Венера Назаралиева – жаркылдаган мукам үндүү ырчы, Ош улуттук драма театрынын актрисасы. “Сүйүүңдү уурдап кетем”, “Суранам”, “Сен келерсиң бир күнү”, “Кош эми, сүйүү багы” жана башка ырларды ийине жеткире аткарган ырчы айым менен чыгармачылык жолу тууралуу маектештик.
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 28-январь
Билими – Ош мамлекеттик университетинин социалдык иштер бөлүмүн бүтүргөн
Репертуарындагы ырлары – "Сүйүүңдү уурдап кетем", "Суранам", "Адамзат", "Мен ашык", "Үйлөн, иним" жана башка
Хоббиси – мотивациялык аудиолорду угуу, видеолорду көрүү
Фобиясы – жер титирөө
Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын апасы
– Саламатсызбы, Венера айым? Иштериңиз жакшыбы?
– Баары жакшы. Жайкы эс алууга үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө барып келдим. Жаңы дем, жаңы күч менен “Бактым сен” деген ырыма клип тарттырганы жатам.
– Өнөр адамы болушуңузга эмне түрткү болду?
– Кичинекей кезде үйдө атам аккордеон ойноп, апам кашыктарды ургулап, биз ырдап, бийлечүбүз. Үй өзүнчө шаңга толчу. Апам жакшы ырдайт. Бирок таенем ырдатпай коюптур. “Мен ырдабай калгам, сен ырда” деп апам мени музыка мектебине берген. Көйнөктөрүмдү өзү тигип, “Жаш таланттар”, “Алтын балалык” деген фестивалдардан калтырчу эмес. Окууну бүткөндө ОшМУнун искусство факультетине тапшырдым. Атам “Кыз-Бурак” тобуна, Гүлшайыр эжеге алып барган. Топко кабыл алындым. Ал кезде “Кыз-Бурак” кыял болчу да. Бирок сахнага даярдоо этабында жүргөндө эле турмушка чыгып кеттим. Кийин балалуу болгондо окуум да үзгүлтүккө учурады. Үй-бүлөлүүмүн, мындан ары чыгармачылык менен алектенбейм деле го деп ойлоп, искусство факультетинен социалдык иштер бөлүмүнө которулдум. Апам “дастанды жакшы айтчусуң, комуз алып берип сени окутсам, таштап салдың” деп капа болот. Азыр комуз менен үйдө эле ырдап калам. – Анан кантип бул чөйрөгө кайра аралашып калдыңыз?..
– Турмушка чыккандан кийин Ош улуттук драма театрынын алдында уюшулган “Миң кыял” деген топко келдим. Ырдап, комуз менен дастан айтып көркөм кеңештен өтүп, иштеп калдым.
– Актрисалык кесипти качан аркалай баштадыңыз?
– Бала кездеги кыялдар ишке ашат экен. “Куш өмүр” киносун берилүү менен көрөр элем. Кино бүтөр замат чачымды жайып алып Шайыр Касымалиеванын Ысмайыл деп кыйкырып издеп жүргөнүн аткара берчүмүн. Театрда жүргөндө шыгымды режиссёр Талант Апыев агабыз байкап калган көрүнөт. “Бар үмүтүм сенде, София Булан” деген Мурза Гапаровдун чыгармасы театрда коюлганы жаткан. Башкы ролду ойной турган ыраматылык Нурия Алимбаева ооруп калып, үч күндүн ичинде мени даярдашты. Ошондо Ася деген башкы каармандын ролун ойноп, театрда актрисалык тушоом кесилген. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында иштегениме 20 жылга чукулдап калды.
– Кинодо роль жаратуу оюңуз барбы?
– Эпизоддук образдарды жараткам. Киного сунуш көп түшөт, бирок баш тартып келем. Себеби кино тартуу процесси узак болот.
– Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай көз карашта?
– Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт. Комуз менен ырдаганымды жактырат. Бирок башында эки жакка барганда кызганчу. Кичинекейиңден ырдап жүргөндөн кийин ичиңдеги оргуштап турган нерсени чыгарып турбасаң болбойт экен. Бир жакка барарда “барып бир ырдап келейинчи” деп жалдырап суранып жатып кетчүмүн. Азыр жолдошум колдоп турат. Аялзаты үчүн үй-бүлө менен ырчылыкты бирге алып кетүү өтө оор. Бир жолу экөөбүз катуу урушуп кеттик. Кетип калайын деп ойлондум. Бирок жолдошумду сагынам да деп кетпей калгам.
– Алгачкы ырыңыз кандай жаралды эле?
– Исмаил Бакиров деген
ОшМУда вокалдан сабак берген агай “Күйдүргүм” деген биринчи ырымды өз каражатына жаздыртып берген. Тойлорго чакырылып өзүм каражат таба баштадым. Театрда долбоорлор менен иштеп калдык. Долбоорлордон акчаны жакшы алчубуз. Болбосо театрда кыйраткан деле айлык жок да. Ошол акчаларды чогултуп ыр жаздыра баштадым.
– Ырчы Данияр Жаныбеков экөөңүздөр аткарган ырлар элге жакшы кабыл алынып келет. Дуэт кандайча жаралган?
– Данияр өзү жакшы ырдайт. Бир жолу студиядан жолугуп, “Венера, ырдабайлыбы” деп калды, “эмнеге болбосун, ырдайлы” дедим. Ырдап көрсөк, үнүбүз айкалышты. Ырды көбүнчө мен тандайм. Алгач Бек Борбиевдин “Суранам” деген ырын ырдадык, эл жакшы кабыл алып, “кийинкиси качан?” деп сурап башташты. Анан казак композитору Марат Ордабаевден сурап “Сен келерсиң бир күнү” деген ырды ырдадык, клип тарттырдык. Ошентип эле уланып кетти. Анан Даниярга таандык “Коштошуу”, Түмөнбай Колдошовдун “Сүйүү багы” деген ырын элге сундук. Тойлордо бул ырларды сурангандар көп.
– Репертуарыңызга ырларды эмнесине карап тандайсыз?
– Азыр ырдын маанисине карап калдым. Репертуарым бай, мекен, сүйүү жөнүндө, лирикалык жана философиялык мааниси терең, тойго арналган да ырлар бар. Ырчыларды эл багат. Ошондон улам да тойлорго арналган ырларды жаздырууга мажбурбуз. Быйыл мартта Ошто концерт бердим. Той дей бербей чыгармачылыкка көңүл буруп, элге отчёт берип туруш керек.
– Чыгармачылыкта атаандашуу болобу? Сынды кандай кабыл аласыз?
– Чыгармачылык деле жашоо үчүн күрөшкөндөй. Изденип аракет кылбасаң чекеге сүрүлүп каласың. Ар кимдин өз стили бар, бирөөнүн жүзү, бирөөнүн үнү жакшы. Ар кимдин өзүнүн угарманы, күйөрманы болот.
Сынга ыйлаган да учурум болгон. Азыр ал анын ою деп гана коём, оюмду көзөмөлдөй алам. Бирөөнүн негатив сөзүнө маанайды бузуп кереги жок.
– Кайсы ыр жолуңузду ачып берди?
– Бек Борбиев агабыз сонун ырларды жаратып көп ырчылардын багын ачты. Анын ырлары көптөрдүн репертуарында бар. Агабыздын “Сүйүүңдү уурдап кетем” деген ыры мени элге таанытты.
– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Динара Акимова