АЛТЫНГА ТЕТЕ КҮМҮШ! БАЛБАНДАР НАМЫСКА ЖАРАДЫ

Япония. Токио. 2021-жыл. Август айы. Кыргыз балбандары күүсүнө келип биринин артынан экинчиси байге алып жаткан убак. Айсулуу, Акжол, Мээрим, Айпери, Жоломан, айтор, кыргыздын бычагына сап болчу балбандарыбыз эл аралык деңгээлдеги мелдеште өлкөбүздүн намысын татыктуу коргошту. Алардын ийгилиги тууралуу макала төмөндө болсун.

КЫРГЫЗ СПОРТУНДА ЖАҢЫ ДООР ЖАРАЛАБЫ?

Адатта Олимпиада оюндарындагы биринчилик үчүн экономикалык кубаты күчтүү өлкөлөр бири-бири менен тең тайлашып келет. Анткени таланттуу спортчуларды тарбиялоо, аларга мыкты шарттарды түзүү да чоң каражатты талап кылат. Мында өлкөнүн инфраструктурасы (заманбап машыгуу залдары), тамак-ашы, витаминдер, медицинасы, технологиясы, мамлекет тарабынан камкордукка алуу сыяктуу артыкчылыктар маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз спортчуларында мындай шарттар барбы? Албетте, жок. Ага карабай кыргыз спортчулары мен-мен деген күчтүү өлкөлөрдүн спортчулары менен тең ата күрөшүп, байге талашууда. Атаандашы жашаган өлкөнүн экономикасы, рейтинги, технологиясы, илимий ачылышына карабай көтөрүп чабуу спортто гана мүмкүн. Эске салсак, Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери Олимпиада оюндарында алтын байге ала элек. Алтын байгеге суусап, үмүт артып жаткан кыргыз элине аны тартуулоо бактысы кимге буюрду болду экен?

АЙСУЛУУ АЛДЫ КҮМҮШТҮ, ӨЧҮРБӨДҮ ҮМҮТТҮ!

Айсулуу Тыныбекова табына келип, Олимпиаданын алтынын эңсеп, каалап келген балбан кызыбыз. Ал спортто көп ийгиликтерди багындырды, буга чейин эки жолу Олимпиада оюндарына катышты, Дүйнөлүк чемпиондукту жеңди, Азиянын бир нече жолку чемпиону, айтор, Айсулуу албаган медаль калган жок, азыр балбан кыздын бир эле максаты, кыялы – ал Олимпиаданын алтыны эле. Тилекке каршы, финалдык беттеште япониялык балбан кыз Каваи Юкакодон 4:3 эсебинде утулуп калды. Эч нерсе эмес, Айсулуу! Кыргыз кыз-келиндеринин спортко болгон каалоосун ойготтуң, ушул сенин жеңишиң! Сенин артыңда Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы өңдүү кыздар чыгууда, сен кыргыз кыздарына кызбы, эркекпи, чек жок, каалоо болсо кыялга жетүү мүмкүн экенине далил болдуң!

Ошондой эле Айсулуу 62 килограмм салмакта атаандаштары латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0, румыниялык Криста Тунде Инчени 6:0, украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан эле.

СПОРТЧУЛАРГА СЫЙЛЫК АКЫЛАР

Олимпиада оюндары жыйынтыкталарына саналуу күндөр калды. Командалык эсеп боюнча алдыңкы бештикте Кытай, АКШ, Япония, Улуу Британия, Австралия келе жатат. Токиодон байге алып келген спортчуларга кандай сыйлык акылар каралган? Борбор Азиядан Олимпиадага эң көп 97 спортчуну Казакстан жөнөттү, ал эми Өзбекстан 71, Кыргызстан 16, Тажикстан 10, Түркмөнстан 9 спортчусун жиберишкен. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө чоң сыйлык берген өлкөлөрдүн башкы сабында Казакстан турат. Бул өлкөдө Олимпиада чемпиону 250 миң доллар, күмүш медаль тагынган спортчу 150 миң доллар, коло медалдын ээси 75 миң доллар алат. Медалга жараша машыктыруучуларга да сый акы төлөнөт.

Борбор Азиядагы экинчи чоң сый акыны Өзбекстан өз спортчуларына убада кылып жатат. Өзбек өкмөтү алтын медалга 200 миң доллар, күмүшкө 100 миң доллар, коло медалга 50 миң доллар бере турганын жарыялаган.

Кыргызстан алтын уткан спортчуга 10 миллион сом (118 миң доллар), күмүш алгандарга 7 миллион сом (82 миң доллар), ал эми коло байге алгандарга 5 миллион сом (58 миң доллар) сый акы берүүнү убада кылды.

Тажикстанда Олимпиадада ийгилик жараткан спортчуларга сый акы президенттин фондунан бөлүнөт. Алтын медалга 26,3 миң доллар, күмүш медалга 22 миң доллар, коло медалга 17,5 миң доллар берилет деген, бирок спортчулары медалсыз үйүнө кайтышты. Түркмөнстан Олимпиадада медаль уткан спортчуларына кандай сый акы берилерин жарыялаган эмес.

ОЛИМПИАДАГА БАРГАН СПОРТЧУЛАР

Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандан жалпы 16 спортчу намыс талашууда. Алар: балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, суучул Денис Петрашов, жөө күлүктөр: Нурсултан Кеңешбеков жана Дарья Маслова. Ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров.

Дзюдочу Владимир Золоев биринчи беттешинде эле орусиялык спортчу Алан Хубецовго утулуп калды. Бирок Золоевдун беттешинде анын кимоносунда KGZ деген жазуусу жок, машыктыруучусу жок чыкканы көпчүлүктү таң калтырды. Көрсө, беттеш алдында кимоно-көзөмөлдөө эрежеси боюнча спортчунун кимоносунун узуну, туурасы эл аралык стандартка туура келбей калса спортчу кимонодо жазуусу жок чыгып, машыктыруучусу ал беттешке катыша албайт экен.

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмак боюнча 6-орунду камсыздады. Балбан Айпери Медет кызы өз салмагында 5-орунду, Жоламан Шаршенбеков 7-орунду камсыздашты. Балбандар Үзүр Жусупбеков менен Атабек Азисбеков Олимпиадада ийгилик жарата албай оюндагы жүрүшүн токтотушкан. 5-августта эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев, 6-августта Айаал Лазарев, 8-августта жөө күлүк Дарья Маслова беттешке чыкмакчы.

ҮЛБҮРӨГӨН ҮМҮТТҮ ЖАНДЫРГАН АКЖОЛ

Токио Олимпиадасында алгачкы медалды балбан Акжол Махмудов алып келди. Анын финалдык беттешин Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы чоң экрандан миңдеген киши түз эфирден көрүп турушту. Көпчүлүгүбүздү сөз менен жеткирип бере алгыс кубаныч сезимдер чулгап алганы бышык. Баары Акжолдун жеңишин каалап, бата берип жатышты. Бирок спорттун өз эрежеси бар, өтө аз айырма менен финалда 2:1 эсебинде биздин Акжол венгриялык Тамаш Лоринцке жеңилип калды. Бирок баары бир азамат! Анткени Акжол 2008-жылы Олимпиада оюндарында күмүш байге алган Канат Бегалиевдин ийгилигин кайталады. Башты бийик көтөр, Акжол! Сен алган күмүш биз үчүн алтынга тете! Токиодогу спортчу жеңиши тууралуу: “Алтын медалга бир кадам жетпей калдым. Бирок Кудайга шүгүр, бул жеңиш үчүн көп даярдыктан өткөнбүз. Финалдан утулуп калып, азыркы сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Сүйүнөйүн десем дагы сүйүнө албайм, кайгырайын десем ага деле себеп жок. Эң эле өкүнүчтүүсү, ушунча күйөрмандарды, кыргыз элин чогултуп, жакшы күрөш, жакшы эмоция тартуулай албай койдум деп ойлойм. Силердин ишеничиңерди актай алган жокмун. Бирок Айсулуу эже менен Мээрим күрөшүп утканына абдан кубандым. Анткени элдин аз болсо дагы көңүлү көтөрүлдү. Мен утулуп калсам дагы, алар элдин маанайын көтөрдү. Жеңишке жалгыз жеттим десем өтө жаңылган болом. Бул жеңиш бүт кыргыз элимдики!"- деп билдирүү жасады.

Эске салсак, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта алгачкы атаандашы тунистик Ламьеда Маафини 11:0, азербайжандык Рафик Гусейновду 9:1, жарым финалда армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде утуп, финалга чыккан. Акжол Махмудовдун тунистик балбанды эки ирет көтөрүп чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) мыкты деп баалады. "Бүгүн Акжол Махмудов "Токио-2020" Олимпиадасында шоу жасады",- деп жазып чыкты аталган уюм.

ОЛИМПИАДАДА МЕДАЛЬ УТКАН АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ КЫЗЫ

3-август күнүн календардан тоголоктоп белгилеп койсоңуз болот, окурман. Дал ушул күнү Олимпиада оюндарында биздин балбандар катар-катар ийгиликтерди жаратышты. Алгач Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып кубантса, андан соң Акжол Махмудов күмүш, артынан эле балбан Мээрим Жуманазарова коло медаль алып, кубанычыбыз коюнубузга батпай калдык. Балбан кыз коло медаль үчүн жеңишинен кийин өзү да көз жашын тыя албай машыктыруучусун кучактап буркурап ыйлап алды. Браво, Мээрим! Кыргыз спортунун тарыхында Олимпиададан байге алып келген алгачкы кыргыз кыздарынын бири болуп калдың! Кошумчалай кетсек, Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча 68 килограмм салмакта алгач болгариялык Мими Христованы утуп, андан соң нигериялык Блессинг Оборудудан 3:2 айырмасында жеңилип калган. Мээримдин атаандашы финалга чыкканына байланыштуу балбан кыз коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алган. Жубатуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:3 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн күрөштө монголиялык Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсебинде утуп коло медалды тагынды.

Рахмадил Жуманазаров, коло байге уткан Мээрим Жуманазарованын атасы: “КЫЗЫМ МЭЭРИМ 21 ЭЛЕ ЖАШТА, БАРАЛЫНА КЕЛСЕ ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ БОЛОТ”

– Кызымдын коло медаль үчүн күрөшүн айылда сыналгыдан үй-бүлөбүз, тууган-туушкандарыбыз менен көрүп отурдук. Сүйүнгөнүбүздөн бир сыйра толкунданып ыйлап да алдык. Кызымды Олимпиадага коштоп барсам мындан жакшыраак ийгиликке жетет беле деп ойлойм. Каяктагы "психологмун, спорт агенттигинде иштейм" деген калп себептер менен делегацияга кирип алгандар болду. Токиого кетерибизге 10 күн калганда бизге "барбай калдыңар" деген кабар келди. Мен ызы-чуу кылганда деле жетишмек эмесмин, вакцина алыш керек, анын биринчисин алгандан кийин экинчисин 20 күндөн кийин аласың, айтор, бизди ушундай туңгуюкка кептеп коюшту. Бирок өзүм барсам окуучуларыма дем-күч берип турмакмын, 40 жыл машыктыруучулук тажрыйбам бар, ал жерде жүргөн 5-6 жылдык тажрыйбасы бар машыктыруучуларга караганда практикам жакшы эле. Айпери Медет кызы да менин окуучум. Айпери, Мээрим экөө Таласта бир айылда бир залда машыгып чоңоюшту. Ал эми кызымдын Олимпиададагы күрөшү тууралуу айтсам, колдон келген аракетин жасады. Менин оюмдагыдай болгон жок, албетте, мен каалагандай болсо алтын алмак да. Кызым ноябрда 22ге чыгат, Кудай буюрса, баралына келсе Олимпиада чемпиону болот.

Сыймык Махмудов, күмүш медаль уткан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы: “АКЖОЛ ОЛИМПИАДАДАГЫ БЕТТЕШТЕ КҮРӨШКӨ ӨЗҮН ТОЛУК АРНАДЫ”

– Мен Акжолдон 2 жаш улуумун. 2008-жылы Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев Пекинден байге алышканда аларды көрүп аябай кубанып, кызыгып, сыймыктанып, атам “силер да ушул жигиттердей чемпион болгулачы, балдарым” деп калды. Ал кезде Ош шаарында жашачубуз, атам биздин машыгуубузга көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Акжол экөөбүз күрөш залына үзгүлтүксүз барып машыкчубуз. Иним 6-класс болгондо үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келдик. Акжол 8-класста Шералы Сыдыков атындагы спорттук мектепке кирди. Ал мектептен азыркы машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовдун колуна түшүп, жакшы тапталды. Акжол Олимпиадага кетип жатканда эле "мен даярмын, жеңем, утам" деген дух менен кеткен, ошол духта эле күрөштү. Спортто бир секунд тагдыр чечип коёт эмеспи, финалдык беттеште иним утулуп калды. Беттештен кийин дароо байланышканыбызда маанайы жок болчу, бүгүн (4-август) өзүнө келип калыптыр, маанайы жакшы. Акжол эми гана Олимпиада жеңишинин даамын татып жатат, мындан кийинкилери азыркыдан даамдуураак болот деген ишеничтемин.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан