АСКАР АКАЕВ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ. АЛ КАМАККА АЛЫНАБЫ?
Мурдагы президент Аскар Акаев 2-август күнү Бишкекке алынып келди. Аны “Манас” аэропортунан атайын кызматтын кызматкерлери тосуп алып, 3 автоунаанын коштоосунда УКМКга алып барышты.
«БИР АПТАГА КЕЛДИМ»
Ушул эле күнү “Кумтөр” боюнча суракка алынганын УКМК имаратынан чыккан Акаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ырастады. Кыргызстанга бир аптага гана келгенин, келери менен президент Садыр Жапаровго жолукканын, УКМКда көрсөтмө берип, кайра Москвага кетерин айтты Акаев. Өлкөгө келүү үчүн азыркы бийлик менен макулдашканын билдирип, бирок макулдашуунун чоо-жайын айтуудан баш тартты.
– 16 жылдан кийин мекенге келдим. Өлкөгө келишиме шарт түзүп берген бийликке ыраазымын. “Кумтөр” менин убагымда түзүлгөн, тергөөгө жардам берүү үчүн келдим. “Кумтөрдү” эмне үчүн курганыбызды, кандай катачылык кетиргенибизди, кыскасы, баарын айтып бердим. Териштирүү иштери уланат. Бир аптага келдим, бул иште көп суроолор бар. Мен жетишпей калсам жактоочум жооп берип турат,- деди Акаев.
«КАМАЛСЫН» ДЕП ЖАТЫШАТ...
Эксперттер Акаевдин “Кумтөр” боюнча көрсөтмө бериши өлкө үчүн маанилүү деп жатышат. Акаев өзү “Кумтөр” боюнча жазага тартылышы күмөн, себеп – кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткени жүйө келтирилет. Акаевдин тушундагы “Кумтөр” боюнча келишимдерге тиешеси бар деген экс-премьер Апас Жумагулов, экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов өңдүү мурунку чиновниктер жоопко тартылбай каларын жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Демек, Акаев деле айрым маалыматтарды берет да, кайра кетет, жазаланбайт деген жоромол айтылууда. Боорукер кыргыздын арасынан “Акаевди кечирели” дегендер да табылды. Албетте, андай пикирдин да жашоого акысы бар. Бирок Акаевдин өтмүшүн анын 16 жыл бөтөн жерде жүргөнү жууп кетпесин айтып, Кыргыздын азыркыдай оор абалга кептелиши, айрым чуулуу окуялар боюнча анын жоопкерчилигин талап кылгандар да чыкты. Андай иштердин бири – 6 азамат бейкүнөө окко учуп, ондогон адам жарадар болгон Аксы окуясы. 2002-жылкы Аксы окуясы үчүн Аскар Акаевдин жоопкерчилиги карала элек деген маселе кайра көтөрүлдү. Акаевдин жоопкерчилиги каралчу болсо мындан башка да суроо көп экени маалым.
«ОЛУТТУУ ФИГУРАНТ»
Саясатчы Өмүрбек Текебаев “Акаев маанилүү фигурант, “Кумтөрдү” улутташтыруу үчүн анын көрсөтмөсү пайдалуу” деген пикирде. Депутат Исхак Масалиев өлкөнүн азыркы абалы үчүн жоопкерчилик мамлекетти 15 жыл башкарган Акаевдин моюнунда экенин эскертти. Кыргыздын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров да “Аскар Акаев камалып, жоопкерчилик тартышы керек” деген пикирде.
БАКИЕВ ДА КЕЛЕБИ?
Жарандык коом Акаевдин суракка келиши – дагы бир качкын президент Курманбек Бакиевди алып келүүгө элдин маанайын даярдоо деп түшүндү. Башкы прокуратура 4-августта бул жоромол боюнча билдирүү жасап, Бакиев өлкөгө келсе токтоосуз түрдө камакка алынат деп маалымдады.
Бакиев боюнча соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими бар экенин, ага ылайык ал 2010-жылкы Апрель окуялары жана башка кылмыштары боюнча күнөөлүү деп табылып, 30 жылга эркинен ажыратылганын, эгер Бакиев өлкөгө алынып келинсе дароо камакка алынарын белгилейт прокуратура.
Ал эми Аскар Акаевге "Кумтөр" боюнча шектенүү бар экенин, учурда ал тергөө органдары менен активдүү кызматташып жатканын билдирди башкы көзөмөл органы.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.