Көпчүлүк учурда эне тууралуу ырлар жазылат, даңазаланат. Бул жолу ата тууралуу маектешели дедик. “Атам – аска-зоом” деген рубриканын алдында ырчы Нурлан Насиптин атасы Насипбек ага тууралуу кеп кылмакчыбыз. Атасы окууга өткөрүш үчүн алып келген койдун эти, аккордеон, кызы Дарияга болгон сүйүүсү жана башкалар тууралуу маек болду.
– Нурлан, салам. Бул жолу биз атаң тууралуу сүйлөшөлү деп ойлодук, буга “Ата” деген ырыңдын чыгышы да себеп болду. Алгач эле бул ырдын тарыхынан баштасак...
– Саламатсызбы? Ырдын обону меники, сөзүн Токтогулдук акын иним жазып берген. Ырдын жаралышына Самат деген өкүл баламдын салымы бар. Мен көп обондорумду диктофонго жаздырып коём, ал телефонумдан угуп жатып бул ырдын обонун таап алыптыр. Мен Түркияда жүрсөм аранжировкасынын "чёрновой" вариантын жасатып коюптур. Мага жагып калды, анан иштеп чыктык. Клиптин сюжети өзүмдүн жашоомдон алынган, атамдын ырчы болушума чоң салымы бар. Өзү аккордеон менен ырдайт, гитара, комуз чертет. Музыканы баалайт, жакшы түшүнөт. – Өзүнө арналган ырды укканда атаңдын сезимдери укмуш болсо керек?
– Ооба, атама сюрприз болду, кечки тамакка ресторанга чакырып, анан ырдын клибин телевизордон койдук. Атам анчалык деңгээлде сүйүнөт деп ойлогон эмесмин, “ии, жакшы болуптур” десе керек дегем. Атам көрүп толкунданып ыйлап жиберсе болобу. Атамдын ыйлаганын өмүрү көргөн эмесмин. Жашоо өзү кыска экен, ата-энеңди, жакындарыңды баалап, жакшы маанай тартуулап үлгүрүш керек тура.
– Мүнөзү кандай?
– Атамдын мүнөзүн айтыш кыйын (күлүп). Бат жини келет, бат жазылат. Шайыр, тууганчыл киши. Рыспай Абдыкадыровдун ырларын сүйүп аткарчу. Эки бөлмөлүү үйүбүз боло турган, биз уйкудан атамдын үнү менен ойгончу элек. Кыштын күнү мешке отун жагып коюп, аккордеонун алып атам ырдачу эле. Уйкудан ойгонуп эле аккордеонду кармалачу элем, кийин атам черткенди үйрөткөн. Жан дүйнөбүзгө музыканы атам сиңирди, бир туугандарыбыздын баары ырдайт. Эстрада багытындагы жаштарга арналган ырларымды анча жактыра бербейт. Эски чыгармаларды аткарып калсам жактырат. Биз 5 бир тууганбыз, бир эжем комуз, атам аккордеон, мен гитара чертип, баарыбыз ырдачу элек. Бул балалыктын такыр унутулбаган, сонун күндөрү экен.
– Ырчы болоруңа атаң биринчи ишенген экен да?
– Ооба, мени ырчы кылам дечү. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга өзү өткөргөн. Атам бир чоң кой союп, форель балыгын алып “өтүп калсаң агайыңа беребиз” деп алып келген. Жайдын күнү эле, туугандардын үйүнө келдик, бир мүшөк эт муздаткычка баткан жок. Эртеси күнү директорго атам кыргызчылык кылып кирип барды (күлүп). Ал “сенин эле балаң окуйт бекен, сынакка кезек алгыла” деп урушуп коюптур. Атамдын шагы сынып калды. Мен аккордеон бөлүмүнө тапшырам деп келгем, ал бөлүм толуп калыптыр. Экинчи кабаттан комуздун үнүн угуп чыгып барсак, кыргыз аспаптарын үйрөтө турган бөлүм бар экен. Тапшырып, бюджетке өтүп кеттим. Сүйүндүк, баягы коюбузду агайга тапшырдык. Телефондорду алмашып биз айылга кайттык. Кечинде агайыбыз чалып, “коюңарды алып кеткиле, бузулуп кетиптир” десе болобу (күлүп).
Окуу жайда кыргыз аспаптарын үйрөндүм, ушу жаатта окудум, бирок оюмда эстрадага кетсем деп эле жүрөм. Аракетимди байкап Тынчтык Айылчиев аркылуу Канат Кадыржан деген жигит менен таанышып калдым. Акчам жок эле, “2000 доллардай тап, ыр жаздырганга, костюм алганга” дешти. “Акчам жок” дедим. Ырдап сахнага чыккым да келип жатат, ата-энемди да кыйнагым келбей жатат. Атама бир телефон чалдым. Ал байкуш кантип тапты билбейм, миң доллар бирөөдөн карыз алып, салып жибериптир. Ошентип чыгармачылык жолум башталган.
– Ата-энеңдин кимисине жакынсың?
– Мурун атама, азыр апама жакынмын. Эркек бала апасына мүнөзү окшош болот деген чын окшойт. Атам менен чарт-чурт боло түшкөндө апам жайгарып кетет (күлүп). Акыркы учурда апам менен сырдашып калдым, чоң иштер болгондо атам менен кеңешем.
Өткөөл куракта кыздар менен отуруштарга барып калчу элем. Ошондо капа болгонум – атам мени кыздардан да эрте алып кетчү (күлүп). Эми кызыгына келген жерден “атаң келди” деп калышат, сыртка чыксам атам турган болот, алдына түшүп алып келем. Үйгө кирип эле “жок дегенде кыздар кеткенден кийин алып кетпейт белеңиз?” дечүмүн. Көрсө, апам атамды бурап-бурап туруп жиберчү тура, атам “аткаруучу” эле экен. Бултуюп коркутуп жатсам экөө бири-бирине шылтап коюшчу.
– Кээде бала да ата-энесин коргойт эмеспи, сен аларды эмнеден коргойсуң?
– Социалдык тармактардагы хейтерлерден коргойм. Мурун сүрөт көп киргизчү элем, бир жылдан бери такыр токтоттум. Анткени азыр адамдар бирөөлөрдүн тагдыры менен ойноп калышыптыр. Жүрөгү ооруйт дебей эле оюна келгендерди жаза берет. Үй-бүлөңө чейин киришип, чогуу жашап жаткандай жазышканда таң калам. Башында экөө тең кыжалат болушчу, азыр көнүп калышты. Ошентсе да экөөнү жамансөздөрдөн коргоп турам.
– Сени менен сыймыктанышарын айтышабы?
– Эл адамы болуп калгандан кийин ата-энемди таанып базардан деле ыраазычылык айтып, баштыктарын толтуруп бергендер болот экен. Тойго барганда “Нурлан Насиптин атасы же энеси” деп сыйлап төргө отургузуп калышат . Ошондо сыймыктанат болуш керек. Бир туугандарым “силердин бир эле балаңар барбы, бизчи?” деп тамашалап таарынып калышат. Азыр өздөрү да жылдыз болуп калышты окшойт (күлүп).
– Атаңыздын апаңыз менен мамилеси кандай болду? Адатта бала өз ата-энесинен жашоо моделин алат дейт эмеспи...
– Ата-энем ынтымактуу жакшы жашап келе жатышат. Атам кээде апамды бизден да коргоп жиберет, “антпегиле” деп урушуп калат. Азыр ээрчишип эле жүргөнүнө сүйүнөм. Катуу кубантканы – эки жылдан бери экөө тең 5 маал намаз окушат. Кудай буюрса, Меккеге алып барсам деп тилек кылып жатам.
– Азыр өзүң да ата болдуң...
– Кызым төрөлгөндөн кийин мен ата-эненин кадырын билдим. Кызымдын келечеги мени азыр эле ойлонтот, ата-энем 5 баласына беш түрдүү ойлонду да. Ата-энемдин көзүнчө элжиреп эркелетип жиберсем экөө баштарын чайкап калат. Кызымды такыр уруша албайм, эркелете эле берем. Ал мага жакын. Чет өлкөгө же, гастролго чыкканда мага куса болуп калат. Аны кучактап, өпкүлөп койсом болгон депрессия, стресстин баары чыгып кетет.
– Адатта кыргыз мырзалары “ата, мен сизди жакшы көрөм” деп чанда айтышат эмеспи. Бүгүн сага ушундай мүмкүнчүлүк берели. Атаңа гезит аркылуу сүйүүңдү билдирип алсаң болот.
– Ооба, бизде ушундай, ээ (күлүп)? Ата, мен сиздей адамдын уулу болгонум үчүн сыймыктанам. Биздин бактыбызга аман болуңуз. Кыйын күндөрдө бизди тарбиялап, окутуп, бар түйшүккө малынып чоңойттуңуздар. Ата, апа, сиздерди өтө жакшы көрөм. Такыр оорубаңыздар, жаныбызда болуңуздар! Башка мага эч нерсенин кереги жок.
Нуржамал Жийдебаева