КОЙ (21.03-20.04)
Апта жемиштүү болот. Ишке толук көңүл бөлө аласыз, андыктан күтүлбөгөн, оор идеяны колго алып, ишке ашырууга киришсеңиз болот. Аракет кылгандар кызмат тепкичинен жогорулай алышат. Оор кырдаалда жакын адамыңызга таяныңыз, ал ишенимди актайт. Жаңы романтикалык байланыш көпкө узабайт.
БУКАЧАР (21.04-20.05
Бронхит, бөйрөк оорусу барлар кондиционерди ашыкча колдонуп, муздакты көп ичсе өнөкөт оорулары козголот. Иште атаандаштардын бут тосууларынан абайлап, пайда болгон маселени өз алдыңызча чечүүңүз керек. Бир жактарга эс алууга барганда буюмдарыңыздын уурдалбашына көз салыңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Күтүлбөгөн кырдаалдар сиздин энергия менен убактыңызды көп алат. Андыктан көп иштерди моюнуңузга жүктөбөй туруңуз. Үйдө уруш акчанын тартыштыгынан чыгат. Стресстен чыгуу жолун өздөштүрбөсөңүз ичип-жегениңиздин өлчөмүн билбей, ашыкча салмак кошо баштайсыз. Атайын издеп келген адамдарга пайдаңыз тиет.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашоо шартты жакшыртуу максатында банктан насыя алуу менен керектүү буюмдарды сатып алууңуз ыктымал. Чоң сумма алуу сунушталбайт, төлөп кутулуу оор болуп калат. Ар нерсени ойлоп, башыңызды негативдүү ойлорго толтурбай, позитивдүү болуңуз. Анткени аз калды, ийгиликтер тилкеси башталат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жеке жашоодо маселелер көп чыгып, улам ар ким менен сүйлөшүп иштерди бүткөрүү керектелет. Досторуңуз ар тараптуу колдоо көрсөтүп, сизге таяныч болуп беришет. Иште ар бир кадамыңыз жетекчиликтин көзөмөлүндө болот, иш ордун таштап кетпеңиз, интригага аралашпаңыз. Узак сапарга аттанып жаткан же келген таанышыңызга чай бересиз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сактанууңуз керек: чөгүп кетпөө же жаракатка кезикпөө үчүн туура эмес жерден сууга түшүүдөн, балдар ширеңке менен ойноп, өрт чыгарып жиберишинен. Топтогон акчаңыздын канча бир бөлүгүн өзүңүзгө жумшайсыз. Иштер азаят, андыктан жумуштан эртерээк келип, өзүңүзгө, үйдөгүлөргө көбүрөөк көңүл бура баштайсыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көптөн берки пландарыңызды ишке ашырууга киришиңиз. Мисалы, жумуш орунду же жашаган жерди, имиджди алмаштыруу же үй-бүлө күтүүнү. Иште активдүүлүктү көрсөткөндөр мактоого жана сыйлыкка татышат. Жолугушуп жүргөн адамы менен мамилесинин келечеги жок экенин сезгендер эки башка жолго түшүшөт.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жалкоолукка алдырсаңыз келе турган кирешени колдон чыгарып жибересиз. Сиз чечилип бүттү го деген бир маселе кайрадан козголот. Бул кээ бир адамдар менен урушуп-талашууга жеткириши мүмкүн. Убагында ала албай калган карыздарыңызды кайтарып беришет. Дем алышта эс алуу үчүн үйдөн тышкары ызы-чуусуз тынч жайга кетип калуу сунушталат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үйдө кереги тийбей турган буюмдардын айрымдарын сатып, же бирөөлөргө берип салууну ойлонуңуз. Рулдабы, коомдук жайдабы, иштеби, айтор, кайда жүрсөңүз да абайлаңыз. Өзүнүн айыбын, күнөөсүн сизге шылтап койгусу келгендер чыгат. Сүйүктүүңүзгө белек сатып бересиз же бир жактарга алып барып көңүл ачтырып келесиз.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада маселе горизонттон көрүнгөндө эле андан кантип айланып өтүүгө болорун сезип, билип, кыйынчылыксыз жашайсыз. Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Мамиле олуттуу түргө өсүп жетеби же жокпу, өздөрүнүн аракетинен болот. Мите сындуу достордон кол үзүңүз, алар өздөрүнө керек болгондо гана сизди издеп калышат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Майда маселе жана ушактарга көңүл бурбаңыз. Өзүңүздү ар тараптан өстүрүп, спорт менен алектениңиз. Үйдө оңдоп-түзөө иштерине керектүүлөрдү билген адамдар менен кеңешип алыңыз, болбосо акчаны ашыкча сарп кыласыз. Жашоодон кыйналган бирөөлөргө тамак-аш, кийим-кечектен кайрылууңуз ыктымал.
БАЛЫК (20.02-20.03)Акчаны көбүрөөк иштеп табууга аракетиңизди улантасыз. Мүмкүн, дем алышта да жумушта болосуз. Маанилүү жаңылык угасыз, аны өзүңүздүн пайдаңызга колдонуу жагын карап көрүңүз. Тууганыңыздын боорукерлигинен ашыкча колдонбоңуз. Өспүрүмдөрдү диний фанаттардын, көчө балдарынын таасиринен коргоо керек.