КОЙ (21.03-20.04)
Сизди активдүү болууга түрткөн маалымат аласыз. Ал иштеги жаңы көрсөтмө же туугандар уюштуруп жаткан иш-чара болушу мүмкүн. Билимди өркүндөтүүгө киришип, иш графигин так сактоого аракет кылыңыз. Алгачкы таасирге жетеленип, жаңы тааныштарга колдоо көрсөтпөңүз. Алар жеңишке жетүү үчүн сизди убактылуу колдонушат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иште көзгө көрүнөрлүк прогресс, профессионалдык өсүү болот. Жакшы сунуш түшсө ойлонбой макул болуу керек. Маселелерди чечүүгө акча керектелет. Эмоционалдык согуштун аренасы үй-бүлөлүк очок болмокчу. Бирок жыйынтыгы кечиришүү менен аяктайт. Айрымдар чет өлкөгө кетүүнү ойлонуп, документ дайындоого киришет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Тынбай бир нече ишти бүтүрүүгө тырышасыз, жыйынтык да жакшы болот. Бирок иштин көптүгү чарчатат. Чөйрөдөгүлөрдүн жоругу, ушагы ачууңузга тиет. Күнөөлүүлөрдү издегенче сиз эмнелерди өзгөртө аласыз, ошол жагын ойлоңуз. Бойдоктор жаккан адамынын жүрөгүн багындыруу тактикасын ишке ашырышат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашоого философиялык мамиле жасап, өзүңүздүн мүмкүнчүлүктү салмактап көрүп, жашоо багытыңызды өзгөртүүңүз мүмкүн. Жакындарыңыздын учурда сизди колдоого мүмкүнчүлүктөрү бар, ушундан пайдаланып ири планга киришиңиз. Бирге иштешкен адамга калп айтпаңыз, жоголгон ишенимди кайтаруу кыйын болот.
АРСТАН (23.07-23.08)
Пландар түп-тамырынан өзгөрүп, форс-мажордук кырдаалды башкарууга туура келет. Эгер кырдаалды убагында аңдап, ага жараша ыңгайлаша албай калсаңыз уттурасыз. Жеке жашоодо жагымдуу мүнөттөр күтүлөт. Мактап-жактап коюшса эле ачылып-чачылып кетпеңиз. Короткон акчанын ордун толтуруу кыйын болот.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиз күчтүү болууга, баарын көзөмөлдөөгө көнгөнсүз. Ошентсе да адамга эс алуу керек. Сизсиз деле ар ким өз ишин, өз жашоосун алып кетүүгө далбас урарын эске алыңыз. Ийгиликтер ар тараптан жылмаят. Чечимдерди кабыл аларда алардын кесепетин ойлонуу керек. Болбосо оңдоого болбой турган ката кетирип аласыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кыялдарды кубалабай реалдуу максат коюңуз, аларды ишке ашырууга белсениңиз. Каржылык абалыңыз кененирээк жашоого азырынча мүмкүндүк бербейт. Бирок аптада чоң чыгашанын чыкпай тургандыгы деле сүйүнөрлүк. Чоң маселелер горизонтто көрүнбөйт, майдаларын бат эле чечесиз. Андыктан эс алууга басым жасаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Оор иштерден бошоп жеңилдейсиз. Ушундан пайдаланып жашоонун ырахатын татууга киришесиз. Жаңы керектүү адамдар менен таанышуу зарылдыгы чыгат. Достор аркылуу аракет кылыңыз. Иште убактылуу баш аламандык күтүлөт. Кутумдарга аралашпаңыз, болбосо жетекчиликке жаман көрүнүп каласыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өткөн күндөр, окуялар, алдыдагы жашоо тууралуу терең ой жүгүртүп, көп суроолордун жообун өзүңүздөн табасыз, пландарды түзөсүз. Бул сиздин чоң жеңишиңиз болмокчу. Кыйын кырдаалга туш болгон досуңузга колдоо көрсөтүңүз, кийин сиздин жакшылыгыңыз бааланат. Бийиктикте иштөөдө абайлаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ийгиликтерди жаратасыз, бул өзүңүзгө болгон ишенимди бекемдейт. Жеке жашоого келсек, үйдөгүлөргө мораль окуп, эркиндигин чектеп кысымга албаңыз. Болбосо алар да катуу айтып, уруш чыгат. Чөйрөдөгүлөрдүн ичинен сизге колдоо көрсөтүмүш болгону менен арам ою ичинде жаткандар билинет. Белек аласыз, же тартуулайсыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ызы-чуулуу абалга көнүп, маселелерди ары-бери чече салгандарды да алдастата коё турган кырдаал чыгат. Эч нерсени көз жаздымда калтырбай аңдап, маалыматтарга так болуп, абалга жараша иш кылыңыз. Үйдөгүлөрдүн биринин ийгилигин белгилейсиздер. Имидж, стилиңизди өзгөртүп, элге жаңыча көрүнүүңүз мүмкүн.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Өнөкөт чарчоо иш ыргагын, активдүүлүктү төмөндөтөт. Майда маселелерге көңүл коюп, убагында четтетпесеңиз алар билинбей жыйналып, сизге түйшүк тартуулап коёт. Жакын адамыңызга байланыштуу кабар тынчыңызды алышы мүмкүн. Эмерек же башка үй буюмун жаңыртууңуз ыктымал.