылык жарыялады.
  • Нурадил Баясов инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Чүйдөн Орусияга баңгизат ташып жүргөн кылмыштуу топ кармалды.
  • 26-июлга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 667 миллион метр куб суу бар.
  • Экс-спикер Дастанбек Жумабеков Талас облустук көк бөрү федерациясынын башчысы болуп шайланды.
  • Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин камакта калтырылды.
  • Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө 25 миң доза QazVac вакцинасы алынып келинди.
  • Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кызматынан кетти.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары жеке менчик автомектептердин лицензиясын текшерүү зарыл экенин айтып чыгышты.
  • Президент Садыр Жапаров кайрадан элди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
  • БШК: Парламенттик шайлоо быйыл ноябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн.
  • Парламенттин тийиштүү комитети коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан