Гүлнара Тойгонбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АДАМ БАКТЫСЫН КАНДАЙ КУРАКТА БОЛСО ДА ТАБАТ»

Гүлнара Тойгонбаева менен жан дүйнөсүнө саякат жасадык десек болот. Өткөн күндөрүнө ыраазычылык менен карап, өзүн өстүрүп жаткан ырчы айым менен бардык темада сүйлөштүк. “Күлүп кой” ырымдан кийин мага шайыр адамдын образы жабышып калды, болбосо мен деле капа болуп, өз дүйнөм менен алышып калам” дейт ал.

– Саламатсызбы, учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

– Саламатсыңар, 25 жашымдан бери сахнадамын. Ырчылыктан башка эмне менен алек болсом деп ойлоп, “KG`тай” балдар теледолбоорун ачкам. Башында вокал боюнча студия болчу, кийин балдарга ыр менен кошо бий, актёрлук чеберчилик керек экен деп аларды коштук. Азыр болгон күчүмдүн, талантымдын баарын балдарга арнап жаткан убагым.

– Мага Гүлнара Тойгонбаева деген ат кантип жасалганы кызык болуп турат?

– Атымды атам койгон, ошол кезде бул ысымдар мода болуп жатса керек эле. Фамилиям өзүмө жакчу эмес, бирок кийин ойлоп көрсөм, мааниси күчтүү экен, жагып калды. Атымдын түптөлүшүнө, инсан катары калыптанышыма ата-энеме ыраазы болом, анткени жакшы билим беришти. Бирок алар сахна адамы болушумду каалашкан эмес. Атам врач, апам мугалим болчу, ырчылык кесипти жактырышкан жок. Кесибим боюнча куруучу, инженер экономистмин. 12 жыл окуп, үч дипломум бар. Бирок ырчылык кесиптин аркасынан түштүм. Политехникалык институтту бүтүп жатканда мен ырчылык жакка эле кетем деп чечип, ата-энемдин колуна дипломду тапшырып, өзүм сахнага кеткем. Ата-энем каалабагандыктанбы, чоң сахнага кеч келдим.

– Кантип таанымал болдуңуз?

– 1990-жылдар, Союз кулап, эл оор абалда эле. Ал кезде ырчылар аз, бирок сапаттуу болчу. Акча жок, жашоо кыйын, жол көрсөткөн адам жок, жылаңач энтузиазм менен эле ырчы болуп жүрүптүрбүз. Вокал менен машыктырган Рафаель Сарлыков болгон. Гастролдоп жүрдүк, суукта-ысыкта калдык, ырларды жаздырдык. Бир-эки хит ыр болду. Ошентип элге таанылдык окшойт. Биз кыргыз эстрадасы деп баштасак, азыр шоу-бизнес болуп кетпедиби. Азыр өнөр адамдары чыгармачылык менен алек болбой, бизнес менен алек болуп жаткандай сезилет.

– Ата-энеңиз кийин ырчылыгыңызды кабыл алдыбы?

– Коңшубуз телевизордон менин ырдап жатканымды көрүп ата-энеме айткан экен. “Менин кызым ушинтип ырдап чыгып жатса сыймыктанмакмын, силер эмнеге уяласыңар?” дептир. Анда бир аз жумшарып калышыптыр. Кийин “Жалал-Абад азем түндөрү” сынагында Гран-приге ээ болуп, машина утуп алдым. Ошондо ата-энем чечимин өзгөртүштү. Өкүнүчтүүсү, ата-энемдин көзү өтүп кеткен, ошентсе да менин ийгиликтериме күбө болуп калышты.

Аксынын кызымын. Кербен шаарчасында төрөлгөм, өз убагында өнүккөн жерлердин бири эле. Орустар көп жашачу, мен орус мектепте окугам.

– Сизди күлүп-жайнап жүргөн шайыр адам катары билебиз, чыныгы мүнөзүңүз кандай?

– “Күлүп кой” деген ыр жана клип мага “күлүп эле жүрө берет” дегендей штампын коюп койду. Ар кандаймын, күлө турган жерден күлөм, ойлоно турган жерден ойлоном, кээде ыйлайм. Эгерде жан дүйнөм жалгыздыкты кааласа элден обочолонуп калам. Психология, эзотерика боюнча китептерди көп окуйм. Өзүмдүн үстүмдөн 15 жылдан бери иштеп келе жатам.

– Жыйынтыгы кандай болуп жатат?

– Бул чек эмес, мен дагы эле бул жолдомун. Жыйынтыгы ички дүйнөм буркан-шаркан болбой тынчып калды. Бейпилдикти сездим, элге өзүмдү салыштырбай калдым. Ийгиликке жетүүнүн жолдорун көрдүм. Айтор, жакшы жакка бара жатам.

– Эмне себептен өзүңүздү изилдеп баштадыңыз?

– Кыйынчылыктар себеп болду. “Эмнеге өзүмдү бактылуу сезе албайм, жеңил сезе албайм?” деп жашоомду анализдеп жүрүп отурдум. Сахнада, эл арасында күлүп-жайнап жүрөсүң, үйгө келсең эле бактысыздык ороп алгандай болот. Китептерди окуй берсең, улам бир сурооңо жооп таап, дагы тереңдеп кете берет экенсиң.

– Мурун “турмушка чык, кеч каласың” деген кысымдар көп болсо керек. Сизде болду беле?

– Мени эч ким кыскан эмес (күлүп). Адам түрдүү курагында бактысын таба алса болот. Адамдар жашоого түгөй менен келет, табиятта баарыбыз жуптуу болушубуз керек. Ал эми андан аркысы тагдырдан...

– Көңүлүңүзгө туура келген мырза чыкса турмуш курасызбы?

– Ким билет, ким билет (күлүп)? Башка темага өтөлү, ээ?

– Акыркы учурда бактылуу көз ирмемиңиз эмне болду?

– Вау дегенби (күлүп)? “KG`тай” балдар теледолбоорунун финалында өзгөчө толкундануу болот. Ушул учурларда өзүмө ушунчалык ыраазы болом. “Ушул идея башыма келген үчүн Кудайга рахмат” дейм. “Ва-аа” деп эле чаңыра албайм, бирок ичимде калат ал кыйкырыктар (күлүп). Ушул көз ирмемдер мен үчүн баалуу. Анткени бул чоң эмгектин үзүрү. Балдардын, мугалимдердин, ата-энелердин, команданын жеңиши.

– Сизге 2019-жылы Эмгек сиңирген артист наамын беришти, кандай сезимдер болду?

– Кеч алгангабы, андай деле укмуш сезим болгон жок. Көрсө, бардык нерсе өз убагында болсо даамы таттуу болот экен. Мен 10 жыл мурун бул наамды алышым керек эле, ошондо стимул, мотивация болмок болуш керек. Мектептин аттестатын 25 жашымда алгандай болуп калдым. Мен, мендей болгон өнөр адамдары наам үчүн чуркаган жокпуз, жагалданган жокпуз, киши салган жокпуз. Беришти, “рахмат” дедим. Унутулуп калбаганыбызга шүгүр.

– Кызыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Кызым Күнай 10 жашка чыгып калды. Ийгиликтери, чоңойгону менен сүйүндүрүп жатат. Өзүнүн пикирин, көз карашын айтса, сүйүнүп калам. Пианинодо ойнойт, ырдайт, бийлейт, чыгармачылыкка жакын. Быйыл “гитара үйрөнөм” деп жатат.

– Чыгармачылыктан тышкары хоббиңиз барбы?

– Төрт жылдан бери волейбол менен машыгам. Бала чагымда баскетбол менен машыкчу элем. Фитнеске караганда азарт менен ойнолгон нерсени жакшы көрөм. “Энелер” лигасы атындагы командабыз бар. Тез-тез байгелүү оюндар болуп турат. Машыгууга аптасына 2 жолу барам. Аялдын иштеринен хоббимди айтсам, тамакты түрлөп эксперименттерди кылганды жакшы көрөм. Өзгөчө коронавирустан улам сыртка чыкпай отуруп калганда бул өнөрүм күч алып кетти (күлүп).

– Рахмат маегиңизге, жаркылдап жүрө бериңиз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
PrinsessaNuri
2021-08-23 21:37:15
Sonun yrchy . Bakyt kaalaym
+1
surgeon777
2021-08-24 12:52:33
Позитианая эже,жагат.
Бакытынызды табыныз.
0
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан