Ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Асан мырзага байланышканыбызда, ал маалыматты тастыктап, Оштон Бишкекке бара жатып Токтогулдан жол кырсыгына учурашканын, рулда өзү экенин билдирген. Кийин унаада Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Т.Э., М.А. аттуу айымдардын болгону белгилүү болду.
Жалал-Абад ОИИБинин маалыматы боюнча, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында Тойота Альфард унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам Токтогул аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө, 1 жүргүнчү кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реeстрине катталып, териштирүү иштери башталды.
Ырчы учурда абалы жакшы экенин, Ош облустук ооруканасына которулганын Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди:
– Урматтуу замандаштарым, достор, туугандар, күйөрмандарым! Каалоо-тилектериңерге, ак бата, дубаларыңыздарга чоң рахмат. Кырсык – каш-кабактын ортосунда дегендей, бир аз кырсыктап калдык. Достор менен Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле. Таң сүрүлүп баарыбыз уктап кетиптирбиз.
Ош-Бишкек жолунда такси айдаган агалар, мырзалар, жардам берген жалпы жүргүнчүлөргө рахмат. Дайыма жолуңуздар шыдыр болсун. Токтогул шаардык ооруканасындагы өмүр сакчылары, таазим сиздерге. Алтын колдоруңуздарга береке. Токтогул РИИБинин кызматкерлерине да чоң рахмат. Биз жакшыбыз. Баарыңыздарды сыйлайм, жакшы көрөм.