Энергетика жана өнөр жай министрлигинен маалымдашкандай, президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында эки мамлекеттик жетекчилери Кыргыз жергесине электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашышкан.
"Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргызга 501,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ушул жылдын 9-августуна карата Түркмөнстандан кол коюлган келишим боюнча, 19 миллион 200 миң киловатт-саат электр энергиясы экспорттолду. Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргыз жергесине жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө", - дешти министрликтен.
Буга чейин Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Кыш мезгилинде импорттогон электр энергиясын мамлекет атайын графикке ылайык жай мезгилинде кайтарып берүүгө тийиш. Мисалы, Казакстан 2021-жылдын март айынан ноябрга чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр жарыгын берет. Өзбекстан 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын апрель айына чейин 750 миллион киловатт-саат электр кубатын бермекчи. Кыргызстан жалпы 1 миллиард 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алат. Келишимге ылайык, Кыргыз тарап 2021-2023-жылдары июнь-август айларында аталган мамлекеттерге 550 миллион киловатт-саатка чейин электр жарыгын кайтарып бериши керек.
Лунара Бекиева