Ордуна келиши мүмкүн болгон адамдын атын айтуудан баш тартты. Тандоо элдин колунда экенин, беларусь эли кимди тандаса, ошол адам өлкө башына келерин билдирди. Айрым эксперттер Лукашенко кызматтан кетүүнү чечсе, ордуна анын уулу Виктор Лукашенко шайланып келиши мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Мындан башка да 2-3 адамдын ысымдары аталууда.
Беларуста 2020-жылдын 9-августунда өткөн кезектеги президенттик шайлоодон кийин бир нече ай нааразычылык акциялары уланды. Митингге чыккандар Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылышкан. Бул окуядан кийин ондогон адамдар кармалып, камалышканы белгилүү.
Айта кетсек, Беларусь Кыргыз өлкөсү менен ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ өңдүү эл аралык уюмдарда мүчө. Өлкөнү Лукашенко 27 жылдан бери башкарып келет.
Лунара Бекиева