Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC`де жеңил салмак чениндеги 15 мыктынын катарын толуктады. Рафаэль Физиев 8-августта UFC 265 мелдешинде америкалык Бобби Грин менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңишке ээ болду. Беттеш "кеченин таймашы" деп бааланып, мушкер бонус катары 50 миң доллар сый акы жана 98,5 миң доллар гонорар алды. Мындан улам кыргыз мушкери уюмдун жаңыланган рейтингинде 14-сапка көтөрүлдү.
Рейтингдин тизмеси:
Жеңил салмак боюнча чемпион – Чарльз Оливейра.
1. Дастин Порье
2. Жастин Гэтжи
3. Бенэил Дариуш
4. Майкл Чендлер
5. Ислам Махачев
6. Тони Фергюсон
7. Рафаэль Дос Аньос
8. Дэн Хукер
9. Конор Макгрегор
10. Грегор Гиллеспи
11. Кевин Ли
12. Диего Феррейра
13. Брэд Ридделл
14. Рафаэль Физиев
15. Арман Царукян
Динара Акимова