МАЛИКА ДИНА АТАСЫ АБДУМАЛИК ШЕРМАТОВ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Ырчы Малика Дина атасы Абдумалик Шерматовго 11 жылдан кийин жолугуп жатканын, бир туугандары менен жакындан таанышканын Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди. Ал жолугушууну баяндаган видео Абдумалик Шерматовдун Ютуб каналына жарыяланды.

Андан Малика Дина атасынын үйүнө барганын, бир туугандары менен жакындан таанышканын көрүүгө болот.

“Кызым Малика, келгениңе чоң рахмат. Сен биз үчүн бүгүн төрөлгөндөйсүң, Москвада сен төрөлгөндө биз кубанганбыз. Бүгүнкү кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Малика кызым, келечегиң кең, бактылуу бол! Келгениңе рахмат. Биздин тилегибиз аткарылды. Демек, биздин ниет ак болгон экен” деп ырчы Абдумалик Шерматов кубанычы менен тең бөлүштү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан