Сагын Эргешов, ырчы: «ЭРОТИКАЛЫК ТАСМАГА ТАРТЫЛАМ»

Жигит азамат, “эч нерседен тартынбайм, эч нерседен коркпойм, эл эмне деп ойлосо ошондой ойлой берсин” дейт. Буга да жүрөк керек, туурабы? Модель Лаззат Нуркожоева, ата-энеси менен мамилеси, шоу-бизнесте кантип ордун тапканы жана башка жаңылыктары менен ырчы Сагын Эргешов алдыңыздарда.

– Сагын, салам. Ар түрдүү суроолорго даярсың да, ээ?

– Саламатсыз, ооба, даярмын.

– Өзүңдү хайп менен таанылдым деп эсептейсиңби?

– Ооба, биринчи эле Гүлжайна Атаканова менен мамилеси бар деген хайп кеткен, ошондон бери эле хайптын үстүндө жүрөм.

– Ырларың менен таанылуу кыйын болдубу? Эмнеге бул жолду тандадың?

– Биринчи хайп чыкканда ырчы эмес, алып баруучу болчумун. Хайптын аркасынан тааныла баштагандан кийин ырчы болдум. “Ырларымды такыр укпай коюшту” деп айтпайм. Анткени клиптерим миллион жолу көрүлүп жатат. Болгону хайп элге таанылышыма жардам берди.

– Өзүңдү ыңгайсыз сезген хайп кайсы болду?

– Интервьюда “менден балалуу болгусу келген айымдар көп” деп ачыгын айта коём деп ыңгайсыз абалда калдым. Бирок чындыгы ушул, андай сунуш кылгандар көп.

– Ал айымдарды балалуу кылдыңбы анан?

– Жок (күлүп). Мен кымбат донормун.

– Сагын жүзүнө пластикалык операция жасаткан деген кептер бар, ачыгын айтчы?

– Кудай сактасын, жасаткан эмесмин. Көзүмдүн алдында грыжа бар. Ошондуктан көзүмдүн алды шишип турат. Ал ден соолугума залал берсе көзүмө операция жасатам.

– Келишимдүү жигит экениңди кайсы жашта сезип баштадың?

– Кичинемден ата-энем өтө эркелетип чоңойткон үчүн өзүмдү дайым эле келишимдүү, өзгөчө жигитмин деп сезем.

– Президенттин карындашы, модель Лаззат Нуркожоева менен чын эле кыз-жигитсиңерби же кезектеги хайппы?

– Хайп эмес. Сезимдер да болушу мүмкүн, убакыт көрсөтөт.

– Лаззат “Сагын менен эч кандай мамилем жок” деп интервьюларда так кесе айтып жатат го...

– Кыз бала качан ачыгын айтчу эле (күлүп)? Анын үй-бүлөсү менен тааныштым. Лаззаттын атасынын 50 жылдык юбилейи болуп, ошол жактан таанышканбыз. Мага жагат.

– Президенттин күйөө баласы болуп калсаң, саясатка барам деп тырмыша баштайсыңбы?

– Жок, барбайм. Ушуну так кесе айта алам. Мен Лаззатка үйлөнсөм өзүмдүн кайын атам болот. Ал киши президенттин бир тууганы. Эмнегедир элде “Сагын Лаззаттын үй-бүлөсүнө кызыгып эле ушундай кадамдарга барып жатат” деген ой болуп жатат. Менин өзүмө жараша кирешем бар. Эч кимге көз каранды эмесмин. Баш кошсок деле мен кайын журтума көз каранды болбой жашап кете алам.

– Хайпты башкача деле жаратып көрбөйсүңбү, улам бир кыз менен эле атың чыгып калат?

– Мен кыздар менен ырдап же клипке тартылып койсом эле ушундай сөздөр чыгып кетип жатат го (күлүп). Чыгармачылыкта канча жолум бар билбейм, бирок ошол жолдо көп эле кыздар менен иштешем деп ойлойм.

– Кел, башка жаңылыгыңа келели, ачык сценалары бар киного тартылам деп жатасыңбы?

– Ооба, жакында Бек Жумакадыров деген жигит сунуштап, ачык кадрлары бар тасмага тартылып, актёр катары өзүмдү сынап көргөнү жатам. Эротикалык тасмага түшкөнгө даярмын. Жашоодо элдин баары эле бул ишти кылат, муну ачык тартып койсоң эле жемеге каласың. Менин көз карашым башка. “Ушуну айткыча өлүп эле калбайсыңбы” деп жазышат, аны билип эле турам. Күнөө кылып, тозокто күйсөм ал менин ишим да. Ага анча күйүкпөй эле коюңуздар дегим келет. Мейли, бирок жазса жаза беришсин.

– Ата-энең чыгармачылыгыңа кандай карайт?

– Чыгармачылыктай эле карайт. Алар “кандай кылсаң өзүң бил. Биз 18ге чыгардык, мындан аркысы өзүңдүн жашооң” дешет. Мен бир туугандардын кичүүсү болгонум үчүн да ушундай эркиндик ала алдым окшойт.

– Киного тартыла турган актриса ким экен, кезектеги хайптын каарманын билип алалы?..

– Казакстандан келет, кыргыз актрисасы эмес (күлүп).

– Эркектердин көбүнүн сага кыжыры келе берет экен го, эмнеге деп ойлойсуң?

– Ичтери күйөт да. Эркектерге жаккым деле келбейт негизи.

– Ырчы эмес, көк бөрүчү болсоң кыздар арасында мындан да сүймөнчүк болмокмун деген ой келбейби?

– Көк бөрү ойногонго деле мүмкүнчүлүк бар, кол жеткис нерсе эмес. Бирок жолумду тандагам да, ушул Сагынды эле жактырып тургулачы, ээ, кыздар (күлүп)?

– Ата-энем эркин тарбиялаган деп калдың...

– Мен 7 бир туугандын кичүүсүмүн. Улуу бир туугандарым чоңоюп, өз жолдорун тандап тарап кетишкенде апам, атам үчөөбүз калганбыз. Ошол үчүн эркиндик мага көп берилди окшойт. Атам менин оюм менен көбүрөөк болду. “Жеткинчек” программасына тартылып жүргөнүмдө атам өзү алып барып, алып келип турчу. Эсимде, үйдө ал кезде тиричилик буюмдары жок эле. 9-класс кезимде официант болуп иштеп, акчама үйгө муздаткыч, чаң соргуч алып келгем. Буга ичи күйүп, чогуу жүргөн балдар мени сабап кетебиз деп да пландашкан экен (күлүп). Аны мен кийин уктум.

– Мектепте досторуң менен чогуу жүрчү белең?

– Чогуу эле жүрчүбүз. Бирок мени көрө албагандар көп эле. Мугалим эже “аларга теңелбе, сенин жолуң такыр башка болот” деп айтып калчу. Ошондой эле болду.

– Ызакор окшойсуң, ээ?

– Жок, жайдары баламын. Ошол кездерди эстеп эле ызаланып кеттим окшойт.

– Качан ыйладың эле эс тартканы?

– Апамдай болгон эже адилетсиздик менен мени жумуштан кетирип койгондо үнүмдү эч кимге жеткире албай калып ыйлагам. Анда телеканалда иштечүмүн, 19 жаштардагы студент болчумун.

– Мындан ары дагы эмнелердин ичинен чыгайын деп жатасың?

– Кыргызстан эмес, чет өлкөгө таанылгым келет. Клиптеримдин баарын чет мамлекетте тартам. Чоң сүйлөбөйүн, бирок чоң ийгиликтерге жетем.

– Логикалык суроо, эки күн бою жамгыр жаашы мүмкүнбү?

– Жок, мүмкүн эмес, күндөрдүн ортосунда түн бар.

– Ай, азамат десе. Чын эле көп ийгиликтерге жет.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
"Ачык кадрлары бар сериалга тартылам" дейт ырчы Сагын Эргешов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
akmanai
2021-08-02 10:35:57
Азаматсыз. Ар бир кыргыз оз максаттарына жетип, жетиштуу жашоодо жашаганга умтулса, жана жетсе мамлекетибиздин батыраак онугуусуно жакшы салым кошмок
-2
Nursul
2021-08-02 11:48:01
Мактанчаак эркек эмес же катын эмес ортодо калган немего. Кыздардай болуп үлбүрөп көк бөрү ойной алат бекен, кымбат донормун деп мактанып атып ошол жерин иштен чыгып калбасын абайлап журсончу. Самара Анжелика Айжан деген аялдардай эле тажаткыр экенсиң 3 4 ыр ырдап чыгып алып жылдыз болуп алган экенсиң вай э..ң
0
Noon
2021-08-02 13:20:30
Акылдуу жигит. Ата-энесине жАрдам берип, караган
-5
KaGaH
2021-08-02 18:46:16
Чачты кое берип сулуу болуп жүрүңүз,чачты жайып жүргөн жарашат
Минтип жазганды ушул жерден үйрөндүм
кто знает тот поймёт!))))
+6
surgeon777
2021-08-02 23:00:04
Эркектен Эргешов,катындан Самара менен Анжелика,тойгуздунар го!!!
Конул айланат уже.
+6
surgeon777
2021-08-02 23:01:23
Лаззатка жабышып эле калдын го,ал кесе кесе жооп берсе деле интрига кылып жыландын башын кылтыйтып катындай болуп,туу энен!!!
+5
Marni
2021-08-03 01:29:08
surgeon777, Лаззатты ушул Сагын таанытты го, ээрчитип жүрүп. Я и знать не знала кто она. Красотой она блещет. Ей просто с дядей повезло.
-1
Janna19
2021-08-03 13:14:28
Эээк ушул баланын эмнеси красавчик.Итиркейди келтиретко.Билбейм ушу баланы көрсөм эле кыжырым келе берет.Өзүн жаман жылдыз,красавчик сезип алыптыр.Тыржыйып сөөгү менен эле териси.Эркек деген мындай болбойт.Голубой сыяктуу,слишком нежний баладай.
+5
NURSAPAR
2021-08-03 14:42:45
Гейге окшош неме го.
0
adiaza
2021-08-04 10:39:24
Эми эротикалык рольго тартылган атсан бут Кыргызстанга жай, бул кыргыздын менталитетине жарашпайт. Бул озу ким мен тааныбайт экем ырчыбы же актёрбу, тойдон эки жолу ырдап коюп озулорун ырчымын деп алгандар кобойду саны бар сапаты жок.
+4
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан