Айдина Турдалиева, тиктокер: “TIKTOK`ТУН АРТЫ МЕНЕН ТАСМАЛАРГА ТАРТЫЛУУ СУНУШТАРЫ ТҮШТҮ”

TikTok жылдызы Айдина Турдалиева “эмне дей аласың?” деген сөзү менен белгилүү жол эрежесин бузган айдоочуну туурап видео тартып элге таанылган. “Видеолорум жакшы көрүлүп кетерин күткөн эмесмин” деген тиктокер менен кыскача маектештик.

– Салам, Айдина. Алгач өзүң тууралуу айтып берсең...

– Мен Чүй облусунун Ысык-Ата районунан болом. 2000-жылкымын. Кыргыз экономика университетинин колледжинде менеджмент факультетинде 3-курста окуйм. Соода борборунда эмерек сатуучу болуп иштейм.

– TikTok`ту качан тартып баштадың? Эмнеге эркектин образын тандадың?

– Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. 4 кыз, бир эркек, кыздардын кичүүсү менмин. Менден кийин эркек төрөлгөнгө үйдө мени эркелетишчү. Эрке анан кичине эркекке окшош мүнөзүм бар. Эжелерим жоош, мен тыңыраакмын. Мурдатан эле видео тартканга кызыкчумун. Кээде тартып социалдык тармакка жүктөп калчумун. Бирок мындай образга кирип аткарчу эмесмин. Көп деле көрүлчү эмес. Эжекем “видео тартсаң тарт, бирок өзүңдүн образыңды тап” деген. Эмне кылсам деп ойлонуп жүргөндө “Эмне дей аласың, 91-жылкыбыз?” деген ТВ кайгуулдун видеосу чыгып, эжем “ушуну тартып көрсөң” деп жөнөтүп калды. Кайра өчүрүп коём деген ой менен тартып киргизип койгом. Унутуп калыптырмын. Бир кезде телефонду карасам каттар, комментарийлер толуп кетиптир. Алгач комментарийлерди окугандан корктум. Мени жамандап жатышат деп ойлодум. Бирок жакшы эле ойлорун калтырышыптыр. Мындай көп көрүү топтойт деп деле күткөн эмесмин. 2 миллиондон ашык көрүлгөндө мындан ары да тартсам көрүшөт экен деген чечимге келгем. Мындай образ менен элге таанылуу оюма да келген эмес. Мектепте өтө тынч болчумун. Сынак, кече, эч нерсеге катышчу эмесмин. Азыр баары таң калып жатышат. Апама “кызың TikTok тартат экен” деп тааныштар айтышыптыр. Апам башында “кыздай болуп эле жүрчү” деп каршы болуп жаткан. Эжекем апамды көндүрүүгө жардам берди. Атам социалдык тармакка кирбегендиктен али биле элек. Учурда 120 миң катталуучум бар.

– Элге таанылып калгандан бери эмне өзгөрдү?

– Тасмаларга тартылуу сунуштары түшүп жатат. “Тойбой” деген кинодо башкы каармандын ролун ойноого сунуш түшкөн. Бирок баш тарттым. Мурда бул чөйрөгө аралашпагандан кийин корктум. Бирок болбой эле өзүмдүн образыма жакын эпизоддук роль беришти. Андан кийин “Вайнер” деген сериалга чакырышты, ага тартылдым. Эми ырчы Султан Садыралиевдин “Сен ыйлаба” ырынын клибине тартылып бер дешти. Буюрса, тартуу иши башталат.


– Анан жактыбы чыгармачыл чөйрөгө аралашкан?

– Жакты, жаңы адамдар менен таанышып дегендей. Айнура Тургунбаеванын (ред.: Сакиш) аткарып жатканына аябай суктандым. Ал күлчү жерден күлүп образга бат кирип, кайра бат эле чыгып кетет экен. Мен дагы курстарга барсамбы деп жатам. Мен мурун таанышың жок болсо эч жакка чыга албайсың деп ойлочумун. Менин харизмамды, кыймыл-аракетимди жактырышат көрүнөт. Комментарийге “келечектеги актриса” деп көп жазышат.

– Эреже бузган айдоочуларды туурап жүрөсүң. Өзүң унаа айдайсыңбы?

– Жок, айдоочулук күбөлүгүм да жок. Видеолорду атамдын унаасынын жанынан эле тартам. 5-класстагы сиңдим операторум.

– Эркекче жүргөн образ качан алмашат?

– Ушуну күтүп жатабыз деп идеяларды катталуучуларым жиберип турат. Сөгүнгөн сөздөр көп болсо тартпайм. Башка образдагы видеолорду тартайын деп жатам. Себеби ушул эле кийимиң менен чыга бересиңби дегендер көбөйүп баратат. Бирок мени спорттук күрмө менен чыккан образда жакшы таанышат. Дагы көрө жатарбыз.

– Ийгилик сага!

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Тик-Ток жылдызы: "Өзүмдүн образым өзүмө жагат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Stervamyn
2021-08-09 12:35:59
Илгерки адамдардан алсанар боло интервью
+1
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан