– Урматтуу мекендештер!
Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган жалаа менен каралап жазып, күнөөгө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазып элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт.
Эми минтип мен кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча албайм, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат.
Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган-уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш-аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат.
Буюрса, Кыргыз өлкөбүздү гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз,- деп жазды Камчыбек Ташиев.
Жолдубек Качкынбаев