16-АВГУСТТАН 22-АВГУСТКА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Элдин сөзүн укпай, бирок кырдаалга баам салып, алга жыла бергениңиз оң. Жумуш ордун которууну көздөсөңүз, жакшылап ойлонуңуз. Жаңы иш ордуңуз ойдогудай болбой калышы ыктымал. Бойдоктор жашоосун бүлгүнгө учуратып кеткен адамынын ордуна ойдогудай адам таба алышат. Конокто ашыкча сыпайгерчилик кылбаңыз, олжодон куру каласыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05

Жетекчиңиз менен достор колдоп турганынан пайдаланып карьерадан жылып алыңыз. Соода жаатында иштегендердин кирешеси көп болот. Шейшембиде оозу ачыктыктын азабын тартып, бирөөлөрдөн кечирим сурайсыз. Жума күнү насыя алуу, мүлк сатып алуу маселелери бат чечилет. Апта акырында кээ бирлер өз алдынча дарыланууга аргасыз болушат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумушта алдыга умтулуп чыгам деген аракеттин жыйынтыгы аз болот. Айрымдар кайсы бир ишти бүтүрүүдө жактырбаган адамынын колдоосуна таянууга аргасыз болот. Жеке жашоодо башка менен жаңы мамиле түзгүчө, эски мамилени сактоо артык экенин түшүнөсүз. Үйдөгүлөр менен бир жактарга барып чогуу эс алып келүүңүз ыктымал.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жашоо бир орунда турбагандыктан, пландарды бир сыйра карап чыгыңыз. Үй-жайды оңдоодо бирөөлөрдү жалдаганча досторду чакырыңыз. Дүкөндө, иште абайлабасаңыз, бир нерселерди бүлүндүрүп, бөөдө төлөп каласыз. Үй-бүлөлүүлөр бир окуядан улам балдарга туура эмес тарбия берип жатышканын билишет.

АРСТАН (23.07-23.08)

Пландагандардын баарын бир учурда ишке ашыруу мүмкүн эмес. Өзүңүздү бекер кыйнап, ден соолугуңузга зыян келтирбеңиз. Ишенич артпоо менен жардам берем деген жакшы адамдардан кол жууп калуу коркунучу бар экенин унутпаңыз.

Сүйүү маселесин чечүүдө башкалардын жашоосуна салыштырып чечим чыгарбай, ички туюмга таяныңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Ишиңизде кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Жаңы ыкмаларды өздөштүрүүдө башкалардын кеңешине таяныңыз. Азыктарды чыгарылган убактысына карап жеңиз, болбосо ууланып калуу коркунучу бар. Соода менен алектенгендер тааныштарга ишенип, бирөөгө карыз бербей эле койгону туура. Досторго оюңузду толук айтып салбастан, сыр сактаган туура.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өзүңүзгө жасалган мамилеге, каржылык абалыңызга кайдыгер болуп чыга келесиз. Мунун баары жеке жашооңуздун ойдогудай болбой жаткандыгы. Демек, ойлонууга себеп бар. Аптада маалымат, дарекке так болбосоңуз, убара тартып кейийсиз. Чоң буюм алууга акча жетпей тааныштардан сурашыңыз ыктымал.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Иште чогуу иштегендердин катасын оңдоого жардам берип, лидерлигиңиз өсөт. Түгөйлөр арасында калп айтуудан оолак болуу сунушталат. Болбосо көңүлдөрдүн муздап калуу коркунучу бар. Айрымдарда эски сүйүүнүн оту кайрадан тутануусу ыктымал. Жаңы таанышкан адамдар менен келечекте жакын досторго айланасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сиз колдоо күткөн адамдар жардам бере албай калганы түйшүккө салышы мүмкүн. Сиз өз күчүңүзгө ишенип чоң иштерге аттана бериңиз. Тааныштар арасында жагымсыз ушактардан оолак болуңуз. Билимиңизди жогорулатуу максатында ийрим, семинарга баруу сунушталат. Түгөйлөр чырдын алдын алып, кайым айтышпоосу зарыл.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сизге таасири чоң адам жашооңузга кийлигишет. Бирок капа болбоңуз, ал чечимин бат өзгөртүп, каалаганыңыздай жашайсыз.

Капчыгыңызды кампайтууга мүмкүнчүлүк чыгат, пайдаланып калыңыз. Издеген адамыңызга жолугуп калышыңыз ыктымал. Ден соолугун чыңдагысы келгендер дарылануунун жаңы ыкмаларына басым жасашат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жетишилген ийгиликтерге алымсынбай, андан да бийик көтөрүлгүңүз келип, мээнеткеч болуп чыга келесиз. Киреше кирет. Буга чейин жасаган ишиңиздин үзүрү сиз күткөндөн да жакшы болуп кубантат. Карызы барлардын шаштысын доочулары алмакчы. Апта аягында келечекке план куруп, үйдү жасалгалоого киришесиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жумушта өнөктөштөрдү жаңыча иштөөгө көндүрүп ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Айрымдарга шартка байланыштуу ишин же жашаган жерин алмаштырууга туура келет. Жаңы адамдар менен таанышуунун натыйжасында бойдоктор ортосунда мамиле түзүлөт. Сизге жеткен кабардан улам сапарга чыгууңуз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан