Гүлзада Кадырбаева, 23 жашта: “ТЕПКИЧТЕН КУЛАП БҮКҮР БОЛУП КАЛДЫМ”

7 жаштагы кыздын тагдырын мектептин тепкичинен кулап кетип жаракат алуусу өзгөрткөн. Жаракаттын айынан буту баспай 1 жыл төшөктө жатууга аргасыз болгон. 1жылдан кийин бутуна туруп басып кеткени менен, ден соолугу толук калыбына келген эмес. Кийин азабына бүкүрлүк кошулган. Азап тартып келатканына 16 жыл болсо да тагдырдын сыноосуна моюн сунбай, жакшылыктан үмүт үзбөгөн 23 жаштагы Гүлзада Кадырбаева оор тагдырын баяндайт.

“1 ЖЫЛ ТӨШӨКТӨ ЖАТТЫМ”

– Мен 1998-жылы Кемин районунун Орловка шаарында туулгам. 5 бир тууганмын. 2 байкем, 1 эжем, 1 иним бар. Учурда Орловкада апам, иним менен жашайм. Кичине кезимден бери ден соолугумдун азабын тартып келем. 1-классты аяктап жатканда танапис маалында балдар тепкичтен жөөлөп кетип кулап түшкөм. Ошол каргашалуу күн бактылуу балалыгыма балта чапты. Жыгылып кеткенден кийин өзүмдү жакшы эле сезип жүргөм. Бир нече күн өткөндөн кийин белим катуу ооруп, бутум баспай калды. Апам Таш-Дөбө айылындагы курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жаткырды. Ал жакта 6 ай жатып дарыланышым керек эле. Бирок 3 айда жыйынтык болбогондуктан башка ооруканага которушкан. Эки бутум баспай 1 жылдай төшөктө жаттым. Ойноп-күлүп, таттуу балалыктын доорун сүрө турган маалда бутумдун баспай калганы оор болду. Кудайдын кудурети, апамдын, бир туугандарымдын жардамы менен бутума туруп басып кеттим.

2-класста окуй баштадым. Бирок тепкичтен кулаганда омурткама да доо кетип, кыйшайыптыр. Мындан улам бүкүр болуп, боюм да өспөй калды. Бир нече жыл мурун Бишкектеги 4-шаардык ооруканага көрүнгөндө дарыгерлер “операция кылганга болбойт, омуртка сөөгү сынып, жүлүнгө доо кетип, баспай калышы мүмкүн” дешкен. Апам коркуп андан башка ооруканага көрсөткөн жок, аны да түшүнөм. Бирок операция жасалса жакшы болуп кетеримден үмүтүмдү үзбөй келгем.

Мындан тышкары сол кулагым укпайт. Аппарат менен жүрөм. Тепкичтен кулап ооруканада жатканда кулагым сезгенип суюктук аккан болчу. Ошондо баласын карап, палатада чогуу жаткан бир эже спиртке ватаны чылап кулагыма салган болчу. Спирт кулагымды күйгүзүп салыптыр. Ошондон бери кулагымдын азабын да тартып келем. Аны операция кылууга 43 миң сом керек экен.



“ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛБАСА ДЕМ АЛУУМ КЫЙЫНДАЙТ”

– Түркияда эжем үй-бүлөсү менен жашайт. Былтыр ал мени эс алууга чакырып, барып келгем. Ал жактан интернет аркылуу меникиндей диагнозу барларга операция жасай турган түрк врачын таап жолуктум. Ал “2 жолу операция кылып бүкүрдү түздөсө болот” дегенде аябай сүйүндүм. Көп жылдан бери дарыгерлерден ушул жоопту күтүп келгем. Ошондон кийин көкүрөгүмдөгү үмүт алоолоно баштады. 2 операция 15 миң доллардан 30 миң долларды чапчыйт экен. Операция жасалбаса бара-бара дем алышым кыйындайт экен. Диагнозум бел жана көкүрөк омурткаларынын кыйшаюусу, көкүрөк омурткасынын кыйшайгандан улам оркоюп чыгып калуусу (омурткалардын жылышып кетишинин жыйынтыгынан болгон). Бүкүрлүк ошондон жаралган. Бүкүрлүктөн улам көкүрөгүм кысылып, далым оорлошуп турат. Азыртадан эле дем ала албай кыйналам. Бутум да бара-бара баспай калышы мүмкүн экен.

Мурун апам операция жасатканга каршы болчу. Түрк дарыгери жасаган операциялардын жыйынтыгын көрсөтсөм апам айла жок макул болду. Баары жакшы болот деген үмүттөмүн. Бул оюмду азыр үйдөгүлөрдүн баары колдоп жатышат.

“АКТРИСА, ФОТОМОДЕЛЬ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

– Мектепте окуп жүргөн кезде 1 жылда 2 жолу бутум тырышып, айлап төшөктө жатып калчумун. Кийин көп тырышпай калган. Бирок азыр 1 айда бир жолу кармап жатат. Андайда ооруну басаңдатуучу дары ичем. Чалкамдан жата албайм, капталымдан, көмкөрөмдөн гана жатам. Оор жумуштарды жасай албайм. Көп бассам белим сыздап ооруп, бутум тырышып баштайт. Ден соолугума байланыштуу иштей албайм.

Бүкүрүм билинип тургандыктан көчөдө балдар колу менен көрсөтүшүп туурашат. Башында аябай жаман болчумун. Канчалык оор болсо да мындай шылдыңга көңүл бурбаганга, жүрөгүмө жакын кабыл албаганга аракет кылам.

Кыялдарым көп. Операция жасаткандан кийин курбум менен чакан бизнес ачкым келет. Чыгармачылыкка жакынмын. Актриса, фотомодель болуу да кыялым бар. Бардык кыздардай эле турмушка чыгып, эне болуу бактысын таткым келет.

“КАЙРЫМДУУ МЕКЕНДЕШТЕРИМДИН КОЛДООСУНА МУКТАЖМЫН”

– Былтыр атам жүрөгү кармап каза болуп калды. Ал барда эч нерседен кем болбой жакшы жашап жатканбыз. Азыр турмушубуз өзгөрдү. Жашоонун кызыгы кетип, канатым сынгандай болуп калды (ыйлап). Анын колдоосу менен депрессияга көп түшчү эмесмин.

Ден соолугумду калыпка келтирүүгө кайрымдуу элимден жардам сурайм. Жалгыз үмүтүм сиздерде. Тамчыдан көл куралат эмеспи, көңүлүңүздөрдөн чыккан каражатты которсоңуздар керектүү сумма чогулуп калат деп ишенем. Азырынча 3 миң доллар гана чогулду. Дагы 27 миң доллар чогултушум керек.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 0894 4665 3629

Visa: 4177 4901 4905 6527

MBank: 0999121031

MegaPay: 0999121031

О! Деньги: 0705121031

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nina.alex
2021-08-09 10:36:41
Элим, жардам берели
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-08-09 11:22:29
И жаным Аллахым шыпаа берсин, аз өмүрд бири бирибиздин көңүлүбүздү оорутпайлы,ден соолуктун баркын билели
+5
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан