– Чогултулган далилдер менен ырасталып, келишимдерди түзүүдө, ар кандай өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүдө "Камеко" жана "Центерра" канадалык инвесторлор менен кызматташуунун бүткүл мезгилинде ири өлчөмдөгү коррупциянын далили, "Кумтөр" кенин иштетүү менен байланышкан жана алардын шарттары Кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп бербейт",- деп айтылат маалыматта.
"Тергөөдө аныкталган коррупциялык фактыларды жана канадалык инвесторлор менен Кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербеген келишимдердин шарттарын эске алуу менен, тергөө, республиканын Башкы прокуратурасы менен бирге "Кумтөр" долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштады. 1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө акыркы стадияда турат,- деп белгиленет иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгында.
Лунара Бекиева