"9-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "массалык баш аламандык" беренесинин негизинде шектүү катары билдирүү жөнөтүлдү. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө"- дешти министрликтин маалымат кызматынан.
Жактоочу Замир Жоошев билдирүүдөн үзүндү деп кыскача текст жарыялады. Анда:
– Атамбаев өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Өмүрбек Бабанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков, Канат Сагымбаев жана башкалар менен алдын ала план түзүп, Медиа форумдун имаратынын жанына элди чогултуп, андан соң бийликти басып алуу үчүн "Ала-Тоо" аянтына барууну сүйлөшкөн. Ошол эле учурда Бишкектин эски аянтында мурунку бийликтин адамдарынын келишине каршы болгондор жана Кыргыз өкмөтүнүн имаратын коргогондор "люстрация" деген ураан менен чогулганын билишкен. Алмазбек Атамбаев калың элдин терс жана агрессивдүү маанайын күчөтүп, натыйжада "Ала-Тоо" аянтында өкмөттүн имаратынын жанына топтолгон адамдардын тобу менен массалык мушташ болуп, ок атуучу куралдар, таштар жана башка каражаттар колдонулган,- деп айтылат.
Мурдагы президент кримавторитет Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуп жиберүү окуясы боюнча да жоопко тартылган.
Жолдубек Качкынбаев