СҮЙҮКТҮҮСҮ ТОЛГОНАЙ АРЗЫКЕЕВАНЫН КОЛУН СУРАДЫ

Ырчы, актриса Толгонай Арзыкееванын колун 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити Нурсултан Төлөпберген сурады. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков кайниси менен Толгонайга бакыт каалап алгачкылардан болуп социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жаштарды куттуктады. Толгонай Арзыкеевага байланышканыбызда, ырчы буларды айтып берди.

– Мен Ысык-Көлдө жүргөм. Режиссёр Радик Эшимов менен жубайы жарнамалык съёмка бар деп чакырышкан. Көлдөн Бишкекке келип, съёмка боло турган жерге бардым. Барсам режиссёр, оператор жүрүптүр. Көйнөктөрдү да даярдап коюшуптур. Эки-үч кадрдан кийин эле электр жарыгы өчүрүлүп, экрандан клип көрсөтүлдү. Андан кийин колумду сурады, жигитимдин достору куттуктап жатышты. Мен "макул, макул" деп эле туруп калдым. Чынында, күтүүсүз болду,- дейт ал.

Өз кезегинде биз жаштарга бакыт кааламакчыбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2021-08-17 01:21:31
Бактылуу болгула
0
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан