Ырчы Гүлзат Байзакова жана комузчу Ишенбек Календеров 35 жыл чогуу жашап, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келе жатышат. Жакында чыгармачыл үй-бүлөдө чоң жакшылык болуп, таланттуу комузчу Айсаана Оморова келин болуп келди. Ойлору да, максаттары да бир болгон жан шериктер сүйүүсү, жеңиштери, максаттары тууралуу ачык, күлкү толо маек куруп беришти.
– Саламатсыздарбы, Ишен ага, Гүлзат эже? Келин кут болсун, кандай сезимдер болуп жатат?
Гүлзат Байзакова: – Рахмат, чайын ичип жатабыз, келин-уул колубузда.
Ишенбек Календеров: – Улуу балабыз менен келинибиз биздин колдо туруп, кийин бөлүнүштү. Азыр кичүү уул-келин биз менен жашап жатышат, сыйын көрүп жатабыз. – Ишен ага, Гүлзат эже кандай кайын эне болуп жатат?
И.К.: – Мен Гүлзат келиндерин катуу кармайт го деп ойлочу элем. Анткени өзүнүн сиңдилерин, менин карындаштарымды катуу кармачу. Эмнегедир келиндерине жумшак болду. Келиндери да камчы салдырбайт.
– Чоң ата, чоң эне болгон учурда алгачкы жолуккан күндү эстеген романтикалуу болсо керек, эстеп берсеңиздер...
И.К.: – Баш кошконубузга 35 жыл болду. Экөөбүз тең студент элек, агайыбыз “Гүлзат деген кыз бар, аябай жакшы ырдайт, сен ошого комуз үйрөт” деп калды. 5-6 күү үйрөттүм. Кийин мамилебиз жакын болуп кетти.
Г.Б.: – 1983-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдындагы студияда окуп калдым. Окуу жайды оңдоп-түзөө үчүн жабышып, биз Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга көчүп бардык. Ишен болсо филармониянын алдындагы студияда комуздан сабак алчу. Мага комуз үйрөтүп жүрсө агай деп ойлонуп алган экенмин. Мен кайра жогорку окуу жайга тапшырып жүрсөм бул деле тапшырып жүрөт (күлүп). Жашы өтсө деле бул киши окуп жаткан турбайбы деп таң калып койгом.
И.К.: – Калп айтат, чачтарым тармал, жапжаш, келишкен жигит болчумун. Жогорку окуу жайга чогуу өтүп, айыл чарба иштеринде жүрдүк. Футболкамды жууп жатсам, Гүлзат колумдан ала калып жууп берип коюп жатпайбы. “Жакшы кыз экен” деп калдым. Ошондо эле мени жакшы көрүп калган окшойт бул (күлүп).
Г.Б.: – Жок, эч андай оюм жок болчу. Курсташ балдардын деле кийимдерин жууп берип койчубуз. Ошентип чогуу окууга өтүп, жатаканада жашап калдык. Көп учурда окуп, жатаканабызга кеч келчү элем, келсем эле бул бөлмөбүздө отурган болот (күлүп). Айланчыктап эле калды. 8-март болду, Ишен белекке күрмөсүнүн ичинен гүл алып чыгып берип жатпайбы, көрсө, гүлдү “эл көрбөсүн” деп уялып катып алыптыр. Гүл байкуш шүмүрөйүп, желекчелери, жалбырактары түшүп калыптыр. “Минтип бербей эле койбойт беле” деп ойлогом.
И.К.: – Антпей эле алдың эле го (күлүп).
Г.Б.: – Гүлдү алдым, ичимден ойлонгом да, азыр айтып алайын деп жатпаймынбы (күлүп). Биринчи белегиң болчу, ээ? Үчүнчү курста баш коштук. Кечээ эле болгондой, бирок 35 жыл жашап коюптурбуз.
– Ишен ага, баш кошолу деген сунушту кантип киргиздиңиз эле?
И.К.: – Сенин эсиңде барбы?
Г.Б.: – Эсимде, бирок сен айтчы.
И.К.: – Баш кошконубуз эсимде, кышка жакын баш кошконбуз. Декабрь айы болчу.
Г.Б.: – Ноябрь айы.
И.К.: – Жок, декабрь.
– Гүлзат эже, бир интервьюңузда айткан экенсиз, апаңыз “таластык жигитке турмушка чыкпайсың” деп маселени кабыргасынан койгон экен...
Г.Б.: – Апам биздин сүйлөшүп жүргөнүбүздү укканда “Талас-маласыңды кой, топурагымды түйүп берем” деди. Алыс чыкпаган кишиге Талас укмуш алыс туюлса керек. “Ата-энеси Сокулукта эле турат, чоң ата-чоң энеси Таласта” деп жибитип жатып макул кылгам. Студентпиз да, апам мага эт-ашын алып жатаканага келе жатса Ишен өзү эле тосуп чыгыптыр. Анда үйлөнө элекпиз.
И.К.: – Терезеден карасам кайненем келе жатыптыр, Гүлзатка окшоштуруп таанып алдым. Билмексен болуп эле алдынан чыгып жардам берейин деп жатам. Көрсө, апасына эбак эле бул сүрөтүмдү жөнөтүп жибериптир, билет экен. Мени көргөндөн кийин макул болуп эле унчукпай калышкан (күлүп). Кайненем уулубуз төрөлгөндө менин апама “кудагый, небереңизди өзүңүз багыңыз, менин кызым окушу керек, тайпалаштарынан калбашы керек” дептир. Уулубуз төрөлгөндө үч айынан тарта апам бакты.
– Баш коштуңуздар, баары жакшы болуп кеттиби?
Г.Б.: – Көп жылдар жатаканада жашадык. Текшерүү келе жатканда балдарыбызды сыртка чыгарып ийип же катып, аябай кыйналчу элек. Биз менен тең эле Курмангазы Азыкбаев, Бакыт Шатенов, дагы бир топтор ошол жатаканада бала-чакалуу болушкан. Апам “кызым окуйт” деп кайната, кайненеме айткан экен. Алар Камбарды бага турган болушту. Алып кетерде бала да сезет окшойт, эмизсем эмбей койду. Баланы алып кеткенден кийин окуубузду улантып кеттик. Оюбуздун баары эле окуу болчу да ал кезде, анткени “үч” алсаң эле стипендияга жетпей калчусуң. Бул жылдары студенттер, кыргыз жаштары орустардын тоокканасында жашап калган учурлар көп болду. “Кыргыздын жеринде туруп, биз эмнеге тоокканага жашайбыз?” деп жаштар көтөрүлүп чыкты. Элден калбай биз да жер алып калдык. Кийин экөөбүз тең иштеп, жаңы эле үй салып баштадык.
Айтор, гастролдордо болобу, иште болобу, чет өлкөдө болобу, биз чогуу жүрдүк.
И.К.: – Биз эле эмес, ошол кезде “Камбаркан” тобунда баары чыгармачыл түгөйлөр эле. Чалагыз Исабаев менен Самара Токтакунова, Бакыт Шатенов менен аялы, Дилшат Кангелдиева менен жолдошу, дагы бир топтору бар эле.
– “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деп коюшат, чыгармачыл инсандардын түгөй болуусу кыйынбы же жеңилби?
И.К.: – Чыгармачыл адамдар бирин-бири түшүнөт. Гастролго кетсе, түгөйү башка кесиптин ээси болсо, оюна тескери нерселер келет.
Г.Б.: – “Камбаркан” тобунда жүргөндөрдүн баарын эле өлүм ажыратпаса, ажырашып кеткендер болгон жок. Анткени биз жакшы үй-бүлөлүк мектептен өттүк.
– Кыйынчылыктар менен кантип күрөштүңүздөр?
Г.Б.: – Үйүбүздү бүтүрдүк. Ал кезде Ак-Өргөө жаңы конушунда жол, жарык жок эле. Үйүбүз бүткөндө Ишен “көмүр алдым, үйүбүзгө көчөбүз” деп кыштын кыраан чилдесинде көчүп кеткенбиз. Концерт кеч бүткөндө үйдү таппай каламбы деп коркчумун (күлүп). Анткени үйүм кайда экенин жакшы деле билчү эмесмин. Айлыгыбызды албай алты ай бекер иштеп жүрө берген күндөр болгон. Айла жок, соода кылдык.
Ишен мага балмуздак сатып берет. Мен аны филармониянын жанында туруп алып сатам. Чогуу иштегендер сыртка чыкса, көрүп калат деп чыйпылыктайм (күлүп).Жашынып алып сатам, бул болсо балмуздак дүңүнөн алып келип берип туруп өзү кирип кетет. Аны сатып бүтпөсөң да балээ, эрип кетет. Кичинекей дүкөнчөдө туруп алып сатчумун, чогуу иштегендер өтүп баратса терезесин жаба калам. Кезек күтүп тургандар менин жоругума түшүнбөй эле жалдырап калышат. Жашоо менен аябай күрөштүк. Акыры жеңдик окшойт, ээ (күлүп)?
– Урушуп кеткен күндөр болчубу?
Г.Б.: – Убактыбыз жок болду го дейм. Жашоо менен күрөшүп жатып бири-бирибиз менен күрөшкөнгө убактыбыз болбоптур, азыр ойлосом.
– Балдарыңыздарга кандай тарбия бердиңиздер?
Г.Б.: – Ишен экөөбүз тең шаарга келип, анан музыкалык билим алдык да. Ошол катаны кайталабайлы деп балдарыбызды эрте музыкалык окуу жайга бердик. Камбар, Эмил экөөнү тең окуу жайга ташуу, акысын төлөө, музыкалык аспап алып берүү, мунун баары эле чоң акча. Ошентип жүрүп көп нерсеге жетиштик. Балдарга тарбия бердик. Азыр шүгүр, экөө тең биздин жолубузду жолдоп чыгармачыл жолдо. Келиндерибиз да чыгармачыл инсандар. Шүгүр, бактылуубуз.
– Бактыңыздар тоодой болсун, рахмат маегиңиздерге.
Нуржамал Жийдебаева