– Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү коррупциялашып кеткендиктен 2010-жылы ИИМдин бул функциясы Финансы полициясына өткөрүлүп берилген. Жакында коррупциялык көрүнүштөрдүн күчөп кеткендигинен улам Финпол жана Коррупцияга каршы кызмат жоюлду,- деп айтылат билдирүүдө. Участкалык милиционерге бизнести көзөмөлдөө укугун берүү ИИМ системинде коррупциялык схемаларды түзүүгө жол ачат дейт аталган кеңеш.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров экономикалык кылмыштуулукту иликтөө боюнча участкалык милиционерге кошумча укук берүүнү демилгелеп чыккан эле. Тагыраагы, участкалык милиционер лицензия, уруксат кагаздарын берүү жаатындагы экономикалык кылмыштарды аныктоого жана токтотууга катышат деген норма сунушталууда. ИИМге бул жаатта тийиштүү документтерди даярдоо тапшырмасын берген. Тапшырманы аткаруу алкагында атайын жумушчу топ түзүлүп, 4-август күнү топтун биринчи жыйыны өттү.
9-август күнү Экономика жана финансы министрлиги аталган маселе изилденип жатканын билдирип, ишкерлерди көмүскө экономикага каршы күрөшүү аракетине активдүү катышууга чакырды. “Биздин максат – ишкерликке бут тосуу эмес, мыйзамдуу иштеген ишкерлерди колдоо”,- дейт министрлик.
Лунара Бекиева