БИР БҮРКҮМ. ЖООКЕР ӨЗҮН АТЫП АЛДЫ...

  • Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында белгиленет.
  • Жалал-Абад шаарында 16-август күнү автоунаа оңдогон жайдан өрт чыгып, 5 унаа күйүп кеткени кабарланды.
  • Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы болуп дайындалды.
  • Жалал-Абадда ЖОЖ мугалими “экзаменди бүтүрүп берем” деп студенттерден мыйзамсыз акча алууга айыпталып жатканы маалымдалды.
  • 16-августта Ош шаарында МАИ инспекторунан качкан айдоочу жол кырсыгына кабылып каза болду.
  • Август айынын жарымында Кыргызстанда бензиндин АИ-92 үлгүсү 5 пайызга кымбаттады.
  • 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталат, мектептер кадимки режимде иштейт.
  • Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
  • Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда кыймыл 19-20-август күндөрү маал-маалы менен чектелет. Себеп – Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт.
  • Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кубакы ашуусунда 17-август күнү кичи автобус жол кырсыгына кабылып, 7 адам каза тапты.
  • Бишкектеги “Сары-Өзөн” жер-жемиш базары толук түрдө мамлекеттин карамагына өткөнү айтылды.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: Калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, коронавирустун 4-толкуну болбойт.
  • 16-августта Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери жолугуп, чек ара чырын болтурбоо жолдорун талкуулашты.
  • Мамлекеттик чек ара кызматы: Жалал-Абадда 21 жаштагы жоокер өзүнө ок атып, учурда ооруканада дарыланууда.
  • 17-августка карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 956 миллион метр куб суу бар. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 миллиард метр кубга аз.
  • Парламент депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри кызматына ат салышуу үчүн арыз берди, шайлоо 26-августта өтөт.
  • Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашуу ратификацияланды.
  • Өмүрбек Текебаев Кыргыздын Германиядагы элчиси болуп дайындалары айтылды.
  • Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Алмаз Мамбетов шаар башчылыгына талапкерлигин көрсөттү.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан