Ооганстанда “Талибан” кыймылы (ред.: Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) бийликти алды. 15-август күнү кыймыл Кабул шаарын басып алып, бүткүл Ооганстан боюнча өз көзөмөлүн орнотконун жарыялады. Ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыга качты, учурда анын кайда экени белгисиз. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жасап, анда: “Мен өтө оор тандоого туш болдум. Хан сарайга кирүүгө ашыккан куралчан талибдердин каршысында бетме-бет турушум керек эле. Бирок анда сансыз мекендештерибиз Кабулдун талкаланышына күбө болушмак. Кан төгүлбөшү үчүн өлкөнү таштап чыгып кетүүнү туура көрдүм”,- деп билдирди. Ошентип 20 жылдык согуштан кийин АКШ аскерлеринин Ооган жергесинен чыгып кетишинин аягы талибдердин тактыны оодарышы менен аяктады көрүнөт.
Маалымат үчүн: 2001-жылы 11-сентябрда АКШда эң ири теракттардын бири орун алып, анда 3 миңдей адам каза тапкан. АКШ буга “Аль-Каида” (ред.: Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) уюмун күнөөлүү деп жарыялап, ушул эле жылы октябрда аталган уюмдун базаларын, лидерин жок кылуу максатында Ооганстанда масштабдуу операция баштаган. 2020-жылдын 29-февралында Дохада ошол кездеги президент Дональд Трамп башында турган АКШ бийлиги менен “Талибан” кыймылы тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, АКШ 2021-жылдын 1-майына карата Ооганстандан өз аскерлерин алып чыгып кетүү милдетин алган. Ал эми “Талибан” Ооганстан аймагын АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратчу аракеттер үчүн пайдаланбоого кепилдик бергени жарыяланган эле. Учурдагы АКШ президенти Жо Байден “Талибан” менен ооган армиясы өзү күрөшкүсү келбесе, АКШ аскеринин күрөшүүсү майнапсыз” деп билдирди.
“СОГУШ АЯКТАДЫ” ДЕП ЖАРЫЯЛАШТЫ
“Талибандын” Катардагы кеңсесинин расмий өкүлү Мохаммад Наим Ооганстанда узак жылдарга созулган согуш аяктады деп жарыялады. Жакын арада Ооган жеринде өлкөнү башкаруу формасы аныкталмакчы. Кайрадан Ооган Ислам Эмираттары деп расмий жарыяланары күтүлүүдө. “Талибан” лидерлери Ооганстанга мындан ары тынчтык, эркиндик жана өсүп-өнүгүү убадалап жатышат. Учурда өлкөнү өткөөл мезгилге түзүлгөн атайын Кеңеш башкарууда. Ал кеңешке өлкөнүн экс-президенти Хамид Карзай да киргизилди. 60тан ашык өлкө Ооганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү жасап, “Талибанды” качкындардын Ооганстандан коопсуз чыгып кетишине тоскоол болбоого чакырды. АКШ, Германия, Швеция, Дания, Чехия, Финляндия өңдүү өлкөлөр Ооганстандагы элчиликтерин жаап, дипломаттарын алып чыгып кетишти.
Бул арада Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех Ооган Конституциясына таянып өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялап, элди, лидерлерди талибдерге каршы күрөшүүгө чакырды.
–АКШ менен НАТОдон айырмаланып биз эркибизди жоготкон жокпуз. Каршылык көрсөтүүгө кошулгула,- деди ал.
Айрым маалыматтарда Ооганстанда жарандар талибдерге каршы митингдерге чыга баштаганы кабарланууда. Ошондой эле талибдер өздөрүнүн талаптарына баш ийбеген жарандарды өлтүрүп жатат деген да маалыматтар чыкты. Айрым эксперттер талибдер убадага турбасын тарых далилдеген деп жатышат.КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ КОЛ СУНАТ
Президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди. Ал аталган өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарын тез арада мекенине алып келүү боюнча ТИМге тапшырма бергени айтылды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз тарап Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу аталган өлкөнүн 500 студентин ЖОЖдорго кабыл алууга даяр экенин билдирди. Мындай кадамды колдогондор да, каршы чыккандар да болууда. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Качкындар маселеси боюнча башкармалыктын жетекчиси Жыпара Мамбетова Кыргызстан 1200 этникалык кыргызга качкын статусун бере аларын билдирди. Коомчулук “качкын” статусуна жамынып өлкөгө этникалык кыргыздардан башкалар - террорчулар кирип кетиши мүмкүн, бул улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат деп кооптонуп жатат.
Тышкы иштер министрлиги 17-августта Ооганды башкарып жаткандарды жалпы элдин, анын ичинде памирлик кыргыздардын укугун коргоого чакырган билдирүү жасады.
18-августка карата 23 Кыргыз жараны Ооганстандан мекенине алынып келингени маалымдалды. Мекендештерди эвакуациялоого көмөктөшкөнү үчүн Кыргыз өлкөсү Казакстан бийлигине ыраазычылык билдирди.
ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Эксперттер Ооганстандагы окуя боюнча туюк жоромол айтуу менен чектелип, конкреттүү пикир айтуудан карманып турган учур. Серепчи Алмаз Тажыбай Ооганстандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнө сөзсүз таасири тиет дейт.
– Эртең эмне болуп кетерин билбейбиз. "Талибан" кыймылы Борбор Азияга баары бир таасирин берет. Дүйнө жүзүндө мамлекеттер чогуу сүйлөшүп иш кылалы деп жатышат. "Талибан" кыймылынын бийлигин кабыл алуудан баш тартып тургула, сүйлөшүп алалы" деген чакыруулар болуп жатат,- дейт эксперт.
Эксперт Мурат Бейшенов Ооганстанда бийликке келгендер жакынкы жылдары өлкөнүн ички маселелери менен алек болуп, башка өлкөлөргө түз коркунуч жаратпайт деген пикирде.
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков “Талибандын” пландары азырынча белгисиз дейт. Азырынча дүйнөдө эч бир мамлекет булардын бийлигин тааный электигин, качкындарды кабыл алууда өлкө сак болушу керектигин эскертет Медетбеков.
Ал эми саясий серепчи Эдил Осмонбетов талибдер Ооган чек арасынан сыртка чыкпашы мүмкүн деген пикирде.
– Бир жагынан тынчсызданууга негиз бар. Алар баш аламандыкка чейин барып жатышат. Бирок тарыхты карап көрсөк, "Талибан" кыймылы эч качан өзүнүн чек арасынан өткөн жок. Алардын максаты Ооганстанда бийликти кармоо жана көзөмөл кылуу болуп эсептелет.
Бийликти алган оңой. Бирок эң оор күз-кыш мезгили жакындап калды. Алар экономикалык жактан эч нерсе жасай алышпайт - дейт серепчи.
Дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда Ооганстан. Мындан аркы кырдаалды убакыт көрсөтмөкчү. Азырынча Борбордук Азия өлкөлөрү чек ара аймактарына көзөмөлдү күчөтүүгө басым жасап, абалга байкоо салып турган учур.
Лунара Бекиева