Парламент депутаты Жанар Акаев президент Садыр Жапаровго жолугуп чыкканын 27-июлда жарыялады. Депутат өлкө жетекчиси менен учурдагы саясий кырдаал, келерки парламенттик шайлоо тууралуу пикир алышканын айтат.
– Президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, азыркы абал, шайлоо мыйзамдары тууралуу кеңири пикир алыштым. Алдыда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда жалаң акчага таянган, добуштарды дүңүнөн сатып алам деген партияларды, талапкерлерди эч кандай аямай жок деди. Акча менен кармалган партиябы, жеке талапкерби, шайлоодон токтоосуз четтетилет. Добуш сатып алууну ашкерелеген жарандарга сый акы бериле тургандай механизм киргизилет экен.
Жакынкы айларда элге ушул тууралуу атайын кайрылуу жасайм деди. Добуш сатып алуу ыкмасы жоюлса, чын эле парламент, жергиликтүү кеңештердин сапаты өзгөрөт эле. Өздүк партиям болбойт, баарына шарт бирдей болот деди. Добуш сатып алуу токтосо, билимдүү жаштарга жол ачылат эле. Президент эгер техникалык жактан даяр болсок, 54 депутат преференциалдуу шайлоо системи менен шайланып келүүсүн колдоду,- деп жазды Акаев.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси учурда Жогорку Кеңештин комитеттеринде талкууланууда.
Жолдубек Качкынбаев