БИШКЕК МЭРИЯСЫ КООМДУК УНААДАГЫ ЖОЛ КИРЕНИ 15 СОМ КЫЛУУНУ СУНУШТАДЫ

Бишкек шаардык мэриясы шаардык кеңештин депутаттарынан коомдук унаада жүрүү акысын көтөрүү маселесин биринчи отурумда кароону өтүндү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов 27-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттарга жооп берип жатып билдирди.

– Тарифтерди көтөрүү маселеси боюнча биз Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына сунуш киргиздик. Жол кирени маршруттук таксиге 15 сомго чейин, автобустарга жана троллейбустарга 11 сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Эми биз Бишкек шаардык кеңешинин биринчи жыйынын күтүп жатабыз, депутаттардан бул маселени биринчи отурумдарда кароону өтүндүк,- деди Сазыкулов.

Эскерте кетсек, июнь айынын башында борбор калаадагы маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылып, иш ташташкан. Шаар жетекчилиги бул маселени Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланып келген депутаттар чечет деп билдирген. Шаардык кеңештин жаңы курамы 11-июлда шайланды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан