Өлкөдө адам укугу тебеленип, кордолуп, адилеттүүлүктөн тайган учурлар көп эле кездешет. Мейли, ал адам абакта болсун, психикалык жактан жабыркасын, карылар, жетим балдар үйүндө болсун, бирок укуктары тең каралышы маанилүү эмеспи. Кыргызстанда кыйноого кабылган жарандардын арызын укчу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме бар. Бүгүн бизге кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков кыйноого кабылган жарандар тууралуу айтып бермекчи.
«БАШКА ТЭЭП САБАГАНДА КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮП ӨЗҮН КЕСКИЛЕГЕН»
Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун маалыматына караганда, 6-августта аталган борбордун директору Бакыт Рысбеков менен аталган борбордун бөлүм башчысы Бакыт Касымкулов №16 жана Бишкек шаарындагы №47 абактарга текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга карата ырайымсыз мамиле жасалып, укуктары бузулган фактылар аныкталган. Атап айтсак, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылган Р.у.С. аттуу жаран арыз жазган. Арызында ал 5-август күнү эртең менен уктап калгандыктан, эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калгандыгын билдирген. Андан кийин 5-6 күзөтчү аны күчкө салып айып камерага сүйрөп кирип, башка тээп сабашканын, ал аз келгенсип 1 айга чейин айып камерада кармашканын айтат. Мындай кордукка каршылык көрсөтүп, ал көкүрөгүн бычак менен кесип салган деген маалымат айтылды. Соттолуучу айыптууларды жоопко тартууну суранууда.
“УРУП-САБАДЫ ДЕГЕНИ ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛБЕЙТ”
Аталган окуя тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова төмөнкүлөрдү билдирди:
– №16 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам ички тартипти бузгандыгы үчүн буга чейин бир нече жолу айып камерага отургузулган. Бул жолкусунда да кызматкерлерге баш ийбей тартип бузганы үчүн бир ай айып камерасында кармалганы анык. Ал эми кызматкерлер күч колдонуп уруп-сабады дегени чындыкка дал келбейт. Биздин кызматкерлердин үстүнөн прокуратура текшерип турат, анан да жумушка келгенде ар бир кызматкердин кийиминин төшүндө кичинекей камералар кадалат. Ал камерадан кызматкердин ал жактагы бүт кыймыл-аракетин байкоого болот. Ал эми изолятордун ичинде жайгашкан камераларды жетекчилер тынбай көзөмөлдөп турушат. Андыктан ал адамдын кордук көргөнү тууралуу кептердин чындыгы чоң күмөн жаратат.
КАМАКТАГЫ АДАМДЫ ДАРЫЛООДОН БАШ ТАРТКАН
Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери №47 түзөтүү мекемесинде Токмок шаардык соту тарабынан 12 жарым жылга талап-тоноочулук боюнча айыпталып, соттолгон С.А. менен да сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Сүйлөшүүдө ал Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатып жаракатка кабылгандыгын айткан. Терезеге айнек салып жатканда сынган айнектин бир бөлүгү ал жарандын көкүрөгүн кесип кеткен. Чакырууга келген медициналык топ аны күзөтчүлөрдүн коштоосу менен Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып барышканын айткан. Бирок ал жерден дарыгерлер жабырлануучунун соттолгондугун жүйө кылып, аны кабыл алуудан баш тартышканын билдирген.
ТИЛ УКПАГАН ООРУЛУУЛАРДЫ ТЕМИР ТОРГО КАМАШКАН
Кыйноолорго кабылган адамдардын укугу корголуп жатабы? Адамды өз өмүрүнө кол салууга мажбурлагандар жазасын алабы? Ушул суроолордун тегерегинде Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси
Бакыт Рысбековго кайрылдык.
– Бакыт мырза, сиздердин борбор канча мекемеге текшерүү жүргүздү?
– Биздин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн, 8 жыл ичинде баш-аягы 500дөй мамлекеттик мекемеге текшерүү жүргүздүк. 2021-жылдын акыркы 3 айында борборго 17 адам кыйноого кабылгандыгын айтып кайрылган. Алардын 12си милиция кызматкерлеринен жабыр тарткан. Калганы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар.
– №47 колонияда сиздерге даттанган жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам тууралуу айтып кетсеңиз, дарыгерлер аны “соттолгонсуң” деп кабыл албай коюшканын айтып чыктыңыздар.
– Ооба, аны “Тез жардам” кызматы оор абалда Улуттук хирургия борборуна алып келишкенде “соттолгон адамды дарылабайбыз” деген таризде жооп кайтарып дарылоодон баш тартышкан. Мыйзам боюнча, Кыргызстандын жарандары республиканын каалаган медициналык мекемесине чукул келип түшкөндө, өз убагында квалификациялуу медициналык кызматтарды алууга укуктуу. Андыктан дарыгерлердин мындай салкын мамилесине биз да таң калып турабыз. Саламаттыкты сактоо министрлигине аталган окуя боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылып кат жөнөттүк. Азырынча жооп келе элек.
– Негизи эле иш тажрыйбаңызда кыйноолордун кандай түрлөрүнө күбө болгонсуз?
– Көп эле жолу үрөй учурган окуяларга күбө болгонбуз. Мындан 5-6 жыл мурун Бишкектеги карылар үйүнүн биринде “смотрящий” киши бар болчу. Ал ошол жактагы төшөгүнө заара ушатып койгон айрым чыр кемпир-чалдарды таягы менен уруп тартипке чакырып турган. Кызыгы, ошол мекемеде иштеген медайым, санитарка, багуучулар анын “смотрящий” экенин таанышкан. Тагыраагы, администрациянын макулдугу менен ошондой тартип орнотулган. Өлкөбүздөгү психо-неврологиялык мекемелердин биринде болгон окуя да аябай чуу жараткан. Анда кызматкерлер коридорго бийиктиги 170-180 сантиметр болгон темир тор орнотуп коюшканын көргөнбүз. Ал тордун ичине тил укпаган оорулууларды камап коюшчу экен. Жанына кичинекей чака коюп, ошол чакага чоңун да, кичинесин да даарат ушаттырып жүрүшкөн. Биз дароо прокуратураны чакыртып, ошол эле күнү торду буздурганбыз. Дагы бир мисал, милиция кызматкерлери айыпталуучуга күнөөнү моюнуна алдыруу үчүн кыйноонун түрдүү ыкмаларын колдонушкан. Азыр денеде из калтырбай сабоо ыкмасы күч алды, мурун имарат ичинде кыйнашса, камералар коюлгандан баштап азыр сырттан коркутуп-үркүтүп алып киришет.
Биз адам укугун жакшы деңгээлде коргогонго аракет көрүп жатабыз.
– Кыргыз коомчулугу адам укугуна болгон мамилени өзгөртүш үчүн эмне кылыш керек?
– Биздин коомдун адам укугуна болгон мамилеси салкын. Мисалы, биздин борбор абакка отуруп калган саясатчы, белгилүү адамдардан кабар алып маалымат берип калабыз. Айрымдар “ырас болуптур, чала болот” деп табалайт. Ал адам жазасын алды, ошол жазаны өтөө үчүн абакта отурат да. Биздикиндей катаал шарттагы абактарда отуруунун өзү эле кандай жаза. Адам укугуна болгон аң-сезимди өстүрүшүбүз зарыл. Биз оң багыттагы илгерки үрп-адаттарыбызды ойготушубуз керек. Илгери деле өлүм жазасы кыргыздарда болгон эмес, өлүмдөн өткөн жаза элден чыгып калуу болгон. Ата-бабабыз колдонуп келген мурунку баалуулук, өзгөчөлүктөрүбүз менен иш алып барсак көп нерсеге жетишсек керек деп ойлойм.
– Кыйноолордун саны баштапкы жылдарга салыштырмалуу азайдыбы?
– Ооба, азайды, бирок мурун физикалык күч колдонуп көп кыйнашса, азыр адамга психологиялык басым жасап кыйнашат. Мамлекеттик мекемелерде адамды кыйноого алган кызматкерлердин жазага тартылуусу аябай оор маселе. Сотко арыз жазган күндө да тергөө адилеттүү жүргүзүлөрү, адилеттүү өкүмү чыгары күмөн санатат. Жаңылышпасам, бул жаатта 1 эле иш Жогорку Сотко чейин жетип, сот өкүмү чыккан.
– Маегиңизге рахмат!
Лунара Бекиева