ТОКИО-2020: ОЛИМПИАДАГА КАРШЫ МИТИНГ. АЧЫЛУУ АЗЕМДЕГИ КЫЗЫКТАР

Дүйнөдө пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал орун алгандыктан 2020-жылы өтө турган Жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылган. 2013-жылы күн чыгыш өлкөсүнүн борбору Токио Мадрид жана Стамбул шаарларынан озуп XXXII Жайкы Олимпиада оюндарын япондор өз өлкөсүндө өткөрүү бактысына ээ болушкан. Миңдеген спортчулар Олимпиада медалын утуу үчүн айлап, жылдап тер төгүп машыгышкан. Күткөн күн келди. 23-июль күнү Жайкы Олимпиада оюндары старт алды.

ЯПОНДОР ОЛИМПИАДАГА КАРШЫ

Токиодогу Олимпиада оюндарынын ачылуу салтанаты чуу менен коштолду. Ачылуу аземи менен кошо эле стадион алдында Олимпиада оюндарын пандемия убагында өткөрүүгө каршы экенин айтып миң чакты япондуктар кыйкырып турушту. Плакаттарында “Олимпиадага кеткен акчаны коронавируска каршы жумшагыла!”, “Эл аралык олимпиада комитети, бул жерден жогол!”, “Оюндарды токтоткула!” деген лозунгдар жазылган. Чет өлкөлүк басылмалар япондордун 80 пайызы оор кырдаалда Олимпиада оюндарын өз өлкөсүндө өткөрүүгө каршы болууда деп маалымат таратышты. Чынында, алардын кооптонуп жатканында мандем бар эле, оюн баштала электе бир нече чет өлкөлүк спортчудан коронавирус илдети аныкталган. Олимпиаданы уюштуруучулардын расмий өкүлү Маса Такайа чет өлкөдөн келген спортчулардан күнүнө миңдеген ПЦР тест алынып жатканын, ушул күнгө (27-июль) 155 спортчудан илдет аныкталганын билдирди. Ал эми оюндарга катышып жаткан спортчулардын саны 11 миңден ашык экени маалым. Пандемиядагы чектөөлөрдөн улам Олимпиада оюндарынын ачылышында 68 миң киши бата турган стадиондо 950 гана көрүүчү отурду. Cыйлуу коноктордун катарында Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Монаконун князы Альбер II, АКШнын биринчи канайымы Жилл Байден жана башкалар болушту.

БЕТ КАП ТАГЫНБАЙ ПАРАДГА ЧЫГЫШТЫ

Кыргыз курамасынын параддык кийими чоң талкууга түшкөн. Сын-пикирлерге карабай кыргыз курамасы параддан Дилбар Ашимбаева тигип берген форма менен өтүшкөн. Кыргыз өлкөсү парадда 56-номер менен чыгып, өлкө желегин суучул Денис Петрашов менен ок атуучу Каныкей Кубанычбекова көтөрүштү. Кыргыз курамасынын парадда бет кап тагынбай өткөнүн да чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Эске салсак, “Forbes” журналы парадга чыккан 8 өлкөнүн формасын эң стилдүү деп тапты. Алар: АКШ, Орусия, Либерия, Чехия, Казакстан, Кытай, Түштүк Африка, Япония.

УКРАИНА – ОРУСИЯ ЧЫРЫ ОЛИМПИАДАДА УЛАНДЫ

Орусия курамасы Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги тарабынан кабыл алынган санкциялардан улам өз туусу жана гимни менен Олимпиадага катышуу укугунан ажыраган. Алар парадда Орусия Олимпиада комитетинин атынан катышып, аталган комитеттин туусун көтөрүп чыгышты. Гимндин ордуна Чайковскийдин музыкасы жаңырып турду. Талаштуу Крым аралынын айынан дагы чуу чыкты. Олимпиаданын расмий сайтындагы картада Крым аралы Орусиянын курамына кошулуп калган, украиндер бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетине даттануу жибергенден кийин комитеттин маалымат катчысы катачылык кеткенин моюндап, Крымды кайра Украинанын аймагына кошуп коюшкан. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул окуяга тиешелүү спорт чиновниктерин көңүл бурууга чакырган. Ошондой эле Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтүп жаткан Орусиянын Биринчи каналы Украина менен Өзбекстан командалары параддан өтүп жаткан учурда жарнамалык тыныгууга шылтап көрсөтпөй коюшкан. Өзбекстан курамасы Олимпиаданын ачылышына бир нече саат калганда парадда тууну көтөрүп чыкчу спортчуларды алмаштырып жибергени маалым. Мындай шашылыш өзгөрүүгө нааразы болгон өзбек спортчусу Оксана Чусовитина “мындай өзгөрүүлөр болгонун мага алдын ала эч ким айткан жок, саналуу сааттар калганда келип “сен чыкпайсың” дешти, болду, өзүм деле эч нерсе түшүнбөй калдым. Ушундай болмок беле, мотивациянын баарын өлтүрдүңөр!” деп билдирүү таратты. Өзбекстандын спорт комитети мындай өзгөрүүлөр спортчуларга оордук келбеш үчүн кабыл алынганын билдирген. Анткени биринчи туу көтөрүп чыкчу спортчулардын беттеши ачылуу аземинин эртеси күнү башталмак.

МЕДАЛДАРДЫН САНЫ БОЮНЧА ЯПОНИЯ АЛДЫДА

Дүйнөдөгү 200дөн ашуун мамлекет катышып жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында 28-июлга карата медалдардын саны боюнча Япония алдыга чыкты. Анын эсебинде 11 алтын, 4 күмүш, 5 коло медаль бар. Андан кийин АКШ, Кытай, Орусия жана Австралия өлкөлөрү келе жатышат. Кошуна Өзбекстан бир алтын медаль алганга жетишти. Алгачкы медалды өзбектерге 19 жаштагы таэквондочу Улугбек Рашидов алып келди. Ал эми Казакстандын куржунунда 3 коло медаль бар. Кыргызстандын атынан барган ок атуучу Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыгып, тилекке каршы, оюндан четтесе, суучул Денис Петрашов жарым финалга жетпей жеңилүүгө дуушар болду.

ОЛИМПИАДА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Токио 1964-жылы Жайкы Олимпиада оюндарын өткөргөн, 57 жылдан соң экинчи жолу өткөрүп жатат.
  • Олимпиада оюндарынын ачылуу салтанаты пандемияда каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
  • Быйыл салттуу параддын жүрүшүндө Олимпиада комитети кээ бир эрежелерди өзгөрттү. Мисалы, тууну көтөрүүдө гендердик теңчиликти сактоо үчүн бир кыз, бир бала туу көтөрүүсү шарт деген эреже киргизишкен. Эске салсак, Олимпиадага катышкан спортчулардын 49 пайызы айымдар, бул мурунку оюндарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч.
  • Эл аралык качкын макамы барлар командасынын оюндарга катышуусунун максаты – дүйнөдөгү миграцияга, согуштан жабыр тарткан адамдарга көңүл бурдуруу. Токио Олимпиадасында 29 спортчу качкындар командасынын атынан ат салышууда.
  • Коронавирус илдети алгач германиялык спортчудан ачылуу аземине 3 мүнөт калганда аныкталган. Илдетке чалдыккан спортчулар дароо карантинге алынып, обочолонот.
  • Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндары 15 күнгө созулуп, 8-августта аяктайт.
  • Каратэ, сёрфинг, скейтборд, аскага чыгуу, бейсбол, софтбол спорт түрлөрү атайын Олимпиада программасына киргизилди.
  • Эң көп спортчу АКШ курамасынан барды (613 спортчу). Германиядан 430, Орусиядан 328 спортчу катышууда.
  • Рекорддук санда 5000 допинг текшерүүчү үлгүлөр алынары күтүлүүдө.
  • Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде медалдарды спортчулар өздөрү алып тагынышат. Эч ким моюнуна илбейт, куттуктап колун кармабайт, кучактап өппөйт жана гүлчамбар берилбейт.
  • Коронавируска байланыштуу кооптонуулардан улам Түндүк Корея Олимпиадага команда жөнөтүүдөн баш тарткан.
  • Жалпысынан оюндарды өткөрүүгө 15 миллиард доллардан ашык каражат сарпталган, анын 1 миллиард доллары коронавируска каршы иш-чараларга жумшалган.
  • Экономисттердин изилдөөсүнө ылайык, Токио оюндарды көрүүчүлөрсүз өткөргөнү үчүн 1,2 миллиард доллар кирешеден куру кала турганын билдиришкен. Эң көп чыгашаны япониялык отелдер тартып, буга чейин брондолгон 700 000ге жакын номердин акчасы кайра кайтарылган.
  • Тунистик Ахмед Хафнауи Олимпиаданын чыныгы сенсациясы болду. Ал Токиодо Африка континентинен алгачкы жолу алтын алган суучул.
  • Олимпиада оюндарынын программасында спорттун 41 түрү каралган, жалпысынан 339 комплект медаль ойнотулат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-08-04 03:04:05
Орустарды туура эле кылышкан. 332 оюнчу барса да бир медалы жок отурушат жун баштар. Өзүм эле дей беришет. Мигранттарды адам ордуна көрүшпөйт сукалар
+1
Salixa.
2021-08-04 09:09:58
Супер инфо ракмат.Эмнеге россиялык жеңүүчүлөр өздөрүнүн туусу ,гимни жок медаль тагынып. жатышат деп таң калып жатканбыз.Себеби бул жакта турбайбы.

(ошондо Украинаны көрсөтпөгөнүнүн себеби бар ,Өзбекстандын ачылуу аземиндеги өтүү салтанатын эмнеге көрсөтүшпөй койду ?)
0
Mister-XXX
2021-08-06 17:58:20
Salixa.,Өзбекстандын туусун орус улутундагы спортчу көтөрүп чыкпаганы үчүн болду.Орустар болбогон нерсе үчүн ызы-чуу коштогон кадамдарга барып жатат.
0
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан