БИШКЕК МЕНЕН ОШКО ЖАҢЫ БАШЧЫЛАР ДАЙЫНДАЛДЫ

Таалайбек Сарыбашов Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Сарыбашов буга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеп келген. Ош шаарынын жашоочулары аны “чарбачыл мэр” деп атап, анын тушунда шаарда жакшы өзгөрүүлөр орун алганын айтып келишет. Жеңил пиарды жакшы көрөт деп сындагандар да бар. Бишкекке убактылуу жетекчи болуп дайындалары менен Сарыбашов мэриянын борбордук аппаратында адис болуп иштеген уулун кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул окуянын коомчулукка жарыяланганын да айрымдар “популизм” деп баалаганга үлгүрдү.

Улукбек Мариповдун башка буйругу менен Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мамбетов жаңы кызматка дайындалгыча Президенттин иш башкармалыгын жетектеп келген. Аны коомчулук “сөгүнчөөк мэр” деп да тааныйт. Бул анын Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда бирөөнү телефондо ашата сөгүп урушкан сүйлөшүүсүнүн аудиосу коомчулукка тарап кеткенден улам.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан