Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “БАЛАМДЫ ЖОГОТКОНДО ӨЗҮМӨ ӨЗҮМ КОЛ САЛЫШЫМ МҮМКҮН БОЛУП ТУРДУ”

Бул инсанга күчтүү айым деп чын дилден баа берип келебиз. Гүлшайыр Садыбакасова былтыр оор жоготууга учурап, уулу Эркин мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эле. Бир жылдан бери биринчи жолу интервью берип отурат. Жүрөгүндөгү кайгысы, жоготуусу менен бөлүшүп, ошол эле кайраты, сабыры менен таң калтырган эженин ойлору таасирлентти, таң калтырды. Сизди да кайдыгер калтырбайт болуш керек, окурман.

– Гүлшайыр эже, саламатсызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Жакшы, алтыным, шүгүр, ден соолугум жакшы.

– Өткөн жылы оор сыноону башыңыздан өткөрдүңүз...

– Ден соолугума, жан дүйнөмө, жашоомо оор таасирин тийгизген жыл болду. Кара чечекей уулум Эркинден былтыр 25-август күнү ажырап калдым. Андан бир ай мурун коронавирус илдети менен ооруган эле Эркинтайым. Жакшы дарыланып чыккан, негизи жүрөгү ооруп, каттоодо турчу. Андан сырткары аллергиялык астмасы бар эле. Ошондон улам кыйналып жүргөн. Баладан ажырап калуу өтө оор экен. Бул нерсени адам баласы эмес, жырткычка, жыланга да каалабайм.

– Оор күндөрдө сизге моралдык жактан кимдер көмөк көрсөттү?

– Эң негизги колдоону элимден алдым. 2000-3000деп көңүл айткан билдирүүлөр келип жатты. Номеримди таап алып чалып жатышкандарына таң калдым. Демек, элиме мен керек экенмин дедим. Элдик адам экенимди мен ушундан билдим. Чыйралып, түздөлүп, кайрадан жашоого аралашканыма эл таасир берди. Бир туугандарым такай жанымда болушту. Анткени ал күндөрдө өзүмө өзүм кол салып алышым да мүмкүн болуп турду. Баламдын аркасынан кетип калайын дедим. Сайкалыма да ыраазымын, 4-5 ай жанымдан карыш жылган жок. Өзү ыйлап, боздоп отурса дагы, кызым “апалап” көңүлүмдү алып турду. Экөөбүз тең беш маал намазыбызды окуп, куран менен жашап калдык. Жараткан канча жашоо берсе, ошончосунда уулум менин жүрөгүмдө болот. Досторума да ыраазычылык. Мырзалар менен иш алып барган мага ыңгайлуу болгон үчүнбү, досторумдун 80 пайызы эркектер. Тикеден-тик туруп жанымда болушту. Көзүмдө ирмелип турган жашымды чуркап келип аарчыган, жакшы сөздөр менен жүрөгүмдөгү жашымды аарчыган, бүгүлүп турган Гүлшайырды түздөгөнгө аракет кылган кесиптештериме, "Кыз-Бурактын" экс-мүчөлөрүнө ыраазычылык.

– Уулуңуз Эркин тууралуу айтып берсеңиз, мүнөзү кандай эле?

– Эркин башкача бала болчу. Башка балдарга окшоп көчөгө чыкчу эмес, сабак окуп эле көбүнчө үйдө болчу. Француз, испан, англис, корей, түрк тилдерин үйрөнүп алган. Тилге кызыгуусу өзгөчө эле. Мага да, Сайкалга да аябай жакын болчу. Мага айтпай туруп Канадага, Кипрге жогорку окуу жайга тапшырып, өтүп кетиптир. “Балам, алыска жибергенден корком, жанымда эле болчу” дедим. Макул болуп Бишкекте дипломатиялык академияга өтүп, окуп жаткан. Бир күнү сүйүнүп мага телефон чалды. “1-курсту жакшы окуп бүтсөм мени чет өлкөгө окуганы жиберишет экен” деди. Биз да сүйүнгөн элек. Өтө боорукер, көңүлчөөк, берешен бала эле. Аны байкачумун, бирок көзү өткөндө билдик, ал жардам бербеген адам калбаптыр.

– Чыгармачылыкка шыгы бар беле?

– Аябай ырдагысы келчү экен. Мага бир эле жолу айткан. “Баарыңар эле ырчы болуп кетесиңерби? Жигитке тиешелүү эле кесип тандачы, балам. Учуру келгенде ырдай бересиң” десем “макул” деген. Бирок досторуна “ырдагым келет” деп айтчу экен. Аларды угуп ого бетер жаман болдум (ыйлап). Каалоосун аткарып койсом болмок экен. Короого газон өстүргүсү келчү эле. “Койчу, короодо түркүн чөп өсүп турат, газон десең сакалын кырып койгон кишилерди элестете берем” десем каткырып күлүп калчу. Арман көп болот экен, “Газонун өстүрө берсе эмне? Канадасына жөнөтүп койсом болмок, ырдатып койсом эмне?” деген ойлордун аягы бүтпөйт (ыйлап). Аябай мага жакын эле, ооруп калсам шып деп бөлмөмө кирип келчү, каралдым. Чоң максаттары бар эле. Эмнегедир эле Канадага баргысы келчү, барбай калды. Француз тилин аябай жакшы билчү, Парижге баргысы келчү. Кичинесинен эле көп энциклопедия алып берсем, баарын окуп жаттап алчу. Билимге өтө жакын эле. Намаз баштайын деп эле тилим келбей баштай албай жүргөм. Сайкалга айтсам “Эркинден үйрөнүңүз” деди. Көрсө, ал эбак эле билчү экен. Менин дааватчым да Эркин болгон.

– Акыркы жолу качан сүйлөшкөнсүз?

– Каза болоруна бир күн калганда телефон аркылуу сүйлөшкөм. “Келчи, сагындым сени” десем, “барам, апа” деди. Пандемия учуру эмес беле, кофе саткан жерге ишке кирип алыптыр эле. “Мейли иштей бер” деп койгом. 25-август күнү кечинде жаман кабар келди.

– Бул күндөрдө Сайкал дайым менин жанымда болду дедиңиз. Чыгармачылыгы аксап калгандай болдубу?

– Экөөбүзгө тең оор болду, ал экинчи кабатта, мен биринчи кабатта ыйлап жаттык. Эмне сүйлөп, эмне кылганымды билбей калдым. Саку да, мен да аябай оорудук. Ооруканадан башыбыз чыкпай калды. Мезгилге алыбыз жетпейт экен, убакыт өтүп, кечээ жакында Эркиндин жылдыгын бердик. Чыгармачылыкта баарыбыз эле аксадык, эч кимдин маанайы да, каалоосу да болбоду. Сайкал өзүнө да, “Кыз-Буракка” да көңүл бурбай, мен такыр эле четтеп кеттим. Эркинтайым деп темабыз ошо болуп калды. Кыйкырып, кыйкырып ыйлап алам мен, Сайкал болсо ичинен, үнүн чыгарбай ыйлайт экен, байкушум (ыйлап). Бир күнү Сайкалга “минтип отура берсек болбойт, сен чыгармачылыкка аралаш, өлгөндүн артынан өлбөйт экенбиз” деп борборго жибердим. Иш-чараларга аралашып калды.

– Азыр “Кыз-Бурак” тобунун курамы кандай, кайсы кыздарыңызга басым жасайын деп жатасыз?

– Мен топтун акыркы курамына көңүл деле бурбай калгам, чынын айтыш керек. Сайкал эле жетектеп, ырларын жаздырып келет. Күч-кубат деле жетет, жакшылап киришсем топ дүңгүрөп эле кетчүдөй. Билесиңби, ошол каалоо жок болуп калат экен адамда. Ушунун айынан Сайкал экөөбүз да ызылдашып кетебиз. Бүгүнкү күндө мен тарбиялап өстүргөн кыздардын саны 350 болуптур. Азыр топто көпкө жүргүсү келишпейт, анткени жеке ырчы катары жүзү таанылышы керек.

Ошол үчүн ырчылардын 98 пайызы жеке ырчы болом деп далалат кылышат. Мурункудай мыкты үндүн ээсин таап, аны топто кармап туруш кыйын. Ошого карабай Сайкал иштеп жатат. “Кыз-Бурак” менен Сайкал мамлекеттик иш-чараларга катышып жатышат. Буга сыймыктанам.

– Канча кызды жылдыз кылдыңыз, “аттиң” деп сизди өкүндүргөн шакирттериңиз болдубу?

– Көп кыздар таланттарын үй-бүлө бактысына алмаштырып кетишкен. Чоң таланттары бар, бирок чыгармачылык экинчи планга жылып, үй-бүлө, тиричилик менен калган кыздарым көп болду. Бирок шоу-бизнесте аты чыгып жүргөн көп кыздар, балдарым бар. Буга аябай сыймыктанам. Анткени мен үйрөткөн жолдо басып, талантын барктап келе жатышат. Эми адам болгондон кийин жашоонун жаманын, жакшысын көрөт экенсиң. Такыр күтпөгөн адамдан жамандык келген учурлар да болду. Табышмактуу дүйнөдө эмнелерди гана көрбөдүк. Өкүнүп калган учурлар да жок эмес. Бирок өкүнгөндө эмне? Кудайга миң мертебе ыраазымын, мурункудай “сениби, шашпа!” деп кектеп калчу Гүлшайыр жок азыр. Бар нерсеге, баскан жолунун жаманына, жакшысына шүгүр кылган Гүлшайырга айланды. Тобо кылам, шүгүр кылам, баарына ыраазымын.

– Рахмат маегиңизге, Гүлшайыр эже, сонун, маңыздуу ойлорду айтып бердиңиз, эми пландарыңызды айта кетсеңиз.

– Чыгармачылыкка аралашып, Сайкалдын, “Кыз-Бурактын” чыгармачылыгына басым жасайм. Пландалган концерттерибиз бар эле, аларга даярдык көрөбүз. “Кыз-Бурактын” 45 жылдыгы келе жатат. Киного тартылууга сунуш түшкөн, эч көңүлүм келген эмес. Эми өзүмө келип алсам ошол ролду ачып берсем деп тилек кылып турам. Эң негизгиси, бар бололу, тынч бололу, аты жаман оорудан алыс бололу. Жаркылдаган жашообузга кайталы, элибиз аман болсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан