Испаниянын “Барселона” клубунан кеткен аргентиналык футболчу Лионель Месси Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубуна өттү. Ал учурда Парижде.
34 жаштагы футболчу менен франциялык клубдун ортосундагы келишим "2+1" (эки жыл, дагы бир жылга узартууга болот) схемасында түзүлгөнү белгилүү болду. Жаңы клубда Месси 30-номерде ойнойт.
34 жаштагы Месси 17 жылын, мындайча айтканда, карьерасынын баарын "Барселона" клубунда өткөргөн. Мессинин клуб менен болгон келишими 30-июнда аяктаган. Кайрадан сунушталган келишимге макул болгону менен, Ла Лиганын эрежелеринен улам тараптар жаңы келишимге кол коё алышкан эмес. 8-августта футболчу клубдан кеткени боюнча маалымат жыйын өткөрүп, эмоцияларын жашыра албай, көзүнө жаш алды.
Алты жолку "Алтын топ" сыйлыгынын ээси, Месси "Барселонанын" курамында 2004-жылдан бери ойноп келген. Каталониялык команда менен бирге аргентиналык футболчу он ирет Испания чемпиондугун, жети жолу Испания кубогун уткан. Төрт жолу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болгон. Месси "Барселонада" расмий оюндарда көп (778) ойногон жана көп гол (672) жараткан футболчу болуп саналат.
Динара Акимова