Табыптар, көзү ачыктар жана төлгөчүлөр – адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар дейт министрлик.
– Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты – сиздин ден соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз. Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өздөрүнүн тузагына илишет",- деп айтылат маалыматта.
“Чындыгында, аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз” деп кошумчалайт министрлик.
Жолдубек Качкынбаев