Ошентип, Токио Олимпиадасы менен коштошууга да убакыт келди. 8-август күнү Олимп оюндарынын расмий жабылуу салтанаты өттү. Акыркы эки жума көпчүлүк спорт сүйүүчүлөрү үчүн укмуштуудай эмоцияга бай күндөр болду окшойт. Айрыкча Кыргызстанда күрөш күйөрмандары футболго күйөрмандык кылгандай эле кылышты. Муну биз күндүн ысыгына карабай “Ала-Тоо” аянтында Токиодогу спортчулардын келишин күтүп отурган мекендештердин маанайынан билсек болот. Олимпиаданын жыйынтыгы, кимдерге ийгилик жылмайды, кимдер тарых жаратты, макала ушул тууралуу болсун.
БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН 2-ОРУНДА
Токиодогу Олимпиада оюндарынын жыйынтыгына келсек, командалык эсеп боюнча 1-орунду АКШ (39 алтын, 41 күмүш, 33 коло), 2-орунду Кытай (38 алтын, 32 күмүш, 18 коло), 3-орунду Япония (27 алтын, 14 күмүш, 17 коло), 4-орунду Улуу Британия (22 алтын, 21 күмүш, 22 коло), 5-орунду Орусия (20 алтын, 28 күмүш, 23 коло) алышты. Ал эми биз жашаган Борбор Азия чөлкөмүндө Өзбекстан 1-орунду (3 алтын, 2 коло), Кыргызстан 2-орунду (2 күмүш, 1 коло), Түркмөнстан 3-орунду (1 күмүш), Казакстан 4-орунду (8 коло) ээледи. Ал эми Тажикстандын спортчулары байгесиз үйлөрүнө кайтышкан. Жалпы Дүйнө боюнча жыйынтыкта Өзбекстан 32-орунда, Кыргызстан 70-орунда, Түркмөнстан 77-орунда, Казакстан 83-орунда турушат. Олимпиадага эң көп спортчуну Борбор Азиядан Казакстан жибергенине карабастан бул жолку оюндар казактар үчүн ийгиликсиз болгонун көпчүлүк казак медиалары жазууда. Ошондой эле казак сегментинде “Казак Олимпиада комитети, уят, ушундай жыйынтык көрсөткөндөн уялгыла!” “Кала берсе, өзбектер менен кыргыздар бизден алдыда, спорт министрин жумуштан айдагыла!” “Казак спорту бизнеске айланып кетти, спорттогу коррупцияны токтоткула!” деген талкуулар кызуу жүрдү. Дагы бир тарых жаратуучу окуя, Түркмөнстан Совет өлкөлөрүнөн тараган мамлекеттер арасынан Олимпиада оюндарында бир да медаль ала элек өлкө болчу. Токио Олимпиадасында түркмөнстандык оор атлетчи Полина Гурьева күмүш байге алып тарых жаратты.
БЕЛАРУСТУК ЖӨӨ КҮЛҮК ПОЛЬШАГА КАЧУУГА АРГАСЫЗ БОЛДУ
Олимпиаданын тегерегинде эң ызы-чуулуу окуя беларустук жөө күлүк Кристина Тимановскаяга байланыштуу болду. Тимановская Токиодо өтчү 100 жана 200 метрге чуркоо боюнча ат салышмак. Спортчунун макулдугусуз Беларусь спорт комитети аны 400 метрге чуркоо жарышына да кошуп койгон. Кыска дистанцияларда гана чуркаган спортчу “менин макулдугумсуз эмнеге 400 метрлик жарышка кошуп коюшат?” деп нааразы болгон, жетекчиликтин мындай чечимин сындап, эмоционалдуу видеокайрылуу жасаган. Көп өтпөй спортчу видеокайрылууну өз баракчасынан өчүрүп, Беларустун спорт министринен кечирим сураганы айтылды. Бул окуядан улам Беларусь спорт чиновниктери Тимановскаянын сары изине түшүп, аны оюндарга катыштырбоо үчүн бардык аракеттерин жасашкан. Акыры алар коркутууга өтүп, “өз каалооң менен Олимпиададан кет, жаракат алдым деп себеп кыл” деп мажбурлашканы тууралуу маалыматтар чыкты. Тимановская ага көнбөй коёт, тескерисинче, спорт чиновниктери менен болгон жарым сааттык сүйлөшүүнү интернетке жүктөп салат. Айла кеткенде, Беларусь спорт комитети спортчуну себепсиз эле оюндан четтеткен чечим чыгарат. Токио аэропортунан Тимановская Эл аралык олимпиада комитетине, Токио полициясына кайрылып “мени мажбурлап Беларуска алып кетип жатышат, менин өмүрүм коркунучта” деп жардам сурап кайрылган. Беларусь Улуттук олимпиада комитети Тимановскаяны Олимпиададан четтетүү чечими анын эмоционалдык-психикалык абалына байланыштуу экенин билдирген. Учурда спортчу Польшада, ал гуманитардык виза алып Вена шаарынан Варшавага учуп кетип, Польшадан башпаанек алганга жетишти. Польша бийлиги Тимановскаянын спорттук карьерасын улантууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Ал эми спортчу мындан ары диктатордук бийликке каршы мекендештери менен бирге күрөшөрүн жарыялады. Өз кезегинде Беларусь президенти Александр Лукашенко жөө күлүк тууралуу “ага бирөө көрсөтмө берип турбаганда мындай кадамга бармак эмес” деп, спортту саясатка аралаштыргысы келген күчтөр болгонун кыйытып өттү.
“ТҮНДҮГҮҢДҮН АЛДЫНА БИРИК, КЫРГЫЗ!”
Жер карабай желкени түздөгүлө!
Биримдиктин билегин күчтөгүлө!
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып,
Сырттан келген жардамды күтпөгүлө!
Турпагыңа белгиңди чийип, кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик, кыргыз!
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
Түндүгүңдүн алдына бирик, кыргыз!
(автор: Мирлан Саамыйкожо)
Ооба, Акжол Махмудовдун “Ала-Тоо” аянтындагы жалындуу кайрылуусу көпчүлүктүн патриоттук сезимин козгоду. Кыргызды бириктирип, бир муштумга айландырган спортчуларга дагы бир жолу таазим. Алгач спортчуларды “Манас” аэропортунан туугандары, ата-энеси, президенттин администрация жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Жылдыз Бакашева, Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчиси Кайрат Иманалиев тосуп алышты. Андан соң Олимпиада оюндарынан келген кыргыз спортчуларын “Ала-Тоо” аянтында тосуп алышып өзгөчө салтанат, шаң менен коштолгон майрамга президент Садыр Жапаров да катышты. Анда Айсулуу Тыныбекова “Мен күмүш медаль алып калганымда аябай көңүлүм чөгүп кетти. Бирок сиздердин колдооңуздарды көрүп, күмүш медалдын баасын билдим, маанайым көтөрүлдү. Мен 2016-жылы сиздерге алтын медаль алып берем деп убада бердим эле. Убадама тура албай калдым, ошол үчүн кечирим сурайм” деп кечирим сурады. Айсулууга сөз берилип, медаль алган Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага сөз берилбей калганын байкап калган президент Садыр Жапаров аянттан эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш берип салды. Эске салсак, Токио Олимпиадасында балбандар Айсулуу Тыныбекова күмүш, Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алышкан.
ТОКИО ОЛИМПИАДАСЫНДАГЫ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Лунара Бекиева