Элдос Алмаз, ырчы: “КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ” ЫРЫН АЙЛАСЫЗДАН ЫРДАГАМ”

“Күткөн күн келди, жаным, куш болуп талпынган,
Тагдыр мага, аруу жанга туш кылып бак сунган...”
Бир жылда Ютубда 19 миллиондон ашык көрүү топтой алган бул ырды укпаган кыргыз калбаса керек. Алгачкы ыры менен эл оозуна алынып, шоу-бизнеске ийгиликтүү кадам таштаган ырчы Элдос Алмаз биздин маек төрүбүздө.

Аты-жөнү – Топчубеков Элдос Алмазбекович

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 30-сентябрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары

Бою – 173 сантиметр

Салмагы – 63 килограмм

Билими – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын фармация факультетин бүтүргөн

Репертуарындагы ырлары – “Күткөн күн келди”, “Эми алдаба мени”, “Жан досторум”, “Карындашым” жана башка

– Салам, Элдос! Өзүңүз медицина жаатында билим алган экенсиз. Кантип ырчылыкка келип калдыңыз?

– Салам. Мен кичинекейимден эле медицина менен маданияттын ортосунда чоңойдум. Апам медицинага тартат, мен маданиятка качам. Сабактан качып Маданият үйүнө барчумун. Ал жактагы агай бизди тойлорго алып чыкчу. Бир жолу сабактан качып тойго барам деп апама кармалып калгам. Эч кимге айтпай сабак учурунда кетип калгам. Дос балама “сумкамды алып чыгып берип койчу” десем, ал унутуп калып, кийинки сабакта алып чыгыптыр. Мен ага чейин кетип калгам. Анан ал сумкамды карындашыма берет, карындашым үйгө алып барат. Тойдо музыка коюп отурсам, апам улам чала берди. Ызы-чуу жок жерге барып “апа, сабактамын” деп шыбырап коём (күлүп). Апам “эмне, сумкасы жок эле окуп жатасыңбы?” деди. Калпым чыгып калганын билип агайдан суранып үйгө кеткем. Апамдан уруш уктум. Бирок болбой эле Маданият үйүнө бара бердим. Ошентип жүрүп майрамдык концертте сахнага чыгып ырдап калдым. Ал жактан мени көргөн апамдын курбулары “Элдос жакшы ырдайт экен” деп мактап барышыптыр. Ошондон кийин апам ырдашыма каршы болбой калган.

– Бирок ЖОЖго тапшырганда кайра эле апаңыз жеңип кеткен экен да?

– Ооба. Апам башынан эле "медицина тармагына тапшырасың" деген. Бишкектеги Медициналык академияга өтпөй калдым. Апам Жалал-Абаддагы медициналык колледжге тапшыртып койду. 1-курста окуп жүргөндө 7-каналда телеалпаруучулукка кастинг болуп жатканын угуп калдым. Кычыраган кышта аларга жагайын, жүдөө көрүнбөйүн деп чачымды жасап дирилдеген бойдон костюмчан баргам. Тандоо турунан өттүм, мени эфирге чыгарышты. Ошол жерден такшалдым. Жалал-Абадда атым чыгып калганда таланттуу жаштар айланама топтоло берди. Колдоо көрсөтүү, багыт берүү максатында “Салтанат ордо” деген уюм түзүп, баарынын башын бириктирип койдук. Көптөр ушул жерден өз жолун таап жатышат. Кийин медициналык колледжди аяктап, Бишкекке медициналык академияга тапшырдым.

– Ырчылык кандайча башталды? “Күткөн күн келди” ырыңыздын ушундай хит болорун күттүңүз беле?

– Алпаруучулукта жүрүп тааныш күттүм, топтогон каражатым бар эле. Кыялымды орундатайын деп продюсер издедим. Ал ортодо ырларымды жаздыра баштадым.

Бишкекке келип Медициналык академияга тапшыргандан кийин Нурлан Насип агамдын менеджери болуп жанында жүрүп, көп нерсени түшүндүм. Ал аркылуу өзбек обончулары менен таанышып, эки обон жаздырдым. Ал даяр болгончо продюсер да табылды. Продюсерим баягы эки обондун бирин жактырды. Текстти акын Акбар Кубанычбековго жаздырдык. Мен мурун бул обонго салып өзүм эле “сен мени таштап кеттиң, мен сени кечирбейм” деп ырдап жүргөм. Үйгө барып акын жазып берген сөздөр менен такыр ырдай албай койдум. Акбарга “муну ырдай албайм, өзүм ырдап жүргөндөй кылып жазып бер” десем, “мен Нарындамын” деп койду. Болбосо Бишкекте жүрөт, мага такыр Нарындан келбей койду. Анан айласыздан ырдадым. Кийин “бул ыр өзүмө жаккан, мен антпесем чыкпай калат эле” деди. Ыраазы болдум. Акча кетсе кетсин деп ырдын клибине профессионал актёрлорду тарталы дедим. Клипке баш-аягы 250 миң сомдой каражат кетти. Эфирге бергенден аз өтпөй эле карындашым “аке, телевизордо жүрөсүз” деп чуркап келди. Мынча бат эфирден кетет деп күткөн эмесмин. Далдырап эле туруп калдым. Ошол күнү бир тойго чакыруу түштү. Ал жерден биз ойлобогон чоң акы беришти. Ютубга жүктөгөндө бир суткада 150 миң жолу көрүлгөндө нес болуп калдык. Миллион көрүү болсо чыгармачылык топко кой союп берем дедим. 1 аптада эле миллион жолу көрүлүп кетти. Той, тартуу иштеринен колубуз бошобой жүрүп койду кышта жедик.

– Бул рекордду башка ырлар менен жаңылагыңыз келсе керек?..

– Көп нерсе Кудайдан экен. Биринчи ырым мени ээликтирип коюптур. Бир ырың катуу чыгып, кийинки ырларың андай деңгээлге чыкпаса көңүлүң чөгө түшөт экен. Эгер алгачкы ырым хит болбогондо “кой, апамдын сөзүнө көнөйүн” деп медицина тармагына кетмекмин.

– Чыгармачылыктан тышкары эмне иш менен алексиз?

– Кочкор-Атада жеке клиникабыз бар. Ошону чоңойтуп жатабыз. Учурда курулуш иштери менен алекмин. Бул жылы президентибиз Садыр Нуркожоевичтин үгүт иштеринде модератор болуп жүрдүм. Тебетей кийип, көз айнек тагынып алсам мени көпчүлүк тааныган деле жок. Жети облусту кыдырдык. Президент өтө жөнөкөй адам. Көп нерсени жанындагылар татаалдаштырып жиберет экен.

– Кандайча иштешип калдыңыз?

– Мага сунуш түштү, ойлонбой эле макул болдум. Стадиондордо концерттерди алып барып жүргөм, тажрыйбам бар. Айрымдар “президенттин жанына бардың, Элдос, эми кайсы жакка барасың?” деп сурашты. Мен бир кызматка барууну деле ойлонгон эмесмин. Ишимди аткардым, кеттим.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз.

– Үйдө 3 бир тууганбыз. Эжем, карындашым бар. Үйдө, окуу жайда, жумушта жалаң кыздардын курчоосундамын.

Апам өзү фармацевт. Турмуш экен, атам менен апам биз кичинекейибизде эки ажырым жолго түшкөн. Биз апам менен калганбыз. Бирок атам, атам тараптагы туугандарыбыз менен мамилебиз жакшы. Чоң энемди тез эле сагынып кетем. Атамдын аты Алмаз. Элдос Алмаз деп чыкканымда аябай кубанган.

– Элдин сиз жөнүндө эмне ойлоп жатканы маанилүүбү? “Эл эмне дейттен” коркосузбу?

– Ооба. Азыр эптеп эле хайп болсун деп бир нерселерди кылып жатышат. Бул убактылуу нерсе, бат эле унутулат. Бирок маалымат каражаттарында сакталып калат. Эртең мамлекеттик кызматкер болуп калышым мүмкүн, балалуу болом дегендей. Чоң ата болуп калганда интернеттен неберелериңдин сенин калжактаган жоруктарыңды көрүп жатканын элестет. Бул туура эмес. Ошон үчүн эл мени жаман жактан сөз кылбасын деп өзүмдү этияттайм.

– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылыгыңыз өркүндөп-өсө берсин!

КЫСКА-НУСКА

– Үч сөз менен өзүңүздү сүрөттөп берсеңиз.

– Жоопкерчиликтүү, аракетчил, көп ойлонгон.

– Кандай күчкө ээ болгуңуз келет?

– Баарына жылмаюу тартуулаган.

– Жүзүңүзгө кантип кам көрөсүз?

– Косметологдорум бар.

– Бир учурда эки кыз менен сүйлөшүп көрдүңүз беле?

– 3 кыз менен деле сүйлөшүп көргөм.

– Пара берип көргөнсүзбү?

– Тилекке каршы, ооба.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-08-09 11:38:55
Жаман жаш көрүнөт го.ийгилик
+1
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан